Кирүү

Кыргыз мамлекетинин коомдук-саясий түзүлүшү

  1. Министирлер болсо кытайча "цзайсян" (жайсаң) наамы менен белгилүү болушкан. Кытай булактарына ылайык, Кыргыз мамлекетинде жети "жайсаң" болгон.
  2. Тутуктар (кытай булактарында "дуду") – жергиликтүү бийлик ээлери же болбосо башкы башкаруучулар. Уйгур каганатындагыдай эле булар дагы ири жергиликтүү башкаруу бирдиктерин (багыштарды) башкарып турушкан. Кыргыз мамлекетинде үч тутук болгон. Энисей жазма эстеликтеринде Аза Тутук аттуу каарман жөнүндө кабарлар бар. [5, с. 95].
  3. Буйруктар. (сөзмө сөз которулушу - жергиликтүү сот) – борбордук бийлик тарабынан жер жерлерге сот иштерин жүргүзүү үчүн атайын укуктар ыйгарылып жиберилген мамлекеттик кызматкерлер. Кытай булактарында аларды "чжиши" (чабармандар) деп аташат. Буйруктардын саны онго жеткен. Алар атайын сот иштерин жүргүзүүнүн камсыздандырып турушкан. Уйгур каганатын талкалагандан кийин, жеңилген жаглакар уруусунун башына Кутлуг Жарган буйрук болуп дайындалган [10, с. 85].
  4. Кытай булактарында "чжанши" аталаган, иш алып баруучулар же болбосо катчылар. Кыргыздар өздөрү аларды "ынанчу" аташы мүмкүн. Мисалы, кыргыздардын эстелик таштарында чегилген ырлардын арасында Ынанчу баатыр, мамлекет башчысы Ынанчу Билгелер эскерилет. Алар иш аткаруу жана катчылык кызматын жетектешкен. Иш аткарууну он беш киши жетектеген. Иш аткаруучулардын мындай көп санда болушу кыргыз мамлекетинде жазуунун жана жазма документтердин кеңири жайылышына жөнүндө кабар берип турат. "Синь Тан шу" берген кабарларга тайансак, Кыргыз мамлекетинде уйгур жазуусу колдонулган [3, с. 124].
  5. Чорлор же чурлар – жогорку даражалуу аскер кызматкарлери. С. Г. Кляшторныйдын изилдөөлөрүнө ылайык, аскер башчылары болгон чоролор кагандын жакынкы айланасын түзүшкөн. Мисалы, 732 ж. Күлтегин каза болгондо, аны узатуу аземине кыргыз каганынын атынан Тардуш Ыныначу Чур барган[5, с. 33]. Колбашчылар – чоролордун так саны болгон эмес. "Чур" наамы Энисей таш эстеликтериндеги жазууларында баатырлардын өз аттары катары көп кездешет. Хакас тилинде азыркыга чейин "хал чор" – анык эр же "хал батыр" – анык баатыр дегенди билдирет. "Чор" наамынын "баатыр" наамы менен бирдей колдонулушу алардын аскердик чөйрөгө таандык экендигинен кабар берип турат.
  6. Тархандар (кытай булактарында дагандар) – алым, салык жана башка төлөмдөрдү чогулткан мамлекеттик улуу кызматкерлер. Тархандардын өздөрү салыктардан эркин болушкан. Тархандардын арасында аскер башкаруучулары болгон "сангундар" киришкен. Тархандар менен сангундар туруктуу бир так санда болгон эмес. Кыргыз жазма булактарында "Шатун таркан", "Таркан сангун", "Бойла бага таркан" деген баатырлардын аттары кезигет [10, с. 59, 63, 95].

Жогорку аталган кызматкерлердин баары – жайсаңдар, тутуктар, буйруктар, чоролор жана чжишилер "аскер башкарышкан", бирок, иш жүзүндө булар аскердик башкаруу аппартында иштешкени айкын болуп турат. Е. Кычановдун пикири бойунча, тутуктардын санын астыгы жана ошол эле учурда жайсаңдардын көптүгү борбордук жана жергиликтүү бийликтердин бирин-бири толуктап тургандыгы жөнүндө кабар берип турат.

Бектердин катмарына "тох-чындар" же "тёксиндер" (көксүндөр) киришкен. Байыркы түрк мамлекеттерин башкаруу тепкичтеринде "тюксиндер" хандан кийинки үчүнчү оорунда турушкан [13, б. 596]. Кебетеси алар көктүрктөр менен болгон согуштарда кол башкарган баатырлар болушкан. Хакас элдик ооз эки чыгармачылыгында сырттан бөрүлөр менен салгылашкан Ир Токчун жөнүндөгү уламыштар кеңири таралган. Бул жерде бөрүлөр деп көк түрктөрдүн тотемин түшүнүү керек. Ир Токчун атында кыргыздардын "эр" наамын өзү эле көрүнүп турат. Энисей таш эстеликтеринин жазууларында "эр Көкшүн" [10, с. 95] наамынын кезигиши, бул наамдын кыргыздарда болгондугун далилдеп турат.

Кагандын мураскорлору - ханзаадалар "тегин" аталышкан. Тегиндер кыргыз элчилери катары Кытайга жана Тибетке барып турушкан. Тегин наамы дагы Энисей таш эстеликтеринде жоолугат [10, с. 38]. Хакас тилинде дагы тегин атынын бар экендигин белгилей кетишибиз керек. Бирок, азыркы күндө бул сөз өзүнүн карама каршы маанисине өтүп жөнөкөй адам дегенди билдирип калган.

Бектер багыштарда ээлик кылышып, ошол "багтарда" (багыштарда) – Кыргыз мамлекетинин жергиликтүү башкаруу бирдиктеринде жашаган калкты башкарып турушкан. Мисалы, кыргыз руникалык жазма булактарында мындай билдирүүлөр бар: "алты баг будунка бэгетирмин" – мен алты бөлүктүн – "багтын" (багыштын) беги элем. Божомолдо, ар бир багыштын эли 40 түтүнгө же 40 айылга бөлүнүп, бир башкаруу бирдиги катары каралган. 40 түтүн, жасак салыгын чогултууда бир бирдик катары саналышы Хонгорайда ХХ кылымга чейин сакталып калган.

Кыргызташ жазууларындагы маалыматтардан улам ар бир кыргыз бегинин жоокерчиликти кесип кылган 40 эрден турган аскер кошуну болгондугун биле алабыз. Бек эрлер үчүн ата (канг) оордунда болгон. Аскер кошундары бектердин бийлигин тайанычы болгон. Каган ордосунда бектер менен бирге болгон жана ала рдын кызыкчылыгынын көздөгөн.

Кыргыз мамлекетинин, башка көчмөн түрк мамлеке ттериндей эле, өзгөчүлүгү катары илгертеден бери келе жаткан уруучулук кууштуруунун мүнөздүү болушу. Байыркы түрк коомундагы негизги түзүлүш уруу - "ок" – "будун" – болгон. "Ок" сөзү – уруу маанисинде Сайан-Алтай элдеринде азыркыга чейин колдонулуп келет. Көчмөн цивилизациянын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу, хакастардын сөздүгүндө эмдигиче мындай деген туруктуу фразар оорун алган: теги (ох) жок адам болбойт, бычылбаган өтүк болбойт. Уул дегенди билдирген сөздөр "Ок" сөзүнөн башат алышат - "огул" жана "огыс" – баланы, уруктун мураскорун, урпагын билдирүү үчүн колдонулат.

Борбордук Азийанын көчмөн мамлекеттеринде у руулардын жана уруктардын коомдогу алган оорундары так жан өтө тыкыр такталышы мамлекеттин түзүлүшүнүн эң негизги башаты болгон. Баштабында, уруктар, бир атадан тараган каны туугандардын биримдиги болгон. Урук, бир аталык үй-бүлөөлөрдөн "арка кундардан турган". Бул сөздүн чыгышы эки сөздөн келет: арка – арка жана кун – калк, мындайча айтканда бирине бири аркалаш адамдар [Бернштам. 1946. б. 88-89]. Мындай түшүнүк, бир атадан тараган, ага киргендер бирин-бири колдоп турган, үй-бүлөө жөнүндө болгондо мүмкүн. Кебетеси "арка гшу" – деп майда экономикалык бирдиктерди түзүшкөн, көчмөн айылдарга бириккен туугандардын тобу аталса керек.

Хакас элдик ооз эки чыгармаларында " аал-күн" - айылдык адамдар аталган, айылдык коомдордун болгондугу белгиленет. Айыл-айыл болуп жашашкан кыргыз малчылары жергиликтүү бирдиктүү коомдорду түзүшкөн. Алардын турмушунун негизи — жердин бир бөлүгүнө жалпы ээ болуу, үй-бүлөөлүк жана өндүрүш байланыштары болгон.

Айылдык коомдордун тамыры Кыргыз мамлекетинин жаралыш дооруна, даңазалуу 6 —XIII кылымдарга кетээрин байыркы түрк жазуулары аныктайт. Кыргыз руникалык жазма эстеликтеринде "эл кюн" (элкун) — адамдар жана "кадаш кюн" (кадаш кун) — туугандар деген сөздөр кездешет. Белгилей кетчү нерсе, бул сөздүн экинчи курамы – "кюн" (кун) же адамдар, архаизимдер катарына өтүп, азыркы хакас тилинде өз алдынча колдонулбай калган. Бул сөз бизге байыркы түрк доорунан келип жеткен.

Кыргыз мамлекетинде ийилиштүү болгон, Сайан-Алтайдын чытырман черлеринде жашаган, энисейлик кыргыздар тарабынан экономикалык эзүүгө дуушар болушкан уруулар "кештем" аталышкан (17 кылымдагы орус документтеринде — кыштымдар).

Кыштымдар жөнүндө маалыматтар Алтайда жана Тувада оорун алган кыргыз руникалык жазма эстеликтеринде биринчи жолу 9- 9 кылымдарда пайда болгон. Мисалы, Кыргыз каганатынын тушунда Тубадагы Кемчик дайрасынын бойундагы элдер алты бөлүк (багыш) кыштымга айланышкан (алты баг кешдем). Кебетеси, кыргыздарга коңшу жашаган, кыргыздарга баш ийип, алардын башкаруу алкагына кирип калган элдер кыштым болуп кала беришкен көрүнөт.

Кытай жылнаамачылары бойунча, 9 кылымда кыргыздардын түндүгүндөгү коңшуларын ын түштүк-батышында "бома" — ала аттардын өлкөсүндө, "кешинян" или "кэшидян" урпактары жашаган. Алар жыл сайын, өз улуктарына кундуз, суусар, тыйын чычкан ж.б. баалу аң терилеринен алым төлөп турушкан. Кебетеси, "кешидян" уруулары Түндүк Алтай аймактарында жашашса керек. Кыргыз бектери алардын алым алып турушкан жана аларды чарба иштерине колдонушкан. Тан булактары билдиргендей, кыргыздар Чыгыш Сайандын чер коктуларында жашаган Дубо, Милиге, Эчжи уруусундагы кыштымдарды "кармашат жана жумушка колдонушат".

Кыштым элинин "гешдум" айтылышында, 9 кылымдагы Борбордук Азиянын түндүк чектериндеги мамлекеттер жөнүндө уйгурдун беш элчисинин айткандарынан жазылып калган байыркы тибет документтеринде кезигет. Бул жерде, уйгурлардын мурунку түндүк коңшусу болгон Кыргыз мамлекетинин ийилиштүү элдери жөнүндө сөз болуп жаткандыгы калетсиз [14,

169-170 б.].

982-983 жж. жазылган а раб тилиндеги "Худуд ал-алам" жер таануу эмгегинде тогуз-огуздардан жана карлуктардан түндүгүрөөк жагында, түндүктүн адам жашабас өлкөлөрүнүн чегинде кыргыз жерлери жайгашканы белгиленген. Өлкөнүн негизги калкынан бөлөк, алардын чыгыш тарабында "кури" эли, ал эми батышында — "кесим" же "кыштымдар" жашаган. Кесим (Кестим) — "хырхыздардан чыккан бөлөк эл, (алар) тоолордун боорлорунда чатырларда жашашат, аң-терилерди, хутунун (мамонттун) мүйүзүн (азуусун), кайберендин жыпарын чогултушат. Буларкыргыздынбир эли, алардын тили халлухтарга жакын, а кийимдери болсо кымактарга окшош [2, 48 б.]. Мурун кыргыздар басып алган жерлердин көз каранды элдери болгон кыштым уруулары, Х кылымда Кыргыз мамлекетинин чет жакаларындагы жалпы эмгекчи катмарга биригиши толук мүмкүн.

Негизинен , кыштымчылык алым төлөөчү коомдук түзүлүш катары, башында, басып алган элдерди баш ийдирүү үчүн колдонулган этникалык-коомдук эзүүнүн негизинде өсүп чыккан өзгөчө көрүнүш. Бул көрүнүш кыргыз мамлекетинин түпкүрүндө жаралган жана баштапкы феодалдык эзүү ыкмасы.

Жазма булактардан алынып к елтирилген фактылардын негизинде, "кыштым" (кештем) аталышы башатында кыргыздар каратып алган элдердин биринин кана аты болгон деген тыйанак ой өзүнөн өзү келип турат. Тарыхта мындай мисалдар көп эле кезигет. Мисалы, моңголдор "хитад" деп кытайларды кана эмес, ошондой эле кулдарды да аташкан.

"Кештем" — "кистим" — "искитим" терминин фонетикалык айтылышына тайанып, кыштым коомдук көрүнүшү, кыргыздар каратып алган скиф урууларынын биринин атынан чыккан деген божомол курууга болот, анткени түрк тилинде скифтер "искит" термини менен берилген (баштапкысы "сакаит"). Кыйыр жоромолдун негизи катары хакас тилинде ак-сөөктөр — "искеттiглер" — искетти барлар деп аталышын эске алсак болот. Кадыры жок адамдарды "исхед чох" — искети жок дегенди билдиришин келтирсе дагы болот. "Искет" сөзү аркылуу биз "искетем - кестем" терминдеринин баштапкы калыбын жоолуктуруп отурушубуз толук мүмкүн. Биздин сөздөрүбүзгө хакастын "хыргынныг" (хыргынныг) термини далил болуп бере алат. "Хыргынныг" — чоң бай (хыргыны бар) — бул жерде "хыргын" байыркы түрк сөзү болгон "кыркынга" — күңгө барып такалат. Акыркы сөз "күңү бар" бай дегенди түшүндүрүп калат жана аны "искетiглер" сөзү менен салыштырып караганга мүмкүнчүлүк берет. Мындай ой жүгүртүүлөр туура болуп чыкса, анда, көргөзүлгөн коомдук-этникалык эзүү калыбынын түзүлүшү, андан да байыркы заманга, энисей кыргыздарынын түпкү аталары (гянгундар) гунндар менен бирге Түштүк Сибирди көздөй жылышып, жолдо скиф урууларын каратып алган доорго туура келет.

Кыргыз мамлекетинде алымдар жана салыктар табигый түрүндө жыйналган. "Жасакчылар (жазык?) алымды суусар жана тыйын чычкан менен төлөшөт" – дейт кытай булактары. Руникалык жазма эстеликтерде "йака" – төлөм, сыйлык деген сөз кезигет. Хакастар жасак алымына төлөнүүчү аң терилеринин бир буумун "чага" (жака? Жакага такккан кундузум) (баштапкы байыркы түрк тилиндеги "й" хакас тилинин өнүгүү жолунда "ч" өтүп кеткен) аташкан. Биздин көз карашыбызда, бул түшүнүк Кыргыз мамлекетинен доорунан калган.

Кыргыздардамамлекеттик мыйзам-заңдарынын негизин түзгөн "төрө" аталган адат укугу болгон. "Төрө" мыйзамы көчмөн мамлекеттин жана коомдун өнүгүү жолундагы негизги багыттарды аныктаган, жол көргөзгөн жылдыз катары колдонулган. Ал эл менен улуктардын мамилесин аныктаган. Кыргыз бектеринин биринин эстелигинде мындай насаат оорун алган : "Кара калк, тырышчаак бол! Элдин айтканын бузба!".

Ар бир жаңы хан, өзүнүн башкаруусун "төрө" заңын таануудан баштаган. Ушундай эле тартип кийин Хонгоройдо да орногон. Хакас этнографиясынын маалыматтарына ылайык, Хакасийанын талаа кеңештеринин башлыктары кызматка киришип жатып, мындай деп ант беришчү: "ылайым, талаа мыйзамы менин тартибим болсун, ылайым, ал эмки муундарга жетсин! Кызматтан кетип жатып бектер мындай дешкен: Ылайым, жогорку мыйзам бекем болсун! Ылайым, (башчынын) сыйлуу оорунда толтура казына болсун!" Башлыктар бүт болгон күчүн талаа мыйзамынан башат алган иштерди коргоого жана колдоого үрөшкөн [15, с. 13]. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, бул хакас тилинде "төрө" деп падышанын бийлигинин жана мамлекеттин мыйзамдарынын белгиси болгон башындагы таажысын аташат. "Төрө" сөзүнүн төркүнү байыркы түрк тилинен келген "торi" – төрөө, жаратуу этишинен болушу ыктымал. Эгер мындай божомол туура болсо, анда бул сөздүн баштапкы мааниси табигый мыйзам, жаралгандан орнотулган тартип же м. а. жараткандын эрки деген түшүнүктү берсе керек.

Кыргыздардын адат укугу курман болгон тууганы үчүн кун кууганга жол берет. Хакас тилинде эмдигиче чейин мындай сөздөр сакталып калган: "жаздык башка жазданганга, төшөк төшөнгөнгө", м.а. куну куулган адам, тиги дүйнөдө кункорун төшөнүп жатат. Мындай адат тууган-уруучул коомдо жаралган жана Борбордук Азийанын көптөгөн көчмөн коомдоруна таандык болгон. Мисалы, 1240 ж. "Моңголдордун Ыйык дастанында" мындай делинет: "Өлсөм дагы, (душманымдын сөөгүн) жаздана жатайын" [16, 4 б.].

мамлекетинде кылмыш укугунун дагы баштапкы негиздери болгон. Элдик ооз-эки чыгармачылыкта, хакастардын ата-бабалары кыргыз кезинде, алардын татаалдашкан сот жүргүзүү системасы болгондугун айтылат. Жогорку Сот иштерин "ал-бот" наамын алып жүргөн башкы сот жүргүзгөн. Бул сөздүн төркүнү байыркы түрк тилиндеги, баатыр, балбан маанисин берген "алпагут" сөзүнө кетет жана бул сөздүн уңгусу "алп" – баатыр менен бир.

Кылмыштуулуктун алдын алыш үчүн байыркы түрк хандары атайын "сюмзюк"(cmvpmr) аталган узун кулактарды кызматка алышкан. Алар дайардалып жаткан кылмыштар жөнүндө берген маалыматтары үчүн акы алып турушкан. Мисалы, салыкчы "сюмзюктун" кыргыз беги Апрай жайсаңдын уулу эркиндикти каалаган ырларды ырдап жүргөндүгүн жеткиргени бойунча монгол ханы аны сотко тарткан.

Кытай жылнаамачылары мындайча кабар беришет: "Алардын мыйзамдары абдан катаал. Согуш алдында коркооктук кылган, элчилик кызматын аткара албаган, ханга туура эмес кеңеш берген, ошондой эле ууру кылган адамдар башын алуу жолу менен өлүм жазасына тартылат. Эгерде ууру кылган адамдын атасы бар болсо, анын башын атасынын мойнуна илип койушат жана ал аны өлгөнчө көтөрүп жүргөнгө милдеттүү " [6, 353 б.]. Ушундан көрүнгөндөй, оор кылмыш кылгандар өлүм жазасына тартылышкан. Сот чечимдери адат укугунун негизинде жүргүзүлгөн.

Кыргыз мамлекети, башкаруу органдарына уруучулук мүнөздүү, салык системасы жетиштүү өнүкпөгөн, сот аппаратынын башаттары бар жана адат укугунун негизинде башкарылган баштапкы феодалдык сайасый коом болгон. 13 к. моңголдор басып алгычакты, кыргыз мамлекети өз алдынча эркин мамлекет болуп, Азийанын бөлөк мамлекеттери, анын ичине Кытай империясы менен тышкы сайасый карым катнаштарды түзүп турган. Мамлекеттик түзүлүштөрүн башкаруу "төрө" мыйзамдарынын негизинде жана ага болгон башкаруучулардын колдоосу аркылуу жүргүзүлгөн. Бул доордо кийинки мезгилдерде дагы сакталып калган Кыргыз мамлекетинин башкаруу түзүлүшү түптөлгөн.

В. Я. БУТАНАЕВ

Ой-пикирлер