Кирүү

Кыргыз макалдары. Темир - отто, киши - жокто чыңалат

Темир - отто, киши - жокто чыңалат.
Темир кессең кыска кес, жыгач кессең узун кес.
Темирди дат жейт, жүрөктү дарт жейт.
Темирди кызуусунда сок.
Темирди кызыганда сок.
Темирди ысыгында сок, кепти кызуусунда сок.
Темирдин бир башы ысык, бир башы суук.
Темирдин кадырын уста билет.
Темирдин курчунан эмес, сугарган суусунан.
Темирдин эки башы да ысык.
Темирчи көмүрчү менен дос, өтүкчү наалчы менен дос.
Темирчи көмүрчүгө үйүр.
Темирчинин балтасы жок, жыгашчынын тубагы жок.
Темирчинин бычагы жок.
Темирчинин колунда катуутемир ыйман айтат.
Тентек молдо - телмирген өгүз.
Тентек чокмор жыйнайт.
Тентекке санат болбосо, журт ырааты бузулат.
Тентектик - кудаанын жолунан чыгуу.
Тер агызбай арамдан аш жебегин.
Тер агызган тергенди адал дейт.
Тер көтөрбөй, күлүк болбойт.
Терең дарыя тынч агат, акылдуу киши тынч айтат.
Теректей бой бергиче, теменедей акыл бер.
Теректей бой бергиче, теменедей акыл берсин.
Теректей бойдон, теменедей акыл артык.
Теректен шаптоол тилебе.
Теректин башы тыт болот, жаман киши кырс болот, Каарына алганда жайдын күнү жут болот.
Тери тондун ичинде тердесин жигит, өлбөсүн.
Терини ашата албаган жыдытат, сүттү сактай албаган иритет.
Терс угулган сөздүн жообу да терс.
Тетиги жигит кыз көрөт, ал жигитти ким көрөт.
Тетикке бар, термелгенге жок.
Тетири болсо кыялың, тартарсың зыянын.
Тешик (же көздүү) мончок жерде калбайт.
Тешик аякка жакшы аш берилет.
Тешик мончок жерде жатпас, жерде жатса бекер калбас.
Тешик ооз тек турбайт.
Тешик ооз тешик ооздон калбаптыр.
Тешик ооз тим турабы? (же тек турабы?).
Тиги дүйнөнүн бейишинен бул дүйнөнүн кейиши артык.
Тиешелүү сөз келсе айта албаган дөдөйлүк.
Тизе бүгүп жашынгыча тик туруп олгон жакшы.
Тизе жерге тийсе, бет кара болот.
Тизелеп жашаганча, тик туруп олгон жакшы (артык).
Тизелсшксндин тизесин бук, бслдсшкендин бслип бук.
Тийбегенге сүйкөнбө.
Тийбегенге тийишпе.
Тийген болсо тилин айт, күнөөсү болсо билип айт.
ийип туруп жааган күндөн түңүл, күлүп туруп сүйлөгөн кишиден түңүл.
Тийсе аякка, тийбесе таякка.
Тикен болуп бутка киргенче, гүл болуп чекеге кысыл.
Тикенди түбүнөн үз.
Тикендүү дарак чыт болот, жалкоо адам бит болот.
Тикенексиз гүл болбойт, тик айтылбас тил болбойт. (Жалбыраксыз гүл болбойт, тикенексиз тил болбойт).
Тиккен бак өнбөй калбайт, эр жигит жакшылыкты көрбөй калбайт.
Тил - душман, акыл - дос, тиш - коргон.
Тил - жүрөктүн ачкычы.
Тил - көргө чейин түшүрөт, көккө чейин чыгарат.
Тил - менин тууганым, тил - менин душманым.
Тил - ойдун сандыгы.
Тил - топчусуз, ооз - ачкычсыз.
Тилазар - тилге кирбейт, тилинен өлөөрүн билбейт.
Тил акыйкатты табат.
Тил - акыл талаасы (же акылдын жарчысы).
Тил - акыл таразасы.
Тил - акылдын жарчысы.
Тил албаган жаманга, акыл сөздөн муш жакшы.
Тил албаган уулуң - бел ашпаган арыктай.
Тил албасты жумшаганча, тына-тыщ өзүң бар.
Тил астынан тил издегенден без (кач).
Тил ачуусу шакардай.
Тил ачуусу шакардай.
Тил башть1 багат.
Тил баш жарат, жел таш жарат.
Тил билги жүйөөкөч, кол ийиктен элпек.
Тил көргө чейин түшүрөт, көккө чейин чыгарат.
Тил - курсак тойгузат.
Тил - кылычтан да өткүр, адамды адам кьшат, аша чапса, жаман кылат.
Тил менен тикенди да аласың.
Тил менен тирүү адамды да өлтүрүүгө болот.
Тил - ойдун сандыгы.
Тил ооруткан дос эмес.
Тил - таш (ты да) жарат, Таш жарбаса, баш жарат. (Тил баш жарат, жел таш жарат).
Тилде сөөк жок, айбанда акыл жок.
Тилде сөөк жок, не дебейт, айбанда (итте) акыл жок, не жебейт.
Тилден бал да тамат, уу да тамат.
Тилден жыгылганча буттан жыгыл.
Тилден келген, колдон келсин.
Тилден кыйын жоо жок, кыздан кыйын доо жок.
Тилди бош койсо (зрк берсе) тишти сындыраг.
Тилди гил кесет.

Ой-пикирлер