Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Жөө кубалашуу, Жоолук таштамай, Жүгүрүшүү

Кыргыз эл оюндары. Жөө кубалашуу

Оюнчулардын саны 4—10 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер, аянтча, талаа, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу. Катышуучулар экиден болушуп, катарга турушуп оюндун шарты, кезеги, оюн өткөрүлүүчү аралык жөнүндө сүйлөшүп алышат. Оюнчулардын теңи "аттар" теңи "атчандар" болуп эсептелинет.

Оюндун баяны. "Атчандар" аттарына минишип бир бирин белгиленген аралыкта кубалашып жетүүгө аракеттенишет. Андан кийин оюнчулар ролдору менен алмашышып оюнду улантышышат. Атаандаштарына жеткирбеген оюнчулар жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Бир бирин түртүп, тартып жыгылтууга, тоскоолдук кылууга болбойт.

Жоолук таштамай

Оюнчулардын саны 10—20 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер; аянтча, талаа, спорттук бөлмө.

Оюнда колдонулуучу каражат — жоолук,

Оюнга даярдануу. Жетекчи шайланат да, калган оюнчулар тегерек болуп отурушат. Оюн жетекчиси жоолукту ороп алып тегеректин сыртында турат.

Оюндун баяны. Жетекчи отургандардын артынан айланып басып жүрүп жоолукту билдирбей бирөөнүн артына таштап салып, айланып жүрүүсүн уланта берет. Эгерде артына таштаган жоолукту отурган оюнчу байкабай калса, жетекчи кайрадан келип жоолукту алып, байкабай калган кишинин жонуна жоолук менен ура баштайт. "Таяк" жеген оюнчу отургандардын артынан тегеренип жүгүрүп качып, кайрадан өз ордуна келип отурууга шашат. Эгерде качкан оюнчу жетекчиге жеткирбей жана урдурбай качып келип ордуна кайрадан отурса, оюн жетекчиси өз ордунда калып, оюнду улантат. Эгерде жетекчи качканды кубалап жетсе, алар ролдору менен алмашышып оюн кайрадан башталат. Эгерде артына ташталган жоолукту отурган оюнчу байкап калса, ал жоолукту тез алып жетекчини кубалап жетип, жоолук менен жонуна урууга аракеттенет. Оюн жетекчиси болсо ага жеткирбей айланып качып бошОюн орунга келип отурууга аракеттенет. Жетекчи, кубалаган оюнчудан кача албай калса кайрадан өз ордунда калат. Жеткирбей качса, кубалаган оюнчу, оюн жетекчисин ордуна калып оюнду кайрадан баштайт. Токмок жебей өз ордуна келип отурган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Катышуучулар баштарын артка буруп кароого, бир бирине айтууга, оюн жетекчисине качып бараткан оюнчулардын баштарын, беттерине урууга жана өтө катуу урууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Айтып койгон оюнчулар көзексиз оюн жетекчисинин ролун аткарат, Оюнчулар буттары менен малдаш куруп отуруп, анда-санда арт жактарын колдору менен сыйпалап коюуга болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, жүгүрүү ыкмаларын бир нерсеге көңүл коюуга, байкоого үйрөтөт.

Жүгүрүшүү

Оюнчулардын саны 5—15 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, спорттук бөлмө, жол.

Оюнга даярдануу, Жетекчи шайланат, калгандары бир катар болуп турушкандан кийин, оюн өткөрүлүүчү аралык, шарты тууралу сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Жетекчинин буйругу боюнча, оюнчулар жүгүрүшүп, белгиленген аралыктан тез өтүүгө аракеттенишет. Оюн 2—10 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага көп жолу биринчи келген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү, Дөңгө жүгүрүп чыгуу, дөңдөн жүгүрүп түшүү, кум үстүндө жүгүрүү, карда жүгүрүү, сууда жүгүрүү, суунун агымына каршы жүгүрүү, айдалган жерде жүгүрүү, чөптө жүгүрүү, чаң жолдо жүгүрүү, өңгүл-дөңгүл жерлерде жүгүрүү, тегеренип жүгүрүү ж. б.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда жүгүрүүнү баштоого, бир бирине тоскоолдук кылууга, аралыкты толук өтпөй коюуга болбойт.

Ой-пикирлер