Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Жаңгак атмай, жаңгак чертмей

Жаңгак атмай

Оюнчулардын саны 2—6 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Жаңгактар.

Даярдануу. Оюнчулар бирден жаңгактарын, катарга тизишип, жаңгак атчу аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, белгиленген аралыктан бирден жаңгактарын коюп турушуп, тизилген жаңгактарга тийгизе атууга аракеттенишет, Эгерде атылган жаңгак, сызыктагы жаңгактардын бирөөсүнө тийсе, ал жаңгакты утуп алат, утулган жаңгактын ээси сызыкка кайрадан жаңгагын койгондон кийин, ошол эле оюнчу аракетин жыдыганча (жаңылгыча) улантат. Эгерде атылган жаңгак тийбесе, оюндун кезеги башкага өтөт. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Кеп сандагы жаңгактарды утуп алган оюнчу жеңет.

Оюндун башка түрлөрү: сака атмай, чүкө атмай, таш атмай,

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, себепсиз жаңгактарга тийүүгө, жыдыгандан кийин аракетти кайрадан көзексиз улантууга тыюу салынат.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза болушу керек. Ыргытылган жаңгак сызыктагы жаңгактарга таамай тийсе эсеп болот. Башка буюмдарга тийип, тоголонуп барып тийсе, эсепке кирбейт.

Оюндун педагогикалык мааниси, Күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, туура болжолдоого, чындыкка, тартипти сактоого үйрөтөт.

Оюнчулардын саны 2—6 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда жаңгактар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Катышуучулардын адегенде экөө оюнга чыгат. Бирден жаңгактарын бир бириккен 1 метрдей аралыкка коюшуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Ар бир оюнчу өзүнүн жаңгагын чертип, шеригинин жааганына тийгизүүгө тиш. Эгерде чертилген жаңгак, атаандашып жаңгагына тийсе, ал жаңгакты утуп алат. Утулган жаңгактын ээсги, кайрадан жерге жаңгагын койгондон кийин, оюнду жаңгакты уткан оюнчу улантат. Эгерде чертилген жаңгак, тийбей калса оюндун кезеги анын атаандашына өтөт. Ошентип оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп жаңгакты уткан оюнчу уткан болот.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, себепсиз жаңгактарга тийүүгө, жыдыгандан кийин, оюнду көзексиз улантууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда манжалардын күчү, ийилчээктеги тарбияланат, чындыкка үйрөтөт.

Жаңгак чертмей

Оюнчулардын саны 2—5 киши.,

Оюн кумдуу келген көлдүн жээгинде өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Казыктар, чакаң .таштар.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар казыктарын бир бирине жакын кылып жерге коомай ыргытышып, өздөрү 10—15 м. аралыкта бир катарга тизилишет. .Оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат,

Оюндун баяны. Катышуучулар кезектери келген де, чакан таштар менен коомай кагылган казыктарды уруп жыгылтуу керек. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Казыктарды көп жолу уруп жыгылткан оюнчу жеңет.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун шартын, кезегин бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктик тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Ой-пикирлер