Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Мергенчи, мөмөнү уруп түшүрүү, найза ыргытмай

Мергенчи

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда чакан таштар, бута колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар бутаны тургузушкандан кийин, андан 15—20 м. аралыкта чакан таштарын алышып бир катар болушуп турушкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден чакан таштарды бутага ыргытышып тийгизүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп жолу бутага чакан таштарын ыргытып тийгизген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Оюнчулар бир бирине жакын турууга, бутанын жанында болууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, көздөөгө үйрөтөт.

Мөмөнү уруп түшүрүү

Оюнчулардын саны 2—3 киши.

Оюн бакта өткөрүлөт.

Оюнда таякчалар кесек топурак, чакан таштар.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар уруп түшүрө турган мөмөнү белгилешип алышкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден белгилешкен мөмөнү көзек менен уруп түшүрүүгө аракеттенишет, Урулуп түшүрүлгөн мөмө, уруп түшүргөн оюнчунуку болот. Андан кийин, оюнчулар башка мөмө белгилешип оюнду улантышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көк жолу мөмөлөрдү уруп түшүргөн оюнчу, оюндун жеаүүчүсү болот.

Оюндун дагы бир башка түрү. Мөмө күүбү.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга, дарактын түбүңдө турууга болбойт,

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, көздөөгө, тартипти сактоого үйрөтөт.

Найза ыргытмай

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт,

Оюнда жыгачтан жасалган найзалар колдонулат.

Оюнга даярдануу, Узундугу 15—20 м., ээни2—3 м. келген өткөөл (коридор) жана өткөөлдүн акырына сызык сызылат. Андан кийин оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны, Оюнчулар кезектери келгенде, бирден колдоруна найзаларын алышып, өткөөлдө бир аз күүлөнүп жүгүрүшкөндөн кийин, туурасынан сызылган сызыкты тепсебей туруп "найзаларын" алыстыкка ыргытышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. "Найзаны алыстыкка ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү. Бакан ыргытмай, уук ыргыт май, күрөк ыргытмай, илип ыргытмай.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, талаада турууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Ой-пикирлер