Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Кыл аркан салмай, Кыйык атуу, Мангел менен уруу

Кыл аркан салмай

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда чүкөлөр колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар кыл аркан салуу үчүн дарактын бутагын, казыкты, ташты тандашып алышкандан кийин, аркандын илмек жагын чыканакка ороп, бош жагын учун кармашып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден аркандын чыканакта оролгон жагын бир колу менен кармап, бир канча жолу кыймылдаткандан кийин, шилтешип, бутакты көздөй ыргытышат. Аркан илмеги бутакка илингенден кийин, экинчи учун тартышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Арканды көп жолу ыргытып бутакка илген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Жөө баратып аркан салмай, жүгүрүп баратып аркан салмай, атта баратып аркан салмай.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч тарбияланат, колдор менен кыймылдарды так аткарууга, аралыкты туура чамалоого үйрөтөт.

Кыйык атуу

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, талаада, стадиондо өткөрүлөт.

Оюнда жаа, жаанын октору, жип колдонулат.

Оюнга даярдануу. Кыйык илингенден кийин, жаа атчу аралык белгиленет. Андан кийин оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден жаа менен кыйыкка атышып тийгизүүгө аракеттенишет. Оюк, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу жаа атып кайыкка тийгизген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, кыйыкка жакын турууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн эл жок жерде өткөрүлүшү керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч тарбияланат, жаа атууну, кол менен кыймылдарды так аткарууга, мергенчиликке үйрөтөт.

Мангел менен уруу

Оюнчулардын саны 2—4 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Орок, аркан.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар бирден чыбыктарды тикесинен коюшуп андан 10—15 м. аралыкка барышып бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден мангелдерин ыргытышып, чыбыкты жыга коюуга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Мангелди ыргытып, чыбыкты жыккан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, чыбыктардын жанында турууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, аралыкты туура чамалап аныктоого үйрөтөт.

Ой-пикирлер