Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Карышкыр оюн, Койчу жана карышкыр, Кол кармашышып жүгүрүшүү

Карышкыр оюн

Оюнчулардын саны 8—16 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Чапан, күрмө, тон.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар сырткы кийимдерин чечишип, аларды бүктөп, короодогу койлордой кылып катар коюшкандан кийин эки топко бөлүнүшөт. Андан кийин оюнчулардын макулдашуусу боюнча биринчи топтогулар "койчу", экинчилер "карышкырдын" ролунда болушат.

Оюндун баяны. "Карышкырлар" билдирбей келишип бир же бир канча "койлорду" уурдап көтүүгө аракеттенишет. "Койчулар" "карышкырларды" кубалашып, аларды баш кийимдери менен уруп алганга аракеттенишет. Кармалган "карышкырлар" "койлорго" кошулат. Оюн "карышкырлар" же "койлор" калбай калгыча ойнолот. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. "Карышкырлар" же "койчулардын" ролун жакшы аткарган оюнчулардын тобу жеңишет.

Оюндун эрежеси. Кармалган "карышкырларга" кайрадан оюнга кирүүгө, чурулдоого, бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күчтүүлүккө, ылдамдыкка тарбиялап, бир нерсеге көңүл коюуга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Койчу жана карышкыр

Оюнчулардын саны 5—15 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу. "Койчу" жана "карышкыр" шайланат, калган оюнчулар "койлор" болот. Оюн өткөрүлүүчү жер белгиленет. Оюн өткөрүлүүчү жердин бир жагына "койчу", экинчи жагына "карышкыр", оюн өткөрүлүүчү жерде "койлор" жайланат жана аянтчадан 15—20 м аралыкта "кой короо" сызылат.

Оюндун баяны. "Карышкыр" оюн өткөрүлүүчү. жердин бир жагында байкатпаска аракет кылып чо чоюп басып жүрөт. Ал эми "койлор" аянтчанын ортосунда жайылып оттошот. "Койчу" аянттын экинчи четинде. Аңдып турган "карышкыр" байкатбай чуркап жетип "койлордун" бирөөсүн же бир канчасын кармоого аракеттенет. "Койлор" "кой короого" качышат, "койчу" болсо "койлорду" карышкырдан сактап калууга аракеттенет. "Карышкырга" кармалганы "карышкырдын" ролун аткарат. "Карышкыр — койлорго кошулуп, оюн кайрадан башталат. Эгерде "койчу", "карышкырды" кармап алса, оюнчулар ролдору менен алмашышпайт. Оюн каалаган убакытка чейин боло бериши мүмкүн. Көп жолу "карышкырларды" туткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. "Койчуга", "карышкырдан" мурда аянтчага кирүүгө "карышкырга" "койлорду", "кой короонун" ичинде кармоого, "койлорго" белгиленген аянтчадан чыгууга, "койчуга" жана "карышкырга" айтып коюуга, жардам берүүгө болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө.. Оюн тегиз, ыңгайлуу жерде, кечинде өткөрүлсө талапка ылайык.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, бир нерсеге көңүл коюуга, байкоого үйрөнөт.

Кол кармашышып жүгүрүшүү

Оюнчулардын саны 10—15 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө, стадион, талаа.

Оюнга даярдануу. Жетекчи шайланат, калган оюнчулар экиден болушуп, бир биринин колдорун кармашышып, катар болуп турушуп, оюн өткөрүлүүчү аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюн жетекчисинин буйругу боюнча, оюнчулар шериктери менен кол кармашышып жүгүрүшөт. Оюн оюнчулардын каалоосу боюнча 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага кол кармашышып биринчи келген оюнчулар, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү. Кол кармашышып секиришип жарышуу.

Оюндун эрежеси. Кармашкан колдорду коё берүүгө, аралыктан шериксиз жалгыз жана толук өтпөй коюуга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын саны кеп болуп, аянтча кичине болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык тарбияланат, бир бирине жардам берүүгө, биримдикке үйрөтөт.

Ой-пикирлер