Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Дөңгө секирип чыгуу, Жардан секирип түшүү, Коён секириш

Дөңгө секирип чыгуу

Оюнчулардын саны 4—8 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: дөңдү жер, дөбө.

Оюнга даярдануу. Оюн өткөрүлүүчү дөбөнү тандап алышып, оюн башталгач жана мара сызылгандан кийин, оюн башталгыч сызыкта бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча баары дөңгө секиришип чыгууга аракеттенишет. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага кеп жолу биринчи болуп келген оюнчу, жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрү. Дөңдөн секирип түшүү.

Оюндун эрежеси, Буйруктан мурда аракеттенүүгө, бир бирине тоскоолдук кылууга, марага жетпей аракетти токтотууга болбойт,

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык тарбияланат, секирүүнүн, дөңгө чыгуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Жардан секирип түшүү

Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: жер.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар жарга жакын жерге бир катар болуп турушуп шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден жардан секирип түшүшүп кайрадан өз ордуларына турушат. Оюн 8—10 жолу кайталанышы мүмкүн. Аз убакытта жардан секирип түшүп, өз ордуна келген оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, жардын түбүнө турууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Секирип түшчү жер жумшак жана тоскоол кылчу буюмдарсыз болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнду күч, ылдамдык, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, секирүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Коён секириш

Оюнчулардын саны 5—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар бир катар болуп турушкан соң шарты, кезеги жана оюи өткөрүлүүчү аралык жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Катышуучулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча оюнчулар эки чыканагын бооруна алып, катуу кысып, манжаларын төмөн салаңдатып, коёнго окшоп, бириктирген эки буту менен секирип, белгиленген аралыктан бат өтүүгө тийиш. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келген оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда аракетти баштоого, жүгүрүүгө, аралыкты толук секирип өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Буттардын булчуңдарын жумшарып, жакшылап, кыймылдатып алган соң киришсе болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч тарбияланат, буттар менен түртүнүүгө, секирип жүрүүгө, максатка жетүүгө үйрөтөт.

Кичинекей тегеректеп чыгууга, бир бирине тоскоолдук

кылууга болбойт.

Ой-пикирлер