Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Бут менен ташты баштан ары артка ыргытуу, бычак атмай, жаа атуу

Бут менен ташты баштан ары артка ыргытуу

Оюнчуларды саны 2—3 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таштар колдонот.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар, оюнда колдонуучу ташты тандашып алышкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден ташты тамандарынын үстүнө коюшуп, буттарын шилтешип, ташты баштан ары артка алыстыкка ыргытууга аракеттенишет. Таш түшкөн жерлер белгиленип коюлат. Оюн оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Бут менен ташты баштан артка алыстыкка ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, жакын жана аянтчада турууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээк тикке тарбияланат.

Бычак атмай

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда бычактар, бута колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар бутаны тургузушкандан кийин, бычак атчу аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден бычактарын белгиленген жерден бутаны көздөй ыргытат. Оюн оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Бутага бычакты так ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюнга окшош түрү. Шиш атмай.

Оюндун эрежеси, Көзектеги оюнчуга жакын турууга, талаада жүрүүгө, бутага оюн убагында барууга, бычакты бутадан башка жакка ыргытууга бир бирине тоскоолдук кылууга, бир убакытта, ашык оюнчуга, бычак ыргытууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер адамдар жашашкан жана алар чогулган жерден сырткары болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Жаа атуу

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа.

Оюнда колдонулуучу аспаптар. Жаа, жаанын октору, бута.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар өздөрүнө жаа, октор жана бута даярдашат. Бутаны тургузушкандан кийин, жааны атчу аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден жаа атышып бутага тийгизүүгө аракеттенишет. Оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Бутага таамай тийгизгени, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Бутага жакын турууга, бутадан башка жакты көздөй атууга, оюндун кезегин бузууга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси, Оюнда күч, ийилчээк тикке тарбияланат, жаа атуунун ыкмаларын болжолдоого, аралыктарды туура аныктоого, эмгектенүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Ой-пикирлер