Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Беш таштарды ыргытып уяга түшүрмөй, бийиктикке ыргытылган ташты төш менен тосуп алуу, бийиктикке ыргытылган таякты, таяк менен уруп түшүрүү

Беш таштарды ыргытып уяга түшүрмөй

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда чакан-чакан келген жумуру таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар кичинекей чуңкур казышат, андан 4—5 кадам аралыкка таштарды ыргытчу сызык сызылат. Андан кийин оюндун шарты гана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, колдоруна бештен чакан таштарды алышып, сызылган сызыкты тепсешпей турушуп ыргытып уяга түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу таштарды ыргытып уяга түшүргөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Таштарды сызыктан өтүп таштоого, бир бирине тоскоолдук кылууга, уяга бештен ашык таштарды ыргытууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Таштардын көлөмү бирдей болушу керек. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюн кыймылдарды так аткарууга аралыкты аныктоого, аракетин эсептөөгө, тартипти сактоого үйрөтөт.

Бийиктикке ыргытылган ташты төш менен тосуп алуу

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар оордугу 1—2 кг, келчү тоголок ташты тандашып алышып, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден ташты 1—1,5 метр бийиктикке ыргытышып, кайра жерге түшүп жатканда төштөрү менен тосуп алганы аракеттенишет. Оюн оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Бийиктикке ыргытылган ташты төшү менен тосуп алып жерге түшүрбөгөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү. Бийиктикке ыргытылган ташты моюн менен тосуп алуу.

Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, жакын турууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнга денени жакшылап кызыткандан кийин киришсе болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, шамдагайлыкка тарбияланат, чыдамкайлыкка үйрөтөт, денени чыңалтат.

Бийиктикке ыргытылган таякты, таяк менен уруп түшүрүү

Оюнчулардын саны 2—6 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: талаа. Оюнда колдонуучу аспаптар. Узундугу 1 м. келген таяктар.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар экиден болуп турушуп оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери менен бири бийиктикке ыргыткан таякты, экинчиси каптал жактан уруп. түшүргөнү аракеттенишет. Андан кийин оюнчулар кезеги менен алмашышып оюнду кайрадан башташат. Оюн оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу бийиктикке ыргытылган таякты, таяк менен уруп түшүргөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка ушу сымал түрү. Бийиктикке ыргыткан көзекти, кезеги менен уруп түшүрүү, бийиктикке ыргыткан ташты таш менен уруп түшүрүү, бийиктикке ыргытылган буюмду, жаа менен атып түшүрүү.

Оюндун эрежеси. Башка оюнчуларга, оюн өткөрүлүүчү жерде турууга, жүрүүгө, таякты төмөн, катуу төздикте ыргытууга, бир-бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн эл чогулган жерден сырткары өткөрүлүшү керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, ыргытуунун ыкмаларын, төздикти, аралыкты аныктоого үйрөтөт.

Ой-пикирлер