Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Басуу, Кыз куумай, Из туурамай

Басуу
Оюнчулардын саны 5—15 киши. Оюнга даярдануу: Жетекчи шайланат да, калган оюнчулар бир катар болуп турушкандан кийин оюн өткөрүлүүчү аралык, шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Жетекчисинин буйругу боюнча катышуучулар белгиленген аралыктан жөө басып тез өтүүгө аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келгени оюндун жеңүүчүсү болуп эсептелинет.

Оюндун башка дагы түрлөрү. Таяк таянып басуу, таякты желкеге коюп басуу, таякты белге коюп басуу, дөңгө басып чыгуу, дөңгө басып түшүү, кумда басуу, сууда басуу, карда басуу, айдалган жерде басуу, ылай жерде басуу, чөптө басуу.

Оюндун эрежеси: Буйруктан мурда басууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, жүгүрүүгө, аралыктан толук өтпөй коюуга болбойт.

Оюндун мааниси, Күчтүүлүгүнө, чыдамкайлыкка тарбиялайт. Бойду түз, тыкан алып жүрүүгө, келбеттүүлүккө үйрөтөт.

Кыз куумай

Оюнчулардын сааны 3—15 киши.

Өткөрүүлүчү жер: аятча, спорттук бөлмө.

Жетекчи шайланат, калган оюнчулар анын артынан бир катар болуп турушат, оюндун шарты жөнүндө алдын ала сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны, Оюн жетекчисинин артынан калбай оюнга катышкандар из кууп жүрүшөт, Жетекчиси басуусун тездетип ийри-буйру басып жүрөт. Оюнчулар анын артынан калбай ээрчишип жүрүшү керек. Жетекчисинин артынан басалбай жанылып калгандар жыдышат да оюндан чыгышып, оюндун бүтүшүн күтүшөт Андан кийин башка жетекчи шайланып, кайрадан башталат. Жаңылбай басып марага келгени гана жеңүүчү болот.

Оюндун убагында бир бирине тоскоолдук кылууга, жанылгандан кийин эрчүүнү улантууга тыюу салынат.

Оюндун тарбиялык мааниси. Күчтүүлүккө, шамдагайлыкка, көңүл коюп басууга, тартипти сактоого үйрөтөт.


Из туурамай.

Оюнчулардын саны 4—8 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө, Оюнга даярдануу. Оюнга жетекчи шайланат, калган оюнчулар бир катар болуп турушкандан кийин оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп

алышат.

Оюндун баяны, Жетекчисинин талабы боюнча, катышуучулар белгиленген аралыктан кайсыдыр айбандын бирөөнүн басканын туурап өтүшөт. Оюн өзүлөрү каалаган убакытка чейин уланат да, оюндун шартын жакшы аткарганы жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси. Тапшырмадан чыгууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, белгиленген аралыкты толук өтпөй коюга болбойт.

Оюндун мааниси. Ар кандай ыкма менен басуунун жолдорун үйрөтөт, айбандар жөнүндө кеңири түшүнүк берилет.

Ой-пикирлер