Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Балта ыргытмай, баш кийимди ыргытып илмей, баш кийимди уруп түшүрмөй

Балта ыргытмай

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда балталар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Балта ыргытуу учун 10 м, узундуктагы чийме сызылгандан кийин оюнчулар, оюндун шартын сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден балталарын алышып, сызылган чиймеге чыгышып, бир аз күүлөнүп жүгүрүшкөндөн кийин балтаны талааны көздөй ыргытышат. Балта түшкөн жер белгиленет. Оюн оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Балтаны алыстыкка ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Балта ыргытып жаткан оюнчуга жакындоого, талаада турууга, балтаны талаадан башка жакка ыргытууга, бир-бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер, адамдар жасашкан жерден, алар чогулушкан жерден сырткары болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчектикке тарбияланат, ыргытуунун ыкмаларын, тартипти сактоого үйрөтөт.

Баш кийимди ыргытып илмей

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн аянтчада, спорттук бөлмөлөрдө өткөрүлөт.

Оюнга калпак, тебетей, топулар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар бутагы бар дарак" тын жанына келишип оюндун шарты тууралу сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден колундагы баш кийимдерин ыргытып бутакка илгени аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Баш кийимин бутакка кеп жолу ыргытып илген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тосКоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнда колдонуучу баш кийимдер бирдей болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, таамай ыргытууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Баш кийимди уруп түшүрмөй

Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда калпак, тебетей, топулар колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар эшек жыгачтын жанында турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Кезектери менен ар бир топтон .бирден оюнчулар эшек жыгачты минишип, бири бирин карашып турушкандан кийин, бир биринин баш кийимдерин урушуп түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу баш кийимдерди урушуп түшүрүшкөн оюнчулардын (гобу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү, Атка минип баратышканда да эшекчен баратышканда да бирдей аралыкта турушуп бир бирин кийимдерин урушуп түшүрүшмөй.

Оюндун эрежеси. Бир бирин башка урганы, түртүп жыгышканы, баш кийимдерди кол менен кармашы жарабайт да, чурулдоого болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнда колдонуучу буюмдар бирдей болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда шамдагайлык, күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, тең салмакты сактоого үйрөтөт.

Ой-пикирлер