Кирүү

Кыргыз эл оюндары. Ат оюн, баш кийимди алып качуу, жашынмак

Кыргыз эл оюндары. Ат оюн
Оюнчулардын саны 15—30 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, стадион, спорттук бөлмө, талаа.

Оюнда колдонуучу буюмдар. Жип, аркан.

Оюнга даярдануу. Жетекчи шайланат, калгандары эки топко бөлүнүшүп бир биринин артынан катарга турушат. Оюн өтүү аралык, шарт жөнүндө сүйлөшүп алышкандан кийин ар бир топтон экиден киши чыгып, алардын бирөөсү аркандын бир учун нокто сыртмак байлап моюнуна кийгизет, экинчи жаккы учун артында турган шериктерине берет. Экинчиси да ошентет.

Оюндун баяны. Жетекчинин буйругу боюнча, оюнчулар белгиленген аралыктан жүгүрүшүп өтүүгө тийиш. Андан соң кийинки оюнчулар кезектери келгенде бири ат болушуп, экинчиси анын жибин кармап аралыктан бат жүгүрүшүп өтүүгө аракеттенишет. Оюн эки же уч жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келген топтун оюнчулары жеңишке жетишишет,

Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда аракетти баштоого, аралыкты толук өтпөй коюуга, шериксиз жана жипсиз жүрүүгө, мурдагы оюнчулар марага келмейинче, кийинкилер баштоого, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер түз, тоскоолдук кыла турган буюмдары жок болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Шамдагайлыкка тарбияланат.

Баш кийимди алып качуу

Оюнчулардын саны 8—16 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, спорттук бөлмө.

Колдонуучу буюмдар. Тебетей, калпак, топу.

Даярдык көрүү. Жетекчи шайланат, калган оюнчулар эки топко бөлүнүп, 1—2 метрлик аралыкта бир бирин карашып турушуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Жетекчисинин буйругу боюнча бир топтун оюнчулары экинчи топтун оюнчуларынын арт жагында турушуп билдирбей келишип баш кийимдерин жула качуулары керек.

Баш кийимдин ээлери аларды марага чейин артынан кубалап жетип алууга аракеттенишет. Кубалап жетишкен оюнчуларга жеңиш упайлары берилет. Эгерде кубалап жете албай калышса, упайлар баш кийимдерди алып качкандарга берилет. Оюн эки жактын каалаган убакытка чейин уланат. Жеңиш көп упайга ээ болгон окуучулар тобунуку болот.

Методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, эч кандай тоскоол кылуучу нерселер болбош керек, оюнчулар баш кийимдерин кийип алышат.

Оюндун тарбиялык мааниси. Ылдамдыкка, шамдагайлыкка үйрөтөт.

Жашынмак

Оюнчулардын саны 5—15 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жай: дарактуу жер, үйлөрдүн короосу.

Оюнга даярдануу. Оюнга жетекчи шайланат, оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Жетекчи белгиленген жерде (мара) көздөрүн жумуп, дубалга же даракка сүйөнүп 40—50 чейин үн чыгарып санайт. Санап жаткан маалда калгандары жашырынып бүтүшү керек. Оюн жетекчиси оюндарды санап бүтүп, ачып жашынган оюнчулардын бирөөсүн же бир канчасын тапса, ал табылган оюнчулардын аттарын катуу кыйкырып айтып марага алардан мурда жүгүрүп келүүгө тийиш. Табылган оюнчулар да жетекчиден мурда жүгүрүп марага келүүгө аракеттенишет. Эгерде марага оюн жетекчисинен мурда жүгүрүп келип колдору менен марага тийсе, кармалган оюнчулардын санына кошулбай, оюндун аякташын күтүшөт. Эгерде оюн жетекчисинен марага кийин келишсе кармалган оюнчуларын санына кошулушат. Оюнчулардын баары кармалып бүткөндөн кийин, биринчи кармалганы жетекчинин ролун аткарып оюн кайрадан башталат. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Кармалбаганы жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрү. Житмей ойноо. Оюнга эки оюн жетекчиси шайланат, оюн караңгы убакытта өткөрүлөт. Оюнчулар экиден: бир кыз, бир жигит болуп жашынышат.

Оюндун эрежеси. Жетекчи оюнчулар жашыныша баштаганда шыкаалап кароого, бир биринин жашынган жерин жетекчиге айтып коюуга, тоскоолдук кылууга, кармалгандарды кайрадан оюнга кийрүүгө болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот. Оюн башталардан мурда өткөрүлүүчү жерди белгилөө керек.

Оюндун тарбиялык мааниси. Ылдамдык тартипти сактоого, чындыкка, максатка жетүүгө бир нерсеге көңүл салууга үйрөтөт.

Ой-пикирлер