Кирүү

Кыргыз эл макалдары. Д тамгасы. 250 макал

Даам таткан жериңе какырба, суу ичкен кудугуңа түкүрбө.
Даам таткан кудугуңа түкүрбө.
Даана байлык — ден соолук.
Даана карт даркан жигиттен чыгат.
Дааналык менен кыскалык — сөздүн көркү.
Дааналык менен кыскалык — сөздүн көркү. Далили жок сөз — чала күйгөн чычала.
Дабаасыз — дарт болбос, ырымсыз — кары болбос.
Дайыма изденүү, демиңе күч берүү.
Дайрадан чыгып, көлчүккө чөгүптүр.
Дайранын көркү кемеде, баланын көркү энеде.
Дайыны жок сөз — чала күйгөн чычала.
Далдал күчөсө — пулуңду алат, оору күчөсө — жаныңды алат.
Далилдүү сөз —угузат, кур насаат — качырат.
Далили жок сөз — чала күйгөн чычала.
Дан — аш, алтын — таш.
Дан жыттанган дыйкан колу, даңгыр эмес баскан жолу.
Данданкүү мынча, эт канча?
Данектүү болсун сөз, дарактай өнүп өс.
Даны жоктун — наны жок, наны жоктун — жаны жок.
Даның болсо орооңдо, малың сыйбайт корооңо.
Даражаң көтөрүлгөн сайын кичи пейил бол.
Дарак — тамыры менен, адам — тууганы менен.
Дарак бир жерде көгөрөт.
Дарак бир жерден өсөт, бир жерден көгөрөт.
Дарак жемишинен таанылат, адам акылынан таанылат.
Дарак нымды сүйөт, эл чынды сүйөт.
Дарак тамыры менен көгөрөт.
Даракты жер көгөртөт, адамды эл көгөртөт.
Дарактын жемиши көп бөлсө, шагы ошончо ийилет.
Дарт — эренди мүңкүрөтөт (үшкүртөт).
Дарт да башка, ажал да башка.

Дарт келгенде — дарман кетет, дарт кеткенде — уйку келет.
Дарт кетсе, дарыгер эстен чыгат.
Дарт эренди мүңкүрөтөт (үшкүртөт).
Дартка дабаа болгон, илдетке шыбаа болот.
Дартты жөн койсо жайылат, дарыласаң айыгат.
Дарты жок, дары издебейт.
Дары — чөптөн, акыл — көптөн.
Дары болсо иттин куу тезеги, дарыянын башына чыгат.
Дарыя — булактан, мастык — ууртамдан.
Дарыя сууда балык бар, биз укпаган калык бар.
Дарыядагы балыктын баасы жок.
Дарыянын жанына кудук казбайт.
Дарыянын суусун жаан ташкындатат.
Дат — темирди жейт, дарт — өмүрдү жейт,
Дат күчөсө, дан алдырбайт, дарт күчөсө, дем алдырбайт.
Дат темирди жейт, дарт өмүрдү жейт.
Даяр ашка саламчы көп, жетим кызга жуучу көп.
Даярга тап койбө, дардаңдап шап болбо.
Деген экен, деген экен — бир коёнду бир коён жеген экен.
Ден соолук — карылар үчүн да кубаныч.
Ден соолук — чоң (терең) байлык.
Ден соолук — түгөнгүс (чон, зор) байлык.
Ден соолук — биринчи байлык.
Дендин сагы жакшы, пейилдин агы жакшы.
Дене тарбия —ден соолукка табылбас дары.
Дени сактын — руху бийик.
Дени соонун — байлыгы түмөн.
Дени соонун — жаны соо
Дени тазанын деми таза.
Дешпе, дешкенден кийин бок жешпе.
Дешпе, дешкенден кийин келжирешпе.
Дигериңди кудай алсын, бешимиңди үйрөтчү.
Дили узундан түңүлбө, тили узундан түңүл.
Дин — элге апийим.
Динчил түшүнө ишенет, эмгекчил күчүнө ишенет.
Дүйүнө адамды таппайт, дүйнөнү адам табат.
Дүйнөгө курсагың менен карасаң, көңдөй каласың.
Дүйнөгө мас болбогон, мансапка бой көтөрбөйт.
Дүйнөгө түркүк болгон адам жок.
Дүйнөгө устун болгон адам жок.
Дүйнөдө баарынан сөз салмактуу, сөз күчтүү.
Дүйнөдө бал таттуу эмес, жан таттуу.
Дүйнөдө нан улук.
Дүйнөдө санаа күлүк.
Дүйнөнү көргөн күн, кыдырган — шамал.
Дүйнөнү сел алса, акмактын тушарына чыкпайт.
Дүйнөнүн шамы — билим, жашоонун шамы — эмгек.
Дүлөй болбос үчүн кулагыңды сакта.
Дүлөй кишинин оозуна карайт.
Дүлөй укканын койбойт, сокур көргөнүн койбойт.
Дүлөйгө салам берсең, "Атаңдын башы" дейт.

Дүлөйдүн тилин дудук билет.
Дүнүйө — бир тыйындан куралат.
Дүнүйө адамды таппайт, дүнүйөнү адам табат.
Дүнүйө менен бейишти алыптыр.
Дүнүйөкөр — дүнүйөнүн кулу.
Дүнүйөнү сел алсын, кара башым соо калсын.
Дүрбөлөңчү башчынын чолок этек бакан ооз досу болот.
Дөө карыпты урат, карып жолдо турат.
Дөөлөр келсе, шаалар көчүгүн кысат.
Дөөлөс төрүн бербейт, өлсө — көрүн бербейт.
Дөөлөт басса эт басат, мээнет басса бит басат.
Дөөлөт тоголок болот, мээнет жалпак болот.
Дөөлөттүү адам ток болот, жашыңда жигит шок болот.
Дөөлөт тоголок, мээнет жалпак.
Дөөлөтү башта турганда, ким күркүрөп жүрбөгөн.
Дөөлөтүңө ишенбе, мээнетиңе ишен.
Дөөлөттөн артык мээнет бар.
Дөөлөтүңө ишенбе, мээнетиңе ишенбе, хан болгон
башың бир күнү түшөр кишенге.
Дөшү болсоң — чыда, балка болсоң сок. Дубалды
аттап ууруга кирсең, түрмөнүн эшигин тааныйсың.
Доңуз ылайдан семирет
Доңуздун санын иттен аяба.
Доо карыбайт, аса чирибейт.
Доо коюлса, айыпка жыгылат.
Доогер суз болсо, казы митайым болот.
Дооң жок болсо, кепил бол.
Доолашаарың казы болсо, дартыңды аллага айт.
Доону төлөбөгөн төлөйт, ооруну кенебеген өлөт.
Дос — сенин күзгүң.
Дос (тууган) күйгүзүп (же күйдүрүп) айтат, душман
сүйгүзүп (же күлдүрүп) айтат.
Дос айрылат, сөөк кайрылат.
Дос алдында жооп берүүдөн көрө, душман алдында өлгөн жакшы.
Дос балаада билинер, баатыр талаада билинер.
Дос башка карайт, душман бутка карайт.
Дос гүл болсо, душман күл болот.
Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе.
Дос досту үлпөттө сынайт, жылкы семирсе жылкычы сүйүнөт.
Дос досту кыйынчылыкта таштабайт; дос —доско жаныңды кош.
Дос жеритип сүйлөйт, душман эритип сүйлөйт.
Дос изде, душман өзү табылат.
Дос күйгүзүп (же күйдүрүп) айтат, душман сүйгүзүп (же күлдүрүп) айтат.
Дос көтөрөт көңүлдү, кой көтөрөт семизди.
Дос көтөрөт көңүлдү, мал көтөрөт өлүмдү, кой көтөрөт семизди.
Дос менен дос болсоң — мактан, кас менен дос болсоң — сактан.
Дос сыйлайт, душман кыйнайт.
Дос сыртыңдан мактайт, душман көзүңчө мактайт.
Дос таарынса, (доолашса) бергенин алат.
Дос табылбайт, акча табылат.
Дос табышат, душман кагышат.

Дос тапмак арзан, аны күтмөк кыйын.
Дос эгиз, душман сегиз.
Дос, доско жаныңды кош.
Дос, досту үлпөттө сынайт.
Дос, жолдош — бир жылдык, куда —сөөк — миң жылдык.
Дос — жолдошуң бир жылдык, куда— сөгүң миң жылдык.
Доско берип турсаң жакшы, бербей калган күнү бергенин кайта доолайт.
Доско ишенгиче, дооранынды байлана жүр.
Досондону ант урат, куданданы бата урат.
Досондонун жаны бир, куданданын малы бир.
Доссуз адам — канатсыз куш.
Досторуңа таттуу бол, кастарыңа катуу бол.
Досторум келсе дудукмун, досторго барсам —кудукмун.
Достук барча байлыктан абзел.
Достук тар кыяда сыналат.
Достуктун наркы доорунда.
Достун (досуңдун) көңүлү бир тартым насыбайдан калат.
Достун каны башка, жаны бир.
Достун көңүлү бир тартым насыбайдан калат.
Достун көңүлү бир тыйындан калат.
Достун орду — төр, кастын орду — көр
Достун түбү — маймак, уурунун түбү — айгак.
Достун жаны бир, туугандын малы бир.
Достун кадыры бир татым насыбайдан калат.
Досу жок жан жетимден да жаман.
Досу жок киши канаты жок куштай.
Досу көп менен сыйлаш, досу аз менен сырдаш.
Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт.
Досуң баягыдай эмес баягыдай болсо эч нерсесин аягыдай эмес.
Досуң баягыдай эмес, баятыдай болсо, аягыдай эмес.
Досуң канча болсо, душманың ошончо.
Досуң күзгүдөй, сындырсаң эптей албайсың.
Досуң миң болсо да — аз, душман бирөө болсо да — көп.
Досуң миң болсо да аздык кылат, душманың бирөө болсо да көптүк кылат.
Досуңа сыр (же сырыңды) айтпа, досуңдун да досу бар.
Досуңдан (төркүнүңдөн) төө сура, уялгандан (чыдабаса) бээ берет.
Досуңдан сырыңды жашырба, душманыңды башыңдан ашырба.
Досуңду ант урат, куданы бата урат.
Досуңду токтотпо, жолунан калат, касыңды токтотпо, сырыңды алат.
Досуңдун ашын касындай же.
Досуңдун ашын касыңкындай ич!
Досуңдун бергенин (же берген малынын) тишин ачпа.
Досуңдун бергенинин тишин ачпа.
Досуңдун бычагы менен мүйүз кес, душмандын бычагы менен кийиз кес.
Досуңдун касынан сактан, касыңдын досунан сактан.
Досуңдун сүйгөн буюмун сураба.
Досуңдун сөккөнүнөн коркпой, касыңдын өпкөнүнөн корк.
Досуңдун тепкени душманыңдын өпкөнүнөн артык.
Досуңдун тоогун алсаң, канжыгасына каз байла.
Досуңдун эсеби туура чыкса, кудуңдайт.
Досум дос элек — коон үзгөндө (окууну бүткөндө),

көзүңдү сүзүп калыпсың — бозо сүзгөндө
("Зимге" түшкөндө). (Тескери карап калыпсыз
бозо сүзгөндө) (Коон үзгөндө унутуп калыптырсыз).
Досум, дос элек коон үзгөндө, кас болдук бозо сүзгөндө.
Досунан ажыраган — өзүнө өзү душман.
Досуңдун ашын касыңдай же (же ич).
Дубайы салам дубайдан, жардам болсун кудайдан.
Дубалды аттап ууруга кирсең, түрмөнүн эшигин тааныйсың.
Дубана таарынса, куржунуна зыян.
Дудук айткысы келет, төкөр баскысы келет.
Дудук сөзгө жарабайт.
Дудук сөзгө жарабайт, ууру сакчылыкка жарабайт.
Дудуктун душманы жок.
Думанадан айбашы үмүтөтүптүр.
Думананы урса, мазарга барат.
Душманыңды мактаган досуңдан сак бол.
Душман алыстабайт —жаныңда.
Душман буйруса барба, дос буйруса калба.
Душман жумурткадан кыр табат, тууган (дос) күйдүрүп айтат.
Душман жумурткадан кыр табат.
Душман иши душманЖоо аяган жаралуу, катыны каралуу.
Душман не (же эмне) дебейт, түшкө не (же эмне) кирбейт.
Душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат.
Душман сырттан жылмаят, ичинен кубанат.
Душманга (же жатка) таба, доско (өзгө) күлкү болбо.
Душманга боор оорусаң, боорго тебет.
Душманга жаныңды (өзүндү) берсең да, сырыңды (сөзүңдү) бербе.
Душманга өздөй караба, тийбей койбойт зыяны.
Душманга өлүм тилегенче өзүңө өмүр тиле.
Душманга кекти кетиргенче, денеден башты кетирген артык.
Душманга кекти кетиргенче, денеден башты кетирген артык.
Душманга таба, доско (өзгө) күлкү болбо!
Душмандан бир сактан, жаман достон миң сактан.
Душмандашкан киши оңолбойт.
Душманды таш менен урба, аш менен ур.
Душманды тууган дебе, тууганды душман дебе.
Душмандын биринчи кадамы — жылмалап айткан саламы.
Душмандын душманы — сенин досуң.
Душмандын өлүмүн тилегиче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле.
Душмандын өчү канбайт, тутулсаң төбө кандайт.
Душмандын сөзү жылуу, боору таш.
Душмандын сырты жылма, ичи кара.
Душмандын сыртында болгончо, ичинде бол!
Душмандын чырагына май тамызба.
Душманы жок адам болбойт, дудуктун да жанын койбойт.
Душманың кылдай болсо, тоодой көр, ийнедей
болсо, тоодой көр.
Душманың суу берсе, досундай көр.
Душманын аяган кийин өкүнөт.
Дыйкан — жерге тойбойт, мал — чөпкө тойбойт.
Дыйкан — март, жер — жоомарт.

Дыйкан болсоң — башында бол, чарба болсоң—кашында бол.
Дыйкан болсоң, башында бол, чарба болсоң, кашында бол.
Дыйкан жерге тойбойт, мал чөпкө тойбойт.
Дыйкан жерин мактайт, балыкчы колун мактайт.
Дыйкан иште, молдо ашта.
Дыйкан өгүздөй күчүн берсе, жер инектей сүтүн берет.
Дыйкан өгүздөй күч берсе, жер инектей сүт берет.
Дыйкан март, жер жоомарт.
Дыйканга жер казына.
Дыйкандын сүйүүсү жашыл жерде, учкучтун
сүйүүсү көгүлтүр асманда.
Дыйкандын түбү — кенч, соодагердин түбү — борч (насыя).
Дыйкандын эмгегин жер кайтарат.
Дыйкандын энчиси сепкен эгининде.
Дымак — өрдө, ооз — баатыр, тил — текебер.
Дымыксаң капаланба, дүйнөнүн катаалына.

Ой-пикирлер