Кирүү

Кыргыз эл макалдары А-3

Акылдуу сөз чыкпаса — улуулуктан не пайда,
Жулунуп турса сумсайып — сулуулуктан не пайда?
Акылдуу тоону томкорсо, акылсыз элди омкорот.
Акылдуу ууру өз айылын тонобойт.
Акылдуу чындык калптан кийин сүйлөөгө тийиш.
Акылдуу элге тартат, акмак тууганына тартат.
(Эстүү — көпчүл, эселек — кекчил).
Акылды акылмандан сура.
Акылдын азы айып, чачтын агы айып эмес.
Акылды сакал менен өлчөбөйт.
Акылды шайтан азгырат.
Акыл — жаштан, асыл — таштан (чыгат).
Акыл— жаш уландан, күлүк — тай, куландан.
Акыл жетсе да, кол жетпейт.
Акыл көп өмүргө эшик ачат.
Акыл кичинелик— чоңдукта эмес.
Акыл кепке жеткирет, өнөр көкке жеткирет.
Акылман билги өлсө — журт акылсыз, эр кол башчы өлсө — кол жетим.
Акылмандын өзү өлсе да, сезү өлбөйт.
Акылмандын уга турганы арбын, айта турганы аз.
Акылман кебине таянат, азамат элине таянат.
Акыл оошот, ырыс жугушат.
Акыл сөзү кыска, адилет сөзү ачуу.
Акылсыз арам сөзгө семирет.
Акылсыз баатыр чорго чабат.
Акылсыз болсо алганың, айыкбас дартка калганың. Акылсызга айткан кеп — дайынсыз аткан ок. Акылсыз достон, акылдуу душман (жат) артык. Акылсыздын мээси жок, карыганча эси жок. Акылсыз какшык сезге жакын келет. Акыл — тозбогон тон, билим — түгөнбөгөн кенч. Акыл тоону бузат, баатыр жоону бузат. Акыл учат, ырыс жугушат. Акылы аздын азабы кеп.
Акылы бар билимди самайт, акылы жок кийимди самайт.
Акылы жокко убал жок.
Акылы жок кепкеи, бир ажалы кептен.
Акылы жок наадандар ак жолунан адашкан.
Акылы жок ойлонгуча, акылдуу карап турмак беле.

Ой-пикирлер