Кирүү

Кыргыз акындарынын тарыхынан музооке ырчы (манасчы)

XIX кылымдын башында саяк кыргызынан, кайдуулат уругунан Музооке деген атактуу Манасты жакшы айтканына кубанып, сарбагыш кыргызынан Эсенгул феодалдын тукуму ырчы кылып алмакка ар кимиси талашканда Музооке Ниязбек феодалдын тукумуна оодарылып кеткенде аган ичи күйүп, жакын туугандары уруш чыгарып, Музоокени уруп кеткен. Музоокенин бети-башы айрылып, катуу жаралуу болуп төшөктө жатканда мындай көп-көн элдикичине кайдан келдим деп ыйлаганы:

Кайдан келдим саяктан,
Кутулбадым таяктан.
Кайдан келдим Жумгалдан,
Кутулбадым жулгандан.
Кайдан кёлдим Кочкордон,
Кутулбадым, чочмордон.
Чий боорсок салды ашыма,
Арам сийдик Манытай чапты башыма, —

деген. Музооке жарасынан өлө турган эмес, бир ай, эки айда айыгып кетүүгө мүмкүн деген сөздү угуп, Музоокени талашып, уруш чыгарган Маңытай барып, "Музоокенин башындагы жарасын көрүмүш болуп, мээсинин тушу катуу жаралуу дейт, мээсин ушуну ме-нен чыгара сайып өлтүргүнүң", — деп колуна табылгыдан ийик сап берип, бир кемпирди жиберген. Кем пир ийик сапты жеңине катып алып Музоокеникине келген. Аны орто жерде жаткан Музооке билип ырдаганы:

Ниязбектин Сегизбек,
Телегейи Тегизбек.
Босогосу Болотбек,
Болуп турган Ниязбек.
Ормон, Субан, ода бек,
Бердиожо Бердибек.
Ажы, Шатен, алты бек,
Ырыскулбек, Кожобек.
Ниязбектин сегиз бек,
Телегейи тегиз бек.
Тегерете ойлонуп,
Он алты бек киминден корком
(кичи катындан региз уул, баарысы он алты болгон).
Кирип жаткан кишиңден корком,
Өңгөдөн коркпойм,
Кемпир, жеңиндеги шишиңден корком, —
дегенде, "апей... көрүп койду беле", — деп кемпир үйдөн чыгып кеткен.

Ой-пикирлер