Кирүү

Күз сулуу

Эгемендүү күз сулуу,
Ээрчип келет жүз сулуу.
Ээрчигендер ичинен,
Эжигейдей түс сулуу.

Талаа сулуу таң сулуу,
Талаада жүргөн жан сулуу.
Ары оозунан куюлган,
Анаке кара бал сулуу.

Баргыла барктап бак сулуу,
Башында мөмө как сулуу.
Түсү алтындай сезилет,
Түшкөн бариктер нак сулуу.

Күз караган көз сулуу,
Кубалашат жуп сулуу.
Түн жамынып бекинбей,
Жүр ойнойлу чык сулуу.

Күздүн кечи супсулуу,
Күрөн тону куп сулуу.
Бет сылаган шамалы,
Бейнеге тийсе жыпжылуу.

Күздө өткөн той сулуу,
Күздү тарткан ой сулуу.
Күзгө түсү опокшош,
Күн суктанган бой сулуу.

Күздө түшкөн нур сулуу,
Күз жазылган ыр сулуу.
Күбүрөшүп кызыктай,
Күздө айтылган сыр сулуу.

Алланын айы күз деген.
Акындар жакын күз менен.
Жан эритип жайрашып,
Жашаса болду биз менен.

Токуш Чолпонбаев

Ой-пикирлер