Кирүү

Күүнүн башы - "Камбаркан"

Күүнүн башы - "Камбаркан"

Илгери-илгери кыргызда Камбар деген хан болуптур. Камбар ит агытып, куш салып, аң уулаганды жакшы көрүчү экен. Күндөрдүн биринде ал аң уулап жүрүп, чытырман токойго токтойт.

Камбар жанжөкөр жигити менен токойдун суйдаң четин аралай баштайт. Калыңдыгына таңдана басып барса, эки жыгачтын ортосуна тартылган жиптей ичке бир нерсе желге урунган сайын термелип, дирилдеп үн берип жатыптыр. Жигити экөө саамга тиктеп калышат. Анан Камбар камчынын сабы менен акырын уруп көрөт. Жагымдуу үн: "дың-дың... зың-зың!.." деп, ого бетер жаңырат. Назар салып карашса, катуу шамалдан сынган чоң түп жыгачтан учтуу жаракалар чыгып турат. Үн берген ичке неменин бир учу ошол жараканын башына илинип, экинчи учу берки жыгачтын бутагына артылган. Көрсө, жыгач башынан күн көргөн маймыл калтыс секирип, учтуу жаракага кардын жардыртып алыптыр. Ичегиси чубалып, бир учу жаракада калса, экинчи учу бутакка артыла түшкөн тура. Эчак өлгөн маймылдын ичегиси кургап, жорткон желаргыга урунган сайын дирилдеп, үн салып туруптур. Жагымдуу үн көңүлүнө уюй түшкөн Камбар ичегиден үн чыгарын аңдап алып, жигиттери менен кайра келет. Ичегинин кырындысын сыдыртып, ийикке ийритип кургатып, чертип көрөт. Аны жыгачка тагып, чертет. Анан жыгачты оюп, ичеги кыл тагат. Ал андан да сонун үн берет. Ошентип, ар түрдүү арга издеп, акыл-амалга салып отуруп, Камбар комузду ойлоп табат. Ошондон улам биринчи комузга адеп чертилген күү "Камбаркан" деп аталат. Ошол күндөн ушул күнгө чейин "Күүнүн башы Камбаркан" деп чертилет.

Ой-пикирлер