Кирүү

Күүлөрдүн келип чыгыш тарыхынан

Күүлөрдүн келип чыгыш тарыхынан

Кыргыз элинде музыканын чыгышы жөнүндө байыртан эки уламыш айтылат. Экөө тең аңчылык турмушка байланышкан. Анын биринде Камбар деген мергенчи комузду кантип ойлоп тапканы (жасаганы), ал черткен алгачкы чыгарма “Күүнүн башы Камбаркан” деп аталган. Ал эми экинчисинде комуз жаа тартуудан келип чыккан деп айтылат. Кийинки уламышты айрым окуумуштуулар азыркы кезде чертилип жүргөн “Жаа толгоо” күүсүнө чыгышы менен да байланыштырышат. Комузчулардын чыгармачылыктарында кеңири тараган “Ботой” аттуу салт күүнүн чыгышына жана тарашына ботосу өлгөн төөнүн көз жашын көлдөй төгүп, сай – сөөктү сыздаткан арманы себепкер болуптур. Бул уламыштар менен музыкалык терминдердин лексикалык анализи кыргыз музыкасы байыркы доорлордо эле жаралганын күбөлөйт. Түрк тилдүү элдердин ырчы бакшы Коркуту, казактын жаалуу тартма кобызы (кыргыздын кыл кыягынын бир түрү), ал эми Камбар (Баба Гамбар) түркмөндөрдүн дутарын, өзбектердин дутарын ойлоп тапкан. Алардын бардыгы ырчы, музыкант болушкан. Кытай маалыматтарына караганда, б.з.ч. 2-кылымда Ысык-Көлдү жердеген усундарында арман түрүндөгү, сезимди козгогон кыздын ыры жазылып алынган. Ал эми 6-кылымда Теңир – Тоо, Ысык-Көл, Чүй, Талас өрөөндөрүн жердеген түрк каганаттарынан кытай саякатчысы Сюань-Цзянь Суяб шаарында (Токмокко жакын жердеги) түрк каганын салтанаттуу кабыл алуусунда музыка ойнолуп, ыр ырдалып, бий бийленгенин жазат. Дагы бир Кытай жыл жазмасында кидандардын музыкасы жөнүндө кеңири маалымат баяндалат. Анда жүз адамдан турган шыгыр, элүүдөн бөлүнүп алып, таңды-таң аткыча падышанын үйүнөн жанында ырдашкан, аларды төрт добулбас коштоого алганы айтылат. Ушундай эле көрүнүштүү кытай саякатчысы Вейхун да (8-кылымда) жазган.

Ой-пикирлер