Кирүү

Куу түлкү

Куу түлкү
Жолборс бир түлкүнү кармап алат. Түлкү куйругун буландатып, тумшугун жогору көтөрүп:

-Мени жей албайсың! Мен мына бул калың токойдун кожоюну болуу үчүн келгенмин,-дейт.

Жолборс ары карап, бери карап анын сөзүнө ишенбейт. Анда түлкү:

-Жоке, ишенбесең мени менен бирге токойго баргын. Андагы бардык айбанаттардын менден кандай корко тургандыктарын өз көзүң менен көргүн!-дейт.

- Көрсө көрөйүн,-деп жолборс түлкүнү ээрчип жөнөйт.

Түлкү анын алдына түшүп алып, абайлап жүрүп отурат. Жолборсту көргөндөрдүн жүрөктөрү түшүп, туш-тушка качып, жым-жым жок болушат. Канаттуу куштар уяларынан уча качышат. Түлкү жолборско:

-Жоке, менден коркпой турган эч ким жок экендигине эми көзүң жеткендир-дейт.

Анда жолборс:

-Чындыгында сен абдан барктуу экенсиң. Айбанаттардын баары сыйлап, абдан коркушат тура. Сени менен эрегишип, жамандык кылуу болбойт,-деп түлкүдөн коркуп, кое берет.

Ошентип куу түлкү куулугунан өлүмдөн кутулган экен.

Ой-пикирлер