Кирүү

Кутурма

Кутурма - катуу кармоочу жугуштуу ылаң; борбордук нерв системасынын бузулушун мүнөздөйт. Кутурмага бардык сүт эмүүчүлөр, куштар чалдыгат. Ылаңдаган мал өлөт. Адам да ооруйт. Кутурма бардык өлкөлөрдө бар. Ылаңды вирус козгойт. Ылаңдуу малда вирус мээде же жүлүндө, кээде ири нерв тамыр түтүкчөлөрүндө, канда пайда болот. Кутурма ылаңдаган ит, жапайы айбанат негизинен түлкү, чөө, карышкыр тиштегенде алардын шилекейи аркылуу жугат. Вирус иттин шилекейинде 15 күнгө чейин жашайт. Букма мезгили 1-2 ай, кээде 6 айга чейин созулат.

Кутурма ылаңы итте 2-11, уй менен жылкыда 4-6, чочкодо 2-4 күнгө созулат. Ылаңдын белгилери: мал алсырап, тынчы кетет, көрүнгөндү тиштеп, топурак, булганыч чөп-чар, чүпүрөк жана башка нерселерди жей баштайт; тамагынан суу өтпөй, шилекейи куюлат; качып кетүүгө аракет кылат жана башка. Алдын алуу чаралары: жолбун ит, ээсиз мышыктарды жок кылуу; итти байлоо; малды карышкыр, түлкү жана башка жырткыч айбанаттардын кол салуусунан сактоо. Кутурма айыкпай турган дарт. Ошондуктан кутурма болгон малды жок кылуу керек.

Ой-пикирлер