Кирүү

Кусеин Карасаев

Кусеин Карасай уулу 1901 – жылы Ысык – Көл облусунун Түп районунун Кең – Суу айылында туулган. Адегенде айылдык молдолордон кат – сабаты ачылып, кийин 1914 – 1916 – жылдарда Караколдогу орус – тузем мектебинен окуп билим алат. Бала кезинде чыгыштын акылмандарынын китептери менен таанышат. А.С. Пушкиндин ырларын жаттайт, орус илим – билиминен таалим алып, эртелеп көзү ачылат. 1916 – жылкы элдин башына түшкөн трагедия, каргашалуу кайгы – муң анын башына да түшкөн. Эл – жерден ажырап, ата – энеси менен көрбөгөн азапты көрүп, бөтөн жерде тентип сандалуу жаш Кусеиндин жүрөгүнө өчпөс так калтырган. Кытайда мусаапыр болуп жүргөн күндөрүндө Караколдо алган илиминин жардамы тийип, мугалим болуп иштеп, жергиликтүү элдердин балдарын, чоң кишилерди окутуп, бир жагынан жанын багып, экинчи жагынан чыгыш Түркстандын адамдарынын сабатын ачууга да, анча – мынча үлүшүн кошкон. Жаратылышынан тилдик туюму, сөз татымы күчтүү, зээндүү жаш өспүрүм бат эле казак, уйгур, калмак тилдерин үйрөнүп алган. Акыры, тууган жердин тузу тартып, "бөтөн жердин көк шиберин басканча, өз жеримдин тикенегин басайын" - дегендей, 1921 – жылы Кытайдан туулган мекенине – касиеттүү Ысык – Көлгө кайтып келет. келгенден кийин Кең – Суу айылында сельревком болуп иштеп, коомдук иштерге аралашат. Бирок дили сергек жаш улан Кусеин элдин туташ сабатсыздыгын көрүп, калк үчүн бир чоңураак иш жасаш керек экенин, бул үчүн дагы да билимин жогорулатып, чоң борборлор жактан окуу зарылдыгын ачык түшүнөт. Ошентип, ал Ысык – Көлдөн аттанып чыгып, 1923 – жылы Ташкентке келип, кыргыз – казак агартуу институтуна окууга өтөт. Ташкентте окуп жүргөндө Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов менен таанышып, бул экөө менен бирге 1924 – жылы кыргыздын биринчи газетасын "Эркин – Тоону" чыгарууга катышат. Кусеин Карасай уулунун элдик оозеки чыгармачылыкты жыйноодо да эмгеги бар. Ал 1931 – жылы Саякбай Каралаевди Ысык – Көлдөн Бишкекке алып келип, андан "Манасты" жаздырткан. Элүүнчү жылдардан 70 – жылдардын ортосуна чейин жаштарга билимин берип, Кыргыз Мамлекеттик Университетинде мугалим болуп эмгектенип келип, ардактуу эс алууга чыккан профессор Кусеин Карасаев 90 – жылдарда жашы 90дон ашса да, карылыгына карабай чыгармачылык устаканасында белин бек бууп эмгектенген. Азыр ал кишинин көзү өтсө да эмгектери эл арасында жашап жүрөт.

Ой-пикирлер