Кирүү

Күрдү ыры

Сук, сук, сук болсоң чык, Аруудан болсоң чык, Аштан болсоң чык, Оттон болсоң чык, Кайыптан болсоң чык. Суудан болсоң чык, Тилден болсоң чык, Көлдөн болсоң чык.
Көзү жамандын көзү менен кет, Тили жамандын тили менен кет, Дили жамандын дили менен кет. Караңгы түн менен кет, Кара көмүр менен кет. Эски тегирмен менен кет, Эшиктен үйгө кирбей кет.
Кайдан бүттү жаман сук, Күрдүмдүн күчү сууруп чык. Бузук десең Бурулга бар, Буюккан бул байкушта эмнең бар? Бузулган эски тамга бар, Өңү кара, көзү көк, Орою суук жанга бар. Айлыбызга батпаган, Арамза, чуут байга бар. Үзүлбөй куюн ойногон, Суу акпаган жарга бар. Сары суусу каймактай, Сасып жаткан сазга бар.
Чык, чык күрдү, чык күрдү, Сендей тоюнбасты ким көрдү? Кашык салып жей элек, Каймагың эле бир челек. Кол башындай калбаптыр, Кудай урган куу соргок, Койбой аны жалмаптыр. Өлген сындуу олсочү, Үзүктой эле комөчү. Өлүп кеткен бул соргок, Бир тиштем да койбоптур. Ошол үчүн бул тойбос, Оорулуудай онтоптур. Too телкинин бөйрөгүн, Туурап жедиң тойбодуң. Туурдуктай беш нандын, Бир да бироон койбодуң. Кагын болсоң кагып кет, Чемен болсоң чыгып кет. Баш оору болсоң басып кет, Аш оору болсоң сен чубут, Таңга жетпей олүп кет.

Ой-пикирлер