Кирүү

Күн тийген жердин чоросу

"Күн тийген жердин чоросу". Бул - кошоматчы адамдарга ка­рата айтылуучу соз. Т.а. "Күн тийген жер" - дөөлөттүүлөр, мансап-

туулар, улуктар. Ошолорго жаккан шылуун, кошоматка кой союучу "чоролор" же ошолордун ырын ырдаган, чоорун тарткан эки жүздүүлөр, "бет пардасы" жоктор. Мында, чорону алардын жигити, камчы чабуучусу сымалы түшүнүү керек.

"Ал күн карама". Мында да кошоматчылык тууралуу соз ба-рат. "Кун карама" - маданий өсүмдүк. Ал эртеден-кечке дейре кун жылган сайын ошону карап жылып, осуп турат. Демек, кун карама-ны улук, улук мансапкор десек, ошонун тилин алганды отмо маани­де, "Кункараманы караган кун карама" деген түшүнүктү берет. Муну тескериси - жер карама, жоош, жүүнү бош, эчтекеге эби жок өңцүү мүнөздөмө айтылат.

Ой-пикирлер