Кирүү

Күн нуру

Күн нуру

Күндүн кереметин мындан бил. Ал бүт жер бетине жылуулук тартуулап, жашоону жандандырат. Жандуу, жансыз жаратылышка аба, суу кандай керек болсо, күн да ошондой зарыл. Дегинкиси, адам баласы эртең менен эрте туруп, күндүн нуру кошо чачыраган ырыс-кешиктен куру калбашы керек. "Күн чыкканча уктаган – ырыскыдан куру калат" деген кеп бар элибизде. Аларды жалкоо, ырыс кесерлер деп коюшат.

Күн нуру наристе балдарга мээримин чачып, маңдайынан сылап, эркелетет экен. Анткени, алардын ички дүйнөсү таза, чынчыл, ак жүрөк, боорукер. Андан кийин энелерге төгөт экен мээримин. Эненин мээриминдей мээрим жоктур. "Аталар аскалуу тоо" дегендей, аска тоодой аталар күн нурун тосуп алып, тер агыза иштеп, кечинде аны узатып койгонду унутпаптыр. Мен күнүгө атам, апамдар менен кошо туруп, күндүн ырыскы төгүшүн күттүм. Деги эле, "ырыскы" деген эмне болду экен? Атама суроо узаттым:

- Ата, ырыскы кандай болот?

Атам күлүп, куудулдана сүйлөдү.

- "Ырыскы" деген азыркы сенин турган турпатың. Курсагың ток, киймиң бүтүн, ата-энең бар, биз дагы маңдайыңдабыз. Эл тынч, эл ичинде биз тынч жашап турабыз. Ушунун өзү ырыс.

Ошондон бери эртең менен күн шооласын чачкан убакта өзүмдү бактылуу сезип, төрөлгөн күнгө, жашоого ыракаттана берем.

Ой-пикирлер