Кирүү

Кулдар барбы?

Балдар Мамбеталыга суроо берип калышты:
— Ата, азыркы күндө кул барбы?
Акылман карыя терен, ойго кетти. Бир оокумда булар-ды баян этти:
— Падыша кулчулугунан башыбызды азаттыкка чы-гарган Октябрь төңкөрүшү болду. Бирок али да арабызда кул өңдөнгөндөр жок эмес. Чаң жукпаган мебель, алтын жалаган идиш аяк, миң кулпурган килем-килче үйүнө жык толгон. Ал үйдөн кагаз аттууну көрүүгө зар болосуң. Бул адамды өлүү дүйнөнүн кулу дейт.
Ал эми көк буфеттин түбүнөн кезиккен кек тумшуктар-ды кызыл кекиртектин кулу дейбиз.
Эки кишинин ортосуна чагым салып, айылга бүлүк тү-шүргөндердү кызыл тилдин кулу делет. Булардын көөдөнү көрдөн караңгы, тили за ар келет.

Ой-пикирлер