Кирүү

Күйкө

Күйкө - шумкарлар тукумундагы жырткыч куш. Күйкөнүн 2 түрү (кадимки жана талаа күйкөсү) бар. Кадимки күйкөнүн дене узундугу 38 сантиметрге чейин, салмагы 240 граммдай канаты жайылганда 82 сантиметр болот. Ургаачысы эркегинен чоңурак, өңү сары күрөң, жонунда күрөң, кара күрөң тактары бар. Алар жакшы баамдаш үчүн асманда канатын каккылап тура берет да, аңызда чычкан көрүнгөндө тик түшүп, кармайт. Күйкө көп жерлерде (Европа, Азия, Африкада) кездешет. Түндүк жактарда келгин куш катары, түштө туруктуу жашайт. Бактын бутактарына, аскаларга жана башка жерлерге уялап, 4-5 жумуртка тууйт да 28 күндө басып чыгарат. Күйкө - пайдалуу куш, айыл чарбасына зыяндуу ар кандай чычкан, момолойлорду, ошондой эле чегиртке, ири коңуздарды жеп, жок кылат.

Ой-пикирлер