Кирүү

Көзкамандын Манастын кырк чоросунан женилиши

Ээр белдей белеске

Из чалган Бакай акылман

Эңкее барып көрдү эми,

Мыйыгынан күлдү эми.

Камандар добулбасын чалыптыр,

Дуулдап кызып калыптыр.

"Манасты сойгон ойну" - деп,

Калмактары былкылдап,

Катуу бийлеп алыптыр.

Кабылан Бакай келгенин

Кароолдо турган Желдейбоз

Алдыртан байкап билиптир.

Астындагы тулпарга

Камчы басып, бакырып,

Көзкаман, Көкчөкөзүнө

Кирип барды жапырып.

"Казып койгон ор келди,

Кайран жанга шор келди.

Күндөп-түндөп жол тартып,

Качалы десе болбойсуң,

Камчыланар кез келди.

Ай, Көзкаман, оңбойсуң!

Чоролор чечер жүгүңдү,

Өлдү деген Манас шер,

Көрсөң, бүгүн тирилди.

Кызырлуу Манас шер келди,

Кыстоону тартып сойлойсуң,

Албаңдалдаң ал десем,

Бадирегим болбойсуң!

Баарыбызды кырдырдың.

Ай, Көкчөкөз, оңбойсуң!

Ай, Көкчөкөз, Көзкаман,

Олжо кыз албай, ойрон бол!

Эптүү кыз албай, энеңди ал!

Мен көргөндү көрдүңбү?

Эсирип жаткан кесек, ит,

Мен билгенди билдиңби?

Салынган тоонун уурчуктан

Салаңдаган тумшуктан,

Айырмаштай кысыктан

Оргуган калың чаң чыгат,

Оргуган чаңды карасам,

Көк тулпар келет аркырап

Көк тулпардын үстүндө

Көрөсөн Бакай олтурат.

Анын арка жагынан

Зорлугу тоонун теңиндей,

Кезешкенди жегидей,

Сандаган жоону шаштырган

Сарала багып ат кылган,

Атагын уккан чочуган,

Ата канат шум дүйнө,

Өзү ажайыптан окуган,

Астынан туман бөлүнөт,

Ал Бакайдын артынан

Алакең келет көрүнөт.

"Анын артын карасам,

Ач кыйкырык куу сүрөөн,

Ала булут, көк бургак,

Асты жагы болгон жаан,

Ары чети жөө туман, -

Алмамбеттин жайы экен.

Бу куугундун ичинде

Кабылан Чубак бар экен.

Уруучу буркан урат го,

Каарына алса, Манасы

Улак кандын Сыргагы

Уйпалап, жанчып кырат го?

Күндүзү бүркөк, түнү ачык

Күндүн кую бузулду,

Көкүтүп келген камандар,

Бизге көрсөтөрүң ушубу?".

Желдейбоз айтып турган соң,

Көзкаман, Көкчөкөзүнө

Жетип кабар кылган сон,

Ашып-шашып чамданып,

Жоо-жарагын камданып,

Каңгайдан келген кылычты

Кынынан сууруп, шайланып,

Көзкаман жайын сурасаң,

Алты жылы жөө басып,

Алтымыш кылыч байланган,

Алтымыш дөөнү өлтүрүп,

Алышканды жайлаган,

Жети жыл тынбай жөө басып,

Жетимиш кылыч камдаган.

Жеткилең мыктуу жадыгөй,

Жетимиш дөөнү жайлаган.

Көзкаман журттан бир башка,

Жеткен жер менен салышып,

Көнгөн чуңкул көйкашка.

Жазбай атчуу мергенин

Жан-жагына камдады,

Кагышып жатып өлүүгө,

Кайрат байлап турганы.

Он кишиге бир башчы,

Отуз жанга бир жакшы,

Алтымышка бир ыктуу,

Жүз кишиге бир мыктуу

Башчыларын дайындап,

Көкчөкөз менен Көзкаман

Оозунан оту жалындап,

Кабылан Манас, зор Бакай

Кара кыр ашып келгенде,

Көзкамандын кошуна

Айкалыша киргенде,

Айкөлүңдүн кырк кыраан,

Ажыбай, Бакай көк жалдар,

Алмамбет, Чубак арыстандар,

Сыргак менен Сереги,

Ырчуул, Шууту дегени,

Кагышта тийчүү кереги,

Бир жагы болсо, камандар

Булар да, алыша келсе, ыктуулар -

Көп жоонун адисин билген

мыктуулар.

Балбандарга бакырып,

Жаачыларын чакырып,

Желдетке кабар берген соң,

Булар каарданып акырып,

Какандап ураан чакырып,

Көкчөкөз менен Көзкаман -

Каңгайдан келген көйкашка
Булардын пендеден түрү бир башка!

Ай төбөдөн батышты,

Аянбастан атышты.

Күн төбөлөп батышты,

Күнү-түнү атышты.

Айгайлаган барсылдак,

Асман жарган тарсылдак,

Боз мунарык, кызыл чок,

Бозоруп күйгөн, жанган ок.

Көз ирмебей урушту,

Калмак, кыргыз кагышып,

Алыша албай турушту.

Ошол кезде Алмамбет

Сараланын үстүнөн

Аябай каары келди эми;

Топчулугу бир тогуз,

Топчулугун чыгарып,

Бүчүлүгү бир тогуз,

Бүчүлүгүн чыгарып,

Кыйын мылтык, сыр бараң,

Кыргы менен кыргылап,

Кундагынын көчүгүн

Кара ташка ургулап,

Милтесине чок коюп,

"Бир салганда экиден

Сыр бараңдын ичине

Кыдырата от коюп,

Бек тиктешип атышып,

Мээнетти минтип тартышып,

Баягы Алман кабылан

Камандарды барсылдакка алды эми;

Туман уюп, чаң каптап,

Жер көрүнбөй калды эми.

Өткөрө жайчы Көзкаман

Салып турат шамалды.

Артык ыкчыл Көкчөкөз

Кылып турат амалды

Бирөөн - бирөө шыкаалап,

Дал келтирип аталбай,

Баары балбан баатырлар

Бирөөнө - бирөө баталбай,

Желмогуздай Көзкаман

Жеткилең белин буунган,

Каңгайга барып туулган,

Бээжиндеги суу кудук

Алты ай барып жуунган

Көзкамандын түрүнөн

Көргөн адам чочуган,

Калмактардын илимин

Калтырбастан окуган.

Бул ажайыптан дуба окуп,

Атагын уккан титиреп,

Кармаша албай дит багып,

Канчалар качкан бытырап.

Жар чакырып, жүйө айтып,

Жакындап келди Көзкаман.

Туура кара ташка окшоп,

Турпатын көрсөң эң жаман.

"Кан Манастын кырк чоро,

Атыңдын оозун буруп бер.

Жекеме-жеке сайышка

Жетигиң чыгып туруп бер!

Мени сайып сен алсаң,
Тун букараң болоюн;

Ак буудай унун чайнайын,

Мындан кийин алак иттик

кылбаска

Айтып антым кармайын.

Сени сайып мен алсам,

Каканга барып коносуң,

Жылбай жайыт сактаган

Менин түбөлүк кулум болосуң!

Белги кылып бир жерди,

Жер өлчөөлөп калалы,

Кырк чорого кырк төрөм

Жеке согуш салалы!".

Кабылан Бакай муну угуп,

Калмакка дөөмөт берди эми,

Кара кытай, манжуунун

Айтканына көндү эми.

Манас кандын кырк баатыр

Кайсы бирөө адашып,

Кээ бирөөнү карасаң,

Жекеге "мен чыгам!" - деп

талашып,

Найзаларын ийишти,

Тулпардан тандап миништи,

Көк темирден туулга

Көмкөрүп башка кийишти.

Кырк баатырды чакырып,

Кырааның Бакай акырып:

"Кагылайын, кырк чоро,

Кара мылтык карс этсе,

Качып шорум кайнатпа.

Чогоол мылтык чорт этсе,

Чочуп шорум кайнатпа!

Жетик ойло, кырк чоро,

Жекеге кимиң, барасың?

Эпос Манас

Жаралуу Манас баатырдын

Убалы, сообу болобу-

Милдетин кимиң аласың?

Кырк жерден келген кымбатым,

Сайышка кимин барасың?

Чаңды кимиң саласың?

Чамаңды чакта, кырк чоро,

Чабышка кимиң, барасың?

Ажалдуу пенде өлбөйбү,

Атаңдын көрү, кырк чоро,

Абийриң кимиң аласың?

Алтын айдар, чок белбоо,

Азиз кандын жалгызы,

Сырттан Манас курбусу,

Кызыл найза желегим,

Кытайдан келген белегим,

Какандан келген кабылан,

Сага, каршы чабар кандай жан?!

Алмамбет мында турасың,

Жадачы кара калмакка

Айланы кимиң, кыласынң".

Абакең айтып турганча,

Оозун жыйып алганча,

Алтымыштын артыгы,

Кырк чоронун кыйыны,

Теке жоомарт ат минген,

Темирдей көпкөк тон кийген,

Ажалдан кылча тартпаган,
Өлүүгө чапса, сүйүнгөн,

Эр экени билинген,

Сумсайганыя жазбаган,

Сунгандан кайра тартпаган,

Кара болот кыргагы,

Кабарыңда бар бекен

Кабылан Манас Сыргагы.

Арыстан Сыргак баланын

Жан өлчөгүс чамасы,

Айкөлүң экөө уялаш,

Ага-ининин баласы.

Орто бойлуу, кең далы,

Ойрон Сыргак көйкашка

Ойрон салар убагы.

Эр Сыргак Көкчебич оозун

бурду эми;

Бата сурап, кол жайып,

Бакайды карап турду эми.

Мойнуна боз кисесин салынып,

Майданга чаап чыгууга

Баатыр Сыргак камынып,

Оозун жыйып алгыча,

Алмамбет, Бакай, Сыргакка

Бата бере салгыча,

Көкчөкөз чыкты жекеге

Каарданып бакырып,

Оозунан оту чачылып.

"Сырттан кыргыз, эр бурут,

Сенин бүгүн сурагың бүтөр кези

экен.

Алдыңкы жерге кел, бурут!" -

Деп, ошентип Көкчөкөз

Каарланып качырып,

Кертору оозун бурду эми.

Көк темирден найзасын

Бала Сыргак байкушка

Күркүрөтө сунду эми.

Калмактын каары көрүнүп,

Бала Сыргак эр эмес,

Чиркин, Бакайдын көөнү бөлүнүп,

Бала Сыргак көк жалга

Алмамбет, Бакай, Чубактар

"О мийин" - деп кол жайып,

Жаратканга кыдып зар:

"Он алтыда бала элең,

Ойноо бала, жан элең.

Алдырып ийсең,- жаман ат,

Сенин жаның, бир кудайга аманат!".

Асылдар батасын берип турду эле,

Айрылышып кетчүүдөй,

Арыстандар Сыргакка кейиш кылды

эле.

Тегеренип карабай,

Теги Сыргак көйкашка

Теңселип чыкты согушка

Тегеле жанын аябай.

Бала Сыргак кейкашка

Буурканып бакырып,

Мерчимдүү жерге жетерде,

Бет алыша кетерде,

Манастап ураан чакырып,

Кайран жеңең Каныкей кылган ок

өтпөс,

Тешиги жок кийинип,

Калмакты көздөй бет алып,
О, чиркин, кашкайып күлүп

сүйүнүп,

Өөдө-төмөн карабайт,

(Дүнгүлдүгүн көрдүңбү)

Бала өлөмүн деп санабайт!

Опол тоодой Көкчөкөз

Каарынан чаң чыгып,

Кайратынан жан чыгып,

Айбалтадан алтоо бар

Кебез курда байлалуу,

Найзасынан үчөө бар

Экөө такымында жайлалуу.

Сыргак жебеден мурун жетти эле,

Жеткен жерде калмакты

Баатыр жаакка муштап өттү эле

Көкчебич оозун тарткыча,

Оңдонуп Сыргак кайткыча,

Камбыл экен Көкчөкөз,

Кырк кулач бою көк найза

Кыйкырып кирип сунду эми.

Кыңкайлап калган Сыргакты

Качырып жетип урду эми.

Зардеби мүшкүл найзанын

Оой түшүп, жоголду,

"О, кудурет, сакта!" - деп,

Көкчебичтин ыйык жал

Сыргак араң кармап оңолду.

Аран ооз сур жебе

Ала коюп Көкчөкөз,

Аны менен кырк атты.

Болот октуу сур жебе

Муну менен төрт атты.

Бала Сыргак көйкашка

Көзү кетти алактап,

Буту кетти салактап,

Ажыбай, Бакай, Алмамбет

Көрүп турат күйүнүп,

Эми Көкчөкөз баатыр сүйүнүп:

"Тирүү кармап алам - деп,

Какандын сынчы канына,

Кырк капкалуу шаарына,

Колуна кармап барам - деп,

Кырк аркан бою зынданга,

Алып барып салам - деп,

Кемелине келбеген,

Күч салышкан мен менен

Бала Сыргак көк жалдан

Минтип өчтү алам - деп,

Оолжуп турган Сыргакка,

Алгын жаак айбалта

Ала коюп Көкчөкөз,

Аны менен төрт салды,

Кара болот нар кескен

Эми кабылан Сыргак колго

алды.

Көкчөкөздүн найзасын

Экөөнү катар сындырды.

Кайратына келгенде,

Бу да качырып кулак тундурду.

Жекелешип турушту,

Жолборстой Сыргак күркүрөп,

Эми жер таянбай урушту.

Көк жал Алмаң көйкашка,
Сарала санга бир салып,

"Сыргак жан!" - деп үн салып,

Жакындап келип турду эми.

Келгенин Сыргак көрдү эми.

Кайра Сыргак жетти эми;

Көкчөкөздү эр Сыргак

Бели ар жакка бекчейип,

Кабырга сөөгү чекчейип,

Кыйкырып сайып калды эле,

Кыйшайбай койду ал калмак.

Эми чокуга туруп берди эле,

Чоюлуп сайды ал калмак,

Чочубай койду эр Сыргак.

Ошондо Көкчөкөздүн тогуз уул

Көмкөрүлүп жеткени,

Көк жал Алмаң, Сыргакты

Тегеректеп кеткени.

Көк сүлөөсүн бөрк кийген,

Көк жал абаң эр Бакай

Качырып кирип келгени,

Акбалтанын Чубагы,

Айбаты күчтүү чунагы,

Бир жагын түрүп киргени.

Камгак учкан кемедей,

Кайнаган жоону тебелеп,

Манас кандын кырк кыраан

Уйгу-туйгу жүргөнү.

Жылкы кууган эмедей

Уюлгутуп сүргөнү.

Кабылан Манас баатырың

Орто жолго келгенде,

Жарасы кайра тешилип,

Өлүп кетчүү балаага

Өткөрө көк жал кезигип,

Кээ тешилген жеринен

Кара кочкул кан агып,

Кээ тешилген жеринен

Кыжылдаган заар агып,

Чаалыгып, чарчап жаталбай,

Чарадай башты көтөрүп,

Калып калды айкөл шер

Оору болуп жөтөлүп.

Чабышка атты мине албай,

Кырк чоро менен айкөлүң

Чалгындашып жүрө албай,

Азабын тартып Каныкей,

Эч айласын кыла албай,

Сырт жагынан кырк чоро

Аманатын айтыптыр,

Кыйналып турган Манасты

Жетелеп алып Каныкей

Таласты көздөй кайтыптыр.

Жеткен жери калмактык

Кең Жылдыздын керүүсү,

Кызыл кыргын, чоң согуш

Болуп кеткен жери ушу.

Тулпардын баары жулкунуп,

Ээлиге чаап, булкунуп,

Баатырлар күндүз тынч албай,

Чырм этип уйку ала албай,

Көзкаман сексен, берки кырк
Арбашкансып айрылбай,

Ай талаада турушуп,

Аттар өлсө, талаадан

Ат олбушуп минишип,

Тирелише келишип,

Тик качырып урушуп,

Арыстан Алмаң көйкашка

Кайыптан алган жай ташты

Дубалап сууга малды эле,

Жылаандан алган жай ташты

Бир жан аяк кара суу

Тиер-тийбес кылды эле,

Булут аты бууракан

Мунун атын чакырып,

Күндү жайлап турду эле,

Ээрдин кашын каккылап,

Үзөнгүнү чапкылап,

Асманга карап Алакең,

Үч кыйкырып, үч үйлөп,

Калмагынча калдырап

Кытайынча балдырап,

Үч жол мөңкүп алды эле,

Аябай жайды салды эле,

Асмандан булут сабалап,

Жерди булут камалап,

Асмандан булут бириндеп,

Жер бетин көздөй зирилдеп,

Бөксөнүн баары мөндүрлөп,

Жаканын баары жамгырлап,

Караса, көзгө илинбей,

Дүнүйө жүзү жөө туман,

Кайсы экени билинбей,

Ала канчык шыбыргак,

Жер бузулуп тыбырлап,

Кокту-колон жер менен

Үйөр агып, сел каптап,

Жайдын күн муздап кыш болуп,

Кийими жука Көкчөкөз

Кылтылдаган кыз болуп,

Кабылан Алмаң күн жайлап,

Кактээр айла табалбай,

Калмактарда шор кайнап,

Байдын уулу эр Бакай,

Аргын кандын Ажыбай,

Акбалтанын Чубагы,

Улакандын Сыргагы,

Ырамандык Ырчуулу,

Үзүктөй калпак эр Шууту

Минишип тулпар алабаш,

Качырып колду салды эми

Кырк чоро баары аралаш.

Ошол кезде Көзкаман

Кайнап көзү тунарып,

Кара бою суналып,

Сыргакты көздөй найза уруп,

Желмогуздай жутунуп,

Келип калган кезинде,

Сырттан Алмаң бакырып,

Манастап ураан чакырып,

Куштай учуп жетти эми,

Жеткен жерден эр Алмаң

Көзкамандай балбанды

Көмө коюп өттү эми.

Кек тулпарды бир салып,
Кайран Бакай абакең

Көзкаманга жеткени,

Жеткен жерден камандын

Башын кесип өткөнү.

Ошондо Көккерикке камчы уруп,

Көңүлү жаман бузулуп,

Көкчөкөз чыкты күүлөнүп,

Күпө-күпө сүйлөнүп:

"Чала мангул ит эле,

Бул бурутка жетейин,

Азып келген Какандан

Алмамбет башын кесейин.

Чубак, Бакай, Алмамбет

Чуу түшүрүп баарысын,

Такыр кырып кетейин".

Жан аябай кайгырып,

Бир тууганы Көзкамандан айрылыгг,

Намысынан ардыгып,

Эми Алмамбетке жетерде,.

Бута бою жакындап,

Найза жанчып өтөрдө,

(Азыр кергүн өкүмдү)

Акбалтанын Чубагы

Айкырып найза көтөрдү,

Көкала санга бир салып,

Көкчөкөзгө кол салып,

Качырып мына жетти эми.

Жеткен жерден Чубакең

Көк кериктин үстүнөн

Көмө коюп өттү эми.

Кайрылып келип эр Чубак

Башын кесип салды эми.

Кымбатың Сыргак көйкашка

Кылыгы журттан бир башка,

Көкчөкөздүн кара кан

Кош колдоп уучтап абыдан

Жутуп-жутуп алды эми.

Күйгөн жүрөк басылып,

Күйүтүнүн баары жазылып,

Арыстан Манас айкөлдүн

Минтип өчү канды эми.

Көкчөкөз менен Көзкаман

Азапты минтип тартышын,

Талоонго түшкөн дүйнөнү

Таласка кайра артышып,

Жаралуу Манас көк жалга

Бурамалуу жез найды

Бурчтан кармап имерип,

Алты күлүк ат менен,

Алакандай кат менен

Эр Шуутуну жиберип,

Эр Шууту сапар тартты эми,

Суусамырды басты эми.

Эрдигинен оолукту,

Айкөл Манас шерине

Издеп келип жолукту.

Энкейип Шууту кеп айтты:

"Айкөлүм, сага акыры,

Алдам берди, - деп айтты. -

Күйгөн бир жериң басылды, Манас,

Күптүүнүн баары ачылды, Манас,

Көчүүгө качкын конуптур, Манас,

Сенкн көксөгөн чагың болуптур,
Жылдызга качкын конуптур, Манас,

Сенин жыргалдуу жолуң болуптур,

Манас.

Сенин кымызы таттуу тууганың,

Манас,

Кыраандар кырып коюптур, Манас.

Кеткениң кечүү конуптур, Манас,

Сенин керектүү маалың болуптур,

Манас.

Баягы керилген агаң Көзкаман

Бакай кан кайсап коюптур, Манас.

Алмамбет агып өтүптүр, Манас.

Кырааның Чубак көйкашка

Кыйдалыдан жетиптир, Манас.

Сенин кырдалдуу абаң Көкчөкөз!

Кериктен учуп кетиптир, Манас

Сыртынан Сыргак оюптур, Манас,

Калмактан келген тууганың, Манас,

Кырк чоро кырып коюптур, Манас"

Колу сууга малынып,

Көксөгөнү табылып,

Коңгурап, жашып, кайран шер

Ошондо эр Шуутуга жалынып:

"Антип бир кабак ачылса,

Шуутум,

Өрттөнгөн журөк басылса,

Шуутум,

Дүйнөмдү кылча карабайм,

Шуутум,

Теги эчтемени аябайм, Шуутум.

Ушул бир кебиң чын болсо,

Шуутум,

Өчкөн бир отту тамыздың,

Шуутум,

Өлгөн бир жанды тиргиздин,

Шуутум,

Ээрчитип жүрүп ар кылдым,

Шуутум,

Ар жерден келген кырк кыраан,.

Шуутум.

Сени эр уулу менен тең кылдым

Шуутум,

Ушу бир кебиң чын болсо,

Шуутум,

Таласта кыргыз айлымды ал,

Шуутум,

Каалаган жерден зайбыдды ал,

Шуутум.

Өгөөмдү коюп, бүлөөмдү ал,

Шуутум ,

Калдайган кыргыз журтумдан,

Шуутум,

Каалап бир сүйгөн бүлөңдү ал,

Шуутум.

Таласка салган тамымды ал,

Шуутум,

Денемди таштап, жанымды ал,

Шуутум.

Адырда түмөн малымды ал,

Шуутум,

Аздык кылса, көөкөргө куюп,

канымды ал, Шуутум.

Кундузум кошуп түлкүмдү ал,

Шуутум

Карабай чогуу берейин,

Менин казынам баштап мулкүмдү

ал, Шуутум.

"Ошо кайран жеңең Каныкей,
Алып калды арамга кеткен

Жанымды!

Адырда жылкы алабаш,

Аргымак, буудан аралаш,

Алып келгин жалпак өркөч

төөлөрдү,

Жарып салгын, эр Шуутум,

Айтуяк жүздөн бээлерди.

Аябагын малымды,

Урматына бээ сойгун,

Менин ажалдан калган жанымдын.

Менин сайышка минер бууданым,

Өзүндөй эрлер, уялаш,

Мага өлүмгө орток тууганым.

Пейли сүттөй берендер,

Менин белиме медер кылганым.

Туйгундар сенин үлүшүң,

Менин ташыганым, жыйганым -

Ак жолтой чоро кырк кыраан -

Абийрим менен ыйманым!

"Ата адырда жылкым, кайдасың?

Арыстандар казы чайнасын.

Күйүмдүү тууган кырк баатыр

Күүлөнүп күлүк байласын,

Шуутум, эртелеп айтчы Канышка,

Эзиле бышкан эт тартып,

Эрлердин көөнүн жайласын.

Калтырбай шарап аш берип,

Кандырып суусун, чайласын!".

Кечээ кең Таластын боюнда,

Жылгындуунун оюнда,

Орошон оң-сол ой кылып,

Атпай кыргыз чогулуп,

Алтымыш күнү той кылып,

Калкайдан келген мейманды

Кең Талас бойлоп кондуруп,

Каалаганын жок дебей,

Көөнү менен болтуруп,

Тумшуктун баары жетилип,

Душманы минтип кетилип,

Канаты карыш жетилип,

Кармашкан жоосу кетилип,

Көзкамандын урушта

Ажыбай, Бакай эр аман,

Алмамбет, Чубак шер аман,

Серек, Сыргак тең аман,

Улама билгич кары аман,

Манастын кырк жайсаңы баары

аман.

Алты сан кыргыз аралаш

Абийир алып кайран баш,

Бээ сойгону бээ союп,

Төө сойгону төө союп,

Кантты кардай омуруп,

Сары майдан томуруп,

Дүнүйөнү жайнатып,

Баглан козу, ширин баш

Бүлкүлдөтө кайнатып,

Жолборсу он беш төлдөшүп,

Жолоп душман түк келбей,

Баатырларга теңдешип,
Жарасы текши жабылып,

Убайын көрдү журтунун,

Эми убайын тартпай камыгып.

Көк марал айдап, уй кылып,

Челише келген душманды

Чөл түшүрүп буй кылып,

Ак марал айдап уй кылып.

Атыша келген душманга

Арыстандар алышка келген буй

кылып,

Колу жетип Коконго

Кабары жетип Кашкарга,

Келберсиген баатырлар

Кең Таласта жатканда,

Бүтүн кундуз терисин,

Жарты бөлүп алышып,

Жарашыгын келтирип,

Багалекке салышып,

Күлүктү тандап байлашып,

Күндө болот кайрашып,

Булкунтуп буудан байлашып,

Бууруккан кеңүл жайлашып,

Күнгөйдүн жолун чалышып,

Күндө кабар алышып,

Чалкайган тоонун башына,

Чаап чыгып барышып,

Кайкалап кароол карашып,

Кайгуулдун жолун талашып,

Аркайган аска төр ашып,

Алмамбет, Чубак жанашып,

Будурга чыгып турушуп,

Бугунун жолун буушуп,

Аркар атып союшуп,

Азаматтар тоюшуп,

Мамырлап жатып калды дейт

Манаска катар конушуп.

Эпос Манас

Ой-пикирлер