Кирүү

Көтөрүп алып иштөө

Көтөрүп алып иштөө - I) жарандык укукта - келишим; ал боюнча бир тарап (көтөрүп алып иштөөчү) жоопкерчиликти өзүнө алып, экинчи тараптын (заказ берүүчүнүн) тапшыруусу боюнча анын же өзүнүн материалдарын пайдаланып белгилүү бир ишти бүткөрүүгө, ал эми заказ берүүчү бүткөрүлгөн ишти кабыл алууга жана ал үчүн акы төлөөгө милдеттенет. 2) Келишимдин негизинде эмгекти уюштуруу формасы; өндүрүштүк тапшырманы тез аткаруу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана продукция сапатын жогорулатуу, материалдык ресурстарды үнөмдөө үчүн кызматчылардын (бригада, звено, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана башка) демилгесин кеңири пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү чарбалык эсептин бир түрү.

Айыл чарба өндүрүшундө көтөрүп алып иштөөчү тарап менен чарбанын ортосундагы кабыл алынган келишимде тараптардын милдеттенмелери жана жоопкерчиликтери так көрсөтүлөт. Келишимдин негизинде көтөрүп алып иштөөчүгө жер, техника жана өндүрүштүк башка каражаттар узак мөөнөткө бекитилип берилет. Көтөрүп алып иштөө өндүрүштүк программаны аткарышы үчүн чарба толук шарт түзүп, иштин түпкү жыйынтыгына жараша белгиленген тартипте көтөрүп алып иштөөчү тарапты эмгек акы жана материалдык сыйлык менен камсыз кылат. Көтөрүп алып иштөөчү продукцияны керектүү өлчөмдө жана тийиштүү сапатта алып берүү, өндүрүш чыгымын пландагыдан ашырбоого милдеттенет.

Көтөрүп алып иштөөдө чарбалык ички эсеп азыркы учурдун жаңы формасы катары толук ишке ашырылат. Көтөрүп алып иштөөчүлөр (бригада, звено, ферма, үй-бүлө) жана заказ берүүчү (чарба) аз күч жана чыгым жумшап, арбын продукция алуу максатын көздөшөт. Айыл чарба өндүрүшүн башкарууда демократиялык башталыш андан ары өнүктүрүлөт. Мамлекетке продукция сатуу планынын негизинде чарба өндүрүш программасы, анын ичинде, алынуучу түпкү продукциясынын өлчөмү иштелип чыгат. Жумуштун бүт номенклатурасы, аткаруу мөөнөтү план жана график боюнча аныкталат. Көтөрүп алып иштөөчү коллектив түпкү жыйынтык продукция боюнча өз милдеттенмесин аткарууга, ички өндүрүш резервдерин издеп табууга мүмкүнчүлүк алат.

Ой-пикирлер