Кирүү

Кошой-коргон - Байыркы ордо-шаар Атбашы

Кошой-коргон - Байыркы ордо-шаар Атбашы

Эгерде биз Кочкор өрөөнүндөгү шаар чалдыбарын XI—XII кк. таандык кылсак, Тянь-Шанда, жогоруда баяндалгандардан көрүнүп тургандай, VI—VIII кк. да, XI— 12 кк. да дыйканчылык конуштар көп санда болгон эмес.

Кошой-Коргон шаар чалдыбары отурукташкан типтеги бир кыйла эски эстелик. Жергиликтүү кыргыз калкы ал жерде Манастын легендарлуу жан-жөкөрү Кошойдун кенчи катылган деп эсептешет.1210 Бул шаарча эң сонун сакталган (2 жана 3-сүрөт), ал тик бурчтуу келип, каптал жактары дүйнөнүн төрт тарабын карайт, дубалдарынын узундугу 250 жана 280 м (чыгышы менен батышы), бийиктиги 8 м ге чейин, түбүнөн алганда 12 м ге, бардык дубалдар бурчтары сыртка чыгып турган мунаралар (12 м ге чейин) менен абдан бекемделген. Дубалдар узун-туурасы 1 м ге чейинки баксадан тургузулган. Шаар чалдыбары райондун борбору Атбашыдан 12 км батышта, Кара- Коюн суусунун сазга айланган жайылмасынын үстүнкү тектирчесинен орун алган. Дубалды тургузуу ыгына жана ичинен табылган буюмдарга (атап айтканда, бүркүттүн сүрөтү бар нефрит мөөрү) караганда шаар өзүнүн пайда болушу менен VIII—IX кк. согду усталарына милдеттүү. Бул шаар-чеп ! түрк хандарынын ордосу болгон, анда алардын чатырлары турган, согуш учурунда малды киргизип, аялдар менен балдар баш калкалашкан. Бул Чоң-Кеминдеги Суяб, Иледеги Чилик шаар чалдыбарлары жана башка бир катар ушул сыяктуу типтеги шаар. Ал Чүй өрөөнүнүн шаарларындай кол өнөрчүлүк менен сооданын борбору эмес, шаар-чеп болгон. 14 к. Ат-башы деген ат менен белгилүү болгон бул шаар кошумча бекемделген, мүмкүн Тимурдун өзү тарабынан бекемделсе
керек. Ал шаарды түштүгү менен чыгышын, түндүк-чыгышын шагыл, кум арбын кошулган ылайдан согулуп тургузулган дагы бир дубал менен курчаган; түндүк жагынан бир бөлүгү жана батыш тарабы кошумча бекемделбеген бойдон калган, анткени мындагы өтө саздуу жер шаарга баруучу жолду тосуп турган. Кыязы, Тимур шаардын негизги бөлүгүнүн дубалын бекемдеп, ремонттоп, дарбазаларды башкача кылып орнотсо керек. Түштүк дубалдагы, "г" тамгасы түрүндөгү, VIII—X кк. Жети-Суу үчүн мүнөздүү болгон эски дарбазалар чыгыш жана батыш дубалдардан чыгарылып алынган дарбазалар менен алмаштырылган. Шаарчанын ичинде курулган монументалдуу курулуштар да ушул эле мезгилге таандык, (алардын бузулгандан кийинки калдыктары) дөңдөр түрүндө көрүнөт жана ошол эле мезгилге мүнөздүү тимурилик, бир кыйла жарды, глазурланбаган карапалар шаардын жарандык эмес, согуштук милдет аткарганын айтып турат.

Ошол мезгилдеги Ферганадан (Өзгөндөн) Тянь-Шань аркылуу Кашкарга кеткен соода жолу да ачык байкалат. Ал Жазы суусун бойлой Корумду же Кылдау-Бел ашуулары аркылуу өтүп, анан Макмал, Манакелди жана Алабука (азыркы Тогуз-Торо жана Ак-Талаа райондору) суулары аккан өрөөнгө түшүп келип, андан ары Байбиче-Тоо- сун карай бет алып, чеп-конуштарга таянып жолун улайт; булардын урандылары азыр Коңорчок өзөнүндө, Куланак айыл кеңешине караган Манакелдинин аймагында жатат жана "Шырдакбектин чеби" деген аталыш менен белгилүү; андан кийин Кум- Белдеги Байбиче ашуусун ашып (Калкабар тоосу) жол Атбашы өрөөнүнө келип, Ат- башы тоосундагы Таш-Рабат өзөнүн карай багыт алат1211. Бул өзөндө 15 к. башында султан Мухаммед таштан эң сонун кербен-сарай салдырат.1212 (Орто Азиядагы сейрек курулуштардын бири). Андан ары жол Чатыр-Көлгө келип, Торугарт ашуусу аркылуу Кашкарга кетет. Эмне үчүн бир кыйла жеңил Ак-Бейит жана Түз-Бел ашуулары эмес, дал Таш-Рабаттын транзит орду болгонун биз бул жерде 1944-ж. экспедицияда жүргөнүбүздө ачык билдик.1213

Байыркы жолдордун тоомунда турган Таш-Рабат кербен-сарайынын имаратынын планы өтө так, биринчи бөлүгүндөгү айрым турган, анчалык чоң эмес бөлмөлөр имараттын экинчи бөлүмүндөгү бир кыйла кеңири бөлмөлөр менен уланат. Ички пландын иреттүүлүгү имараттын жалпы көрүнүшүнүн жөнөкөй турпатына шайкеш келет. Төрт бурчтуу имараттын дубалдарынын биринин борборунан орун алган порталдык типтеги кире бериш босого орто-азиялык порталдык идеяны кайталайт. Мында тегерек арка, "пештака" кирген адамдын көз алдына кире бериште дубалдын эки башын догоого окшотуп кынап келип кошкон төбөсү кууш арка көрүнөт, ал көрчөгөлүү дубалдагы коридорго алып келет. Коридор чоң үйгө кире бериште ушундай эле, бирок көлөмү кичирээк төбөсү кууш аркага алып барат, ал конус түрүндөгү, төбөсү жалпак купол менен жабылган, муну Н. Пантусов "храм" деп атаган. Ошентип порталдын аркасы, көрчөгөлүү дубалга кирүүчү жана "храмга" кирүүчү босоголор бийиктиги бир калыпта улам жапыздай бере турган кире бериш жерлер. Кирүүчү жерлерди кошуп турган коридор эки дубалдын башын догоо сыяктуу ийип келип бириктирилген, ал полдун деңгээлинен болжол менен 1м көтөрүлгөндөн кийин, тактачаларды улам бирин ичкери карай чыгарып отуруп, анан 3 м бийиктикке жеткенде эки жактан көтөрүлүп келген тактачалар арка болуп кошулуп, бириктирилет. "Храмдын" үстүнө шакек сыяктуу коюлган куполу тромптордун ярусунда жатат.

Бөлмөлөрдүн көлөмүндө да пропорция сакталган, мында ар бир кийинки бөлмө же отсектери, аянттары боюнча мурдагысынан 4 эсе чоң. Бул катыш кире бериштеги аркалар сыяктуу үч жолу кайталанган, б.а "храмдын" аянты үжүрөнүкүнөн алты эсе чоң; үжүрөлөр менен "храмдын" көлөмдөрүнүн пропорциясы да ушундай эле катышта. Бардык үжүрөлөрдүн төбөсүндөгү терезелери храмдын төбөсүндөгүдөй дал ортосунан орун алган. Мындан боз үйгө жана анын түндүгүнө окшоштурууну көрүүгө болот. Таш-Рабаттын борбордук куполу чакан бөлмөлөрдүн төбөсүнүн конструкциясын кайталайт. Мунун өзү борборунда кооз боз үй турган таш болуп катып калган кыштак сыяктуудай.

Мына ушул маалыматтардын баары имараттын архитектурасына көчмөндөрдүн табитинин күчтүү таасири тийгенин айтып турат, бул — имарат орун алып турган жер жана ал курулган мезгил менен толук түшүндүрүлөт. 15 к. — Тянь-Шанда, Могулстан падышалыгында кыргыздардын толук үстөмдүгү жүрүп турган кылым, 16 к. башындагы автор Мухаммед Хайдер айткандай: чагатайлар тукумдары түзгөн мамлекеттин — "Могулстандын жапайы арстандарынын" кылымы болгон.

Ошол маалда Тянь-Шань жана анын Кашкарды Фергана жана Жети-Суу менен байланыштырып турган соода жолдору бүт бойдон жана толугу менен көчмөндөрдүн колунда болгон. Эски ордо-шаар Атбашыны бекемдеген Тимурдун бул аймактагы бийлиги узакка созулган эмес.

Байыркы Атбашы шаары 10 к. авторлоруна белгилүү болгон (Ибн Хордадбег).

Тимурдун тушунда бул негизги байыркы курулуш кошумча дубал менен негизинен чыгыш жана түндүгүнөн курчалып бекемделген, анткени чептин батыш жана түндүк-батышын саз тилкелери курчап турган.

Атбашы Тянь-Шандын "борбор шаары" болгон. Мында Хара Хулагунун жесири, каныша Эргэне-Хатундун ордосу турган. Таш-Рабат ушул район менен жана байыртадан эле көчмөндөрдүн сүйүктүү жери болгон Арпа жана Алабука өрөөндөрү менен түздөн-түз байланыштырып турган жолдон орун алган.

Таш-Рабат Атбашы менен Арпа өрөөндөрүн байланыштыруу үчүн ыңгайлуу болгон Ак-Бейит ашуусунда курулбаганы бир караганда таң каларлыктай көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул бекеринен эмес. Эгерде конуштардын топографиясын көңүл коюп карап көрсөк төмөнкүлөр белгилүү болуп чыгат: Ферганадан келаткан жолдо Алабука өрөөнү климаты жумшак жана дыйканчылыкка ыңгайлуу келип, Арпага караганда отурукташкан калктын (көчмөндөрдүн да) көңүлүн көбүрөөк өзүнө бурган. Буга мисалы, Шырдакбек чебинин урандылары далил боло алат. Арпанын катаал климаты жана жоокер көчмөндөрү кербен башыларды Алабукага караганда өзүнө азыраак тарткан. Кербен Алабукадан Калкабар тоосу аркылуу өтүп, Атбашы өрөөнүнүн батыш чегине чыгып, Кашкарга кетчү жолдо Атбашы тоосун басып өтүүгө тийиш болгон. Кайсы ашуу менен өтүү керек эле? Бирок кербенчилер жапыз жаткан Ак- Бейит менен Түз-Бел ашууларына караганда бир кыйла кыйын Таш-Рабат ашуусун тандап алышкан. Бул эмнеге байланыштуу болгон? Буга жоопту биз 1944-ж. ушул райондо байкоо жүргүзгөнүбүздө таптык. Ак-Сай өрөөнүнөн чыгып, Чатыр-Көлдүн жанынан өтүп, Түз-Бел ашуусуна келгенде биз катуу бороон-чапкын болуп жаткан учурга туш келдик. Ат-башынын кырларын бүт кар басып калыптыр. Бир топ эле жапыз Түз-Бел ашуусунда да кар боройлоп жаап жаткан экен. Атбашы тоо кыркасынын фонунда Таш-Рабат ашуусу гана кары жок, карайып көрүнүп турду. Сыягы бул аймактагы микроклиматтын кандайдыр бир жергиликтүү кубулушуна байланыштуу Таш-Рабат ашуусу кербендерге тоскоолдук кыла турган калың кары жок бош жатат. Таш-Рабаттын жапыз болгону менен калың кар басып жаткан Түз-Белде эмес дал ушул жерде курулганы ушуну менен түшүндүрүлөт. Ошентип, Ферганадан, атап айтканда, Өзгөндөн чыккан жол Арпага эмес, Алабукага, Атбашы өрөөнүнө карай кетип, андан Таш-Рабат өзөнү аркылуу Чатыр-Көлгө чыгып, андан Торугартка, андан Кашкарга кеткен. Дал ушул жолдо Таш-Рабат кербен-сарайы турган.

Элдик уламыштар бул курулушту өзбек ханы Абдулланын, кээде Бухара эмиринин же, а түгүл Тимурдун ысымдары менен байланыштырышат. Элдик уламыштар боюнча Таш-Рабатты Римден келгендер (несториандарбы?) курган. Башка бир уламыштар лирикалык мүнөздө келип, бул рабатты бир баатыр өз колу менен куруп, сүйгөнүнүн алдында өзүнүн күчүн көрсөткөн имиш. Булардагы мүнөздүү нерсе, бул уламыштардын бири да бул курулушту жергиликтүү калктын иш-аракети менен байланыштырбайт, ал эми буга жакын жаткан Атбашы шаар чалдыбарын, тескерисинче кыргыздардын легендарлуу баатыры Манастын жан-жөкөрү Кошой баатырдын ысымы менен байланыштырып, урандыны Кошой-Коргон деп аташат.

Бирок да Таш-Рабат жөнүндөгү бул уламыштар, муну курган усталардын батыштык, орто-азиялык усталар экендиги менен да түшүндүрүлүшү мүмкүн, бирок таштан курулган үйлөр кыргыздарда да белгилүү, мисалы, мындай курулуш Алайда бар. Алардын арасынан Чоң-Алайдагы Ак-Киндик аскасындагы күмбөздү белгилеп кетемин, бул күмбөз Курманжан даткага таандык кылынат. Таш-Рабатка окшош имаратты табуу кыйын. Таштан курулган, болжол менен ошол мезгилге тиешелүү имараттын Жамбыл шаарынан алыс эмес жерде, Ак-Чулак станциясынан түндүк тарапта 6 км аралыкта жатканы белгилүү, ал Акыр-Таш деп аталат. Имарат массивдүү, узундугу 3 метрден ашык таш блоктордон тургузулуп, бирок курулуп бүтпөй калган.1214

Акыр-Таштын борборундагы крест түрүндөгү имарат Таш-Рабаттын крест түрүндөгү имаратына окшош. Таш-Рабат — кербен-сарай үчүн курулган. Акыр-Таш да ошондой болушу ыктымал, бирок андагы бир катар көрүнүштөр изилдөөчүлөргө аны будда храмы катарында түшүндүрүүгө мүмкүн экенин каңкуулайт.

Кандай максатта курулбасын, Таш-Рабат — кербен-сарай. Биз таштан курулуп, архитектуралык формасы боюнча Орто Азия үчүн уникалдуу болгон, көчмөн дүйнө чөйрөсүнө, Тянь-Шанда көчмөндөрдүн толук үстөмдүгү жүрүп турган мезгилде, кыргыздардын саясый үстөмдүгү орноордун алдында пайда болгон курулушка өзгөчө көңүл бурбай коё албайбыз.

Ой-пикирлер