Кирүү

Көрсөтмө

Көрсөтмө – көбүнчө маалымат-усулдук мүнөздөгү маселелер боюнча, ошондой эле ошол же башкаруунун жогорку органынын буйруктарын, нускамаларын жана башка актыларын аткарууну уюштуруу менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан чыгарылган укуктук акт. Көрсөтмөлөрдү чыгаруу укугу өндүрүштүк жана административдик тез чечилүүчү маселелерди жол-жоболоштуруу уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерине да таандык. Көрсөтмө жол-жоболоштуруу боюнча буйруктан айырмаланбайт, курамы боюнча да, маалымдаректерин жайгаштыруу боюнча да ошондой эле формулярга ээ болот. Ошондой болсо да көрсөтмөлөрдүн конкреттүү аткаруучулары болууга тийиш, анын буйрутма бөлүгү "СУНУШ КЫЛАМЫН" деген сөз менен башталат. Көрсөтмө 1970-жылдардан баштап кызмат жазмаларынын, кызмат каттарынын, кызмат буйрутмаларынын максатындай эле иш кагаздын түрү катары ишке киргизилген.

Ой-пикирлер