Кирүү

Көңүл жубатуу

Колунда жок бир киши алыс шаарды көздөй жылаңайлак жолго чыгат. Чөнтөгүндө бир тыйын акчасы болбогону үчүн бутунда бут кийими да жок эле. Чөлдүн оттой жанган кумдары буттарын күйгүзүп, жара кылып жиберген. Адам таалайсыз тагдырына нааразы болуп, токойдогу айбандардын деле аяктарын таштан, тикеңден коргогон бир нерселери бар, ал эми өзүнүн эч нерсеси болбогонун кудайдын адилетсиздиги деп ойлоп баратты. Акыры бир чоң шаарга жеткенде, мечиттин оозунда эки буту тең жок бир кишинин тилемчилик кылып отурганын көрөт.

Көргөндөрү аны терең ойго салып койду. "Турмушка нааразы бвлуум таптакыр туура эмес тура... Бут кийимим болбосо да, бир кесим нан табуу үчүн сөөлжан сымал ары-бери сойлогон ушул байкуштан миң эсе бактылуу эмесминби. Мурун айтып жүргөн нааразычылыгым, даттануум үчүн күнөөмдү кеч, кудайым!" деп, мечитке кирип, намазга жыгылып, узун-узун дуба окуйт. Көңүлү жайдарыланып, тагдырына ыраазы болгон киши кайра жолго чыгат. Бир канча күн кийин ал таштак жол буттарын бышырып, кайнаган кумдун үстүндө камаарабай кетип баратты.

Ой-пикирлер