Кирүү

Колхоз жөнүндө

Калың элим жаңырып,
Колдо бары ортодо.
Уюмдашып биригип,
Каршы турду жолтого.
Эмгек кылды Ленин,
Элимдин ишин оңдоого.
Кедей, жарды, кембагал
Эми түштү оң жолго.
Баарысы каршы турушту
Элди жеген чоңдорго.
Каршылыкка катуу тур
Кайраттан, элим, кор болбо!
Катуу сокку ургула,
Кыянат бузук зорлорго.
Келди кедей заманы
Жоголду байлар тарабы.
Баш бербеген бай-манап
Таш капты го талабы.
Убагында кутурган
Элден өчтү карааны.
Айдалгандан бер жакка

Уюмду жакшы билемин.
Өлгөнчө элди кыдырып
Баяндап айтып жүрөмүн.
Азабын берип байлардын,
Талкалады түнөгүн
Тургусуз кылып ордунан
Түшүрдү кайрат жүрөгүн.
Мал-жерин алып байлардын,
Кедейдин берди тилегин.

Кыдырып көрдүм элимди,
Анжыян, арка жеримди,
Аралап көрдүм атайын
Өйүз-бүйүз төрүмдү.
Бай-манап жүрөт, кээ жерде
Кедейге бийлик коно элек
Толук уюм боло элек
Аралап айттым баарысын
Мен билген кептин жаңысын.
Мурун азап тартпаса,
Токтогул кайдан карысын?
Устуну байдын урады,
Бийликтен байлар кулады.
Кутуруп жүргөн бай-манап
Запкыны көрүп кедейден,
Зар какшап калган убагы.
Ардактуу көсөм Лениндин
Камкордугу бу дагы.
Көрбөгөн эле калың эл
Мындай сонун жыргалды.
Өткөздү баштан кедейлер
Эчен толкун кырдаалды.
Калың кыргыз элимдин
Кубанчы күндөй нурданды.
Өнүп-өсүп кедейлер
Өз бийлигин колго алды.
Азап көргөн көп элге
Ардактуу кеңеш жол салды.
Байлардан алып түмөн мал,
Бирикме чарба курулду.
Азаптан элим кутулуп
Нур заманга бурулду.
Ленин ысмы дүңгүрөп
Жер жүзүнө угулду.

Уурулук кылып, мал берип,
Ушакчы болбо жан берип
"Ушундай акмак болчу" деп,
Кетпесин сенден эл жерип.

Ой-пикирлер