Кирүү

Коло доорундагы кенчтер

Кыргызстандын түндүгүндө табылган коло кенчтер жана казыналар аймакта биздин заманга чейин 12–9-кылымда металл иштетүү болгондугун далилдейт. Алар археол. илиминде Жетисуу очогу деп аталат. Жетисуу очогунан 12 кенч табылып, анда 100дөн ашык буюм болгон. 12 кенчтин тогузу Чүй өрөөнүндөгү Садовое айлынан, Ысыккөлдүн Аксуу районунун Каракол айлына чейинки аймакта табылган. Металл өндүрүү жана андан буюмдарды жасоо технологиясы коло доорунун маданиятын окуп үйрөнүүдө мааниси зор. А. Д. Дегтяреванын изилдөөсү б-ча Жетисуу очогунда коло буюмдарын даярдоодо коргошун, висмут, күмүш, мышьяк көп кошулуп, калыпка куюлгандан кийин металлдын сапатына жараша ысытып чабышкан. Кээде ысытпай муздак чапкан учурлар да болгон. Жетисуунун байыркы металл иштетүүчүлөрүнүн салттуу такшалган ыкмалары болгон, ал ыкмалар укумдан-тукумга өтүп турган. Профессор Е. Е. Кузьмина Орто Азиядагы коло доорунун кенчтерин эки түргө айырмалайт: 1. уютулган коло, калыпка куюлуп жасалган жана жарым-жартылай даяр буюмдар; 2. эмгек, согуш куралдары, кооздуктар жана өздүк буюмдар. Коло доорундагы кенчтер жеке менчиктин пайда болушу, өз ара согуштардын тереңдеши, мүлктүк теңсиздиктин жогорулашы, металл иштетүүчүлөрдүн өз алдынча адистешиши, соода, алмашуу процесстеринин өнүгүшү м-н байланыштуу.

Ой-пикирлер