Кирүү

Кол чабуу

Кол чабуу. Бул - адамдарды сурео. Салт кийин чыкканы бел-гилуу. Уруяттын тушунда башка таасири күчтүү батыш элдер ар­кылуу пайда болгону белгилуу. Мааракелерде, топ-жыйындарда, оюн-тамашаларда кубаттоосу, куттуктоосу, ага ыраазы болуу ма-анайды туюндуруусу. Кайра-кайра кол чаап, колду катуу, "ала-кандан от чыкканча" чаап, шаң-шарапатты көтөрүп кетүүсү. Миса­лы, бирөөлөр ырдап-чордоп жатканда талантты улам ырдатып, "үнүңдөн", "өнөрүңдөн", "колундан" депдемөөр берүүсү, кызы-гына батуусу. Албетте, саясий чоң жыйындарды ачууда-жабууда, мамлекеттин жетекчилерин, урматтуу меймандарды ж.б. тосуп алу-уда да колдор чабылып, добулбастар кагылып, сурнайлар тарты-лып, бий бийленип, аваздар жаңырып, шаң-шарапаттарды ез көркүнө чыгаруусу.
Кол чабуулар ордуна кыргыздарда элдик таң-тамашаларда, балбандар күрөшүүдө, көкбөрү тартышууда, кыз куумайда, ат чабу-уда, жорго салдырууда, "Бали, бали", "азамат", "жигит", "ейдо көтөр", Капшыра чап", "көтөрүп ур", "мындай кыл", "андай тарт" өндүү үндү катуу чыгара сүрөөлөр азыр да бар. Айрым сүрөөчүлөр аттан ыргып кетүүчүдөй абалга келген.

Ой-пикирлер