Кирүү

Кокон хандыгы менен кыргыз арасы

Абылайдын чабуулунан кийин кокондук менен кыргыз катыша баштады деп жогоруда айтылды эле. манасын кууруп, 2530 аскерди өлтүрө баштаганда өзбектер жапырт аттан түшүп, туусун тигип, аттарын тегерете байлап атышканда солтолор токтоп калган. Кечке атышып, кечинде солтолор кайта кайтканда, өзбектер иштеп кеткен. Бул согушта өзбектин аскери толук 400 киши болгон. Бул болжолу 181415-жылдарда болгон. Анда улугу Нармат кушбеги экен. Кийин 183840-жылдарда өзбектин улугу Канайга уу берип өлтүргөн деген кабар бар,

Болжолу ушул жылдарда болсо керек: Жумгал, Нарындын биринде кокондукка караган кыпчак менен кыргыз согушкан. Кыпчактан аргымак атына аябай үртүк салган, башын кызыл жоолук менен бууган бир жигит жекеге чыгып келгенде кыргыздан

Жантай уругунан, сарбагыш тукумунан Карачолок Итийбас уулу качырып чыгып, тигил жалаң кылыч менен согушканды найза менен ыргыта сайган. Муну көрүп бүткүл келген кыпчактар баары да кызыл кийинип, башына кызыл жоолук ороп, ат коюп атышып чыга келгенде кыргыздар качкан.

Азыр да Чүй боюндагы Атайке кыштагындагы (эски Токмок) коргондон 150 чамалуу өзбектин аскери (сарбоз) суунун түн жагындагы тынай кыргызы Таштанбектин айылына уруш салган.

Кокондуктун жекеге чыгып келген сарбозун кыргыздар аттан ыргыта сайып түшүрүп, ошол замат найзалап өлтүрүп жиберишкен. Муну көрүп, каптап келе жаткан сарбоздор токтоп калып, көчкө батына албай кайта кеткен.

Ошентап, солто менен өзбектин ортосу катуу бузулуп, акыры саруудан дагы эл кошулуп, булар сартка карабайбыз деп, Илеге жапырт көчкөн, элди баштаган Канай болуп, ошол чакта Төрөгелди Абайылда уул 1920-жаштарда болгон (балким 1617-жашта болор).

Илеге барганда кыргыз менен казактын арасы бузула баштаганда, мында калган кыргыздар солто менен сарууну жамынып барып, казактын малын көбүрөөк уурдаган. Казактар жадаганда солтону жериңерге кеткиле десе болбогон. Акыры казактар кыргыздын тегирменге салган аштыгына чечектин кагын кошо салдырып, акыры ошондон баягы кокондук балбанды жыгып өлтүргөн. Жигитке чечек чыгып өлгөндө экитөрт жылдан соң солто, саруу кайта көчкөн.

Казактар тегирменге чечектин кагын кошо салып ошондон өлдү деп, кыргыз, казак арасы эң катуу бузулган. Ошол бузулуштанбы, жаки мындан бир далай мурунбу сарбагыш кыргызынан жантай уругунан Итийбае, Койтийбес, солтодон дейди Шапак деген баатырлары баштык 80100 киши казактын чер токойлуу жана кыштын алты ай жеп турса да, чөбүн түгөтпөгөн жерге барып, 34 атын калтырып, калган аттарын бүткүл союп, кыштын алты айы этти жеп, терилерин кайыш нокто, жүгөн, куюшкан боо кылып, саба, чанач жасап да даярдап алышып, өздөрү камыштан, жыгачтан үй жасап алышкан. Жазган жакын "ит жатак" болду деп, (карарган жердин чоңдугу ит жатардай болуп, кар кете баштаган чакты айтат) баягы байлап койгон аттарына минип, эки жак­ты чалып турган Жер абыдан карарып калганда чан эми көрүнө баштады деп абдан тигилип карап турушкан. Чаңдын алды туура тушубуз деңгээлибизден өттү, эми чан ортосу биздин тушубузга келди деп калган. 34 аттарына 34 киши минип барып, орто чаңдан нече жүздөп, миңдеген тубар бээлерди алып келишип, кошун тартып, бирден-бирден минип, миңдеген бооз бээни айдашып, баягы өтуп кеткен алдыңкы чанга келип, андан туу бээ тукур ат жана умалары калпактай болгон сары таман, үстүнө чымын конбогон келишимдүү аттарды тандап минишип, бир канчасын айдап жөнөгөн. Бул мал казактын субай бээлери жана аттары жана тубар бээлерн болуп, субайын минип, бооз бээлери жолдо турганда кымыз кылып, бир жерге конуп, бир жерге өргүп, жай жүрүп, артынан куугун сүргүн жок эл жайлоого карк чыкканда элине келип кошулуп турган. Ушундай жортуулга нечен мертем аттанып барган.

Итийбас тууралуу эл оозунда ар түрлүү икая сөздөр көп. Маселен, бир сапар Итийбас көп жылкы алып келе жатса, бир жерден өкүрүп ый чыккан. Келсе, бир жигит бир сулуу кыздын өлүгүн кучактап бакырып жатат. Жанында ортосунан кыя чабылып өлүп жаткан жоондугу, узундугу бакандай кара жылаандын жатканын көргөн. Бул жигиттен окуянын мазмунун сураганда айтканы: — Бул кыз менин жакын карындашым эле, сулуулугуна кызыгып, ала качып алыс, кулак укпас, көз көрбөс жерге кетейин деп жүрүп олтуруп, ушул жерге кече кечинде келип, чөп алачык кыла коюп аттарымды таңашырып жатып калсам, танга жакын аттарым кошкуруп үрктү, чыга калып, үркүп кеткен аттарымды алып келсем кыз жок. Бир өтүгү калып, шибер жайырылып, из кетиптир. Кылычымды ала из менен чуркап келсем, ажыдаар кызды жута албай жатканда кылыч менен бөлө чаап, кызды оозунан сууруп ала койсом, чачы жыдып, өлүп калды, — дейт. Жигитти элиңе жүргүн десе болбогон соң 45 ат берип, кайда барсаң жолуң болсун деп, жүрүп кетишкен.

Итийбастын барган жери Балкаштын күн батышы болгон. Итийбас тууралу башка сөздү өтө апыртып айткандыктан аны жазбадым. Итийбас, Койтийбес, дейди Шапак деген баатырлар бир заманда болгон. Эми алдыңызда жазылган солто, сарбагыштын согушунда Итийбас 60-жаштан өтүп калып, анын баласы

Карачолок канчалык баатырлык көрсөткөн, Жогоруда айтылган күнтүү уругунан Шапак Көк чолок деген күлүк аты менен Кан тоосунан наркы жагынын казагынан күзүндө көп жылкы алып куткарып, Кан тоосунан бери өткөндө жылкыны айдап келе бергиле деп, жолдошторуна тапшырып, өзү куласын минип, Көк чолокту коштоп алып жүрүп олтуруп, көп жерге келгенде аны коштоп, Көк чолокту минип олтуруп, Сокулуктун боюндагы Жалгыз долоного келгенде кула бышты жүрбөй калып, өз аты менен кечки койду саап жатканда Аларчага келген. Кула бышты кийин чоң күлүк болгон. Бу аралык эң азында 300 километр жер.

Ой-пикирлер