Көкчөнүн өлүшү 4-бөлүк

Чындап жиним келгенде
Болоттон согуп ок кылдым,
Кара калпак кыргагын
Бу Бээжинден жок кылдым.
Кайраты жок жаманын
Тирүү бойдон кармадым,
Каарыма тийгенде
Кан Кыргызды курчап калган кези экен.
Казылган кара ор экен,
Бет алдында дүмпөйгөн,
Белеспи десе эл экен.
Бейли курган көп кытай
Берениң Манас баш кылып
Алакандай кошуунду
Бейпайга салган кези экен.
Ошондо Бакай кан заада
Санаган ою бөлүнүп,
Кан аралаш чиркин жаш
Канымды кайдан табам деп
Ошондо акирек ылдый төгүлүп.
Көөдөнгө батпай көп санаа
Көк жалды кайдан табам деп,
Көзүнүн жашы он талаа:
Алты шердин кенжеси
Атышып кытай сойду деп,
Талаада сөөгү көмүлбөй,
Менин айкөлүм кайда болду деп,
Бел байлап белес белимден,
Айрылдымбы ушинтип,
Айкөл Манас шеримден?!:
Бүгүнкү көргөн эртең жок,
Алдап жүргөн сен белен,
Атаңдын көрү дүйнө чок!
Кызырдуу айкөл шеримди
Кытайлар кыйкырып байлап алган го,
Караса көзгө илинбейт,
Кайсы экени билинбейт,
Каканчын кандын алдына
Кабыланды тартуу кылып салган го?!
Кейип Бакай көп ыйлап,
Кененим султан деп ыйлап,
Чай алган тоонун кентинде
Токтоп жүрөт зор Бакай,
Жан биргем, Манас кайда деп,
Жоктоп жүрөт эр Бакай.
Астындагы көк тулпар,
Сабап жүрөт зор Бакай,
Кабыланга кайгырып,
Каршы-терши жыгылган
Кырылган кытай өлүктөн
Карап жүрөт зор Бакай.
Өлбөй тирүү жүргөндө
Не муразга жетем деп,
Кыдырлуу шерден айрылып,
Тирүү кантип кетем деп,
Минген аты көк тулпар,
Коштогону Нарбуудан,
Ошо кезде Тайбуурул
Асый чыкма мал экен.
Ак жолтой Бакай кабылан
Эрикпеген жан экен.
Асый чыкма Буурулдун
Көкүлү көк жибек менен түйүлүп,
Куйругу куу шайы менен шүйүлүп,
Ок өтпөс жабуу жабылуу,
Буурулдун башында үкү тагылуу.
Туудурдум деген ата жок,
Туудум деген эне жок,
Белгилүү кандын Сайкалы
Белекке берген Нарбуудан,
Карача кандын Сайкалы
Тартууга берген Нарбуудан,
Жетелеп Бакай Кожосан,
Бадана кийип балкылдап,
Падыша Бакай жаркылдап,
Жеткилен Манас достуна
Жетип берди Буурулду,
Белгилүү Манас канына
Белекке берди Буурулду.
Кытайдан кыстоо көп азап
Көргөндө берди Буурулду,
Киши көрбөс дүмөктү
Көргөндө берди Буурулду.
Бендеси көрбөс азапты
Тартканда берди Буурулду,
Мелтиреп кармап кайран шер
Ак каңкыны артына
Артканда берди Буурулду,
Азапты Манас каныңыз,
Моминтип, тартканда берди Буурулду.
Азапты тарткан себеби
Аккула окко учкан жер.
Канатынан кайрылган,
Кара кылып отурган
Кан Чубактан айрылган,
Баатырдын артыкча кеткен чамасы,
Шейит болуп ал өлгөн
Улаккандын баласы.
Кара болот кыргагы,
Шейит болгон Бээжинден
Караан кылган Сыргагы.
Баатыр канкор төрөнүн
Аккуладан айрылып,
Баатыр Бакай барбаса
Баатырдын, колго түшөр убагы.
Бек кайгырып кайран шер,
Ак келтени таянып,
Баатырың, капаланып калыптыр.
Кара кытай көп манжу,
Бу капасын билгенде
Тирүү кармап алам деп
Кабыланды тегеректеп калыптыр.
Теги жандан түңүлүп,
Теңизиң араң турганда
Тең курбу Бакай кабылан
Теңизиң жетип барыптыр.
Атышка кийген суп чепкен
Асылым достум кийгин деп,
Алты айга чыдайт Нарбуудан,
Белекке алып мен келдим,
Береним төрөм мингин деп,
Өчкөн отун тамызып,
Арбайып жөө турганда
Баатырдын өлгөн жанын тиргизип,
Тиргизип минтип жүргөнү
Ободон жылдыз козголгон,
Бакай менен Манасын
Алты жашта дос болгон.
Ак буудай унун чайнашкан,
Келем шарип кармашкан.
Достусу жөө турганда
Тоодой Бакай токтобой,
Түшө калып жүгүрүп,
Тизеси жерге бүгүлүп,
Нарбуудандын үстүнө
Булгаары тердик, ак токум,
Бурчтап кылган Каныкей,
Ошол Нарбууданга чак токум.
Алмамбет кылган ак каңкы,
Алдыңкы кашы ак алтын,
Арткы кашы чылк күмүш,
Эки каптал эн темир,
Курч уютуп машаган,
Курдашың Алмаң жан достуң,
Кабыланга куп ылайык жасаган.
Эңкейиште эзишсе,
Тамандашып айкөлүң,
Эчендер менен кезишсе
Ээри кыйрап кетет деп,
Шашылыш жерде айкөлдүн
Ажалы бөөдө жетет деп
Артык кылган ак каңкы,
Аккулага чак каңкы,
Алып Манас токуса
Асый чыкма Буурулга
Тердигине тердиги
Тепчип койгон эмедей,
Куюшканга куюшкан
Куюп койгон эмедей,
Басмайылга басмайыл
Бап келтирген эмедей.
Ошондо Манас көйкашка
Шашып намаз окунуп,
Нарбуурулду токунуп,
Кара калмак солоонду
Алтай айдап кирем деп,
Каңгайда кара кытайды
Бээжинди көздөй сүрөм деп,
Колума тийсе Коңурбай
Тирүү кармап алам деп,
Каканчылуу Карыкан
Курмандыкка чалам деп,
Курдашым Алмам, Чубактын
Ушинтип кегин алам деп,
Каарданып дүрүлдөп,
Кабылан Манас күрүлдөп,
Арстандай көз жайнады,
Каалгадай кайран тиш
Кабылан Манас каныңыз
Бөлө-бөлө чайнады.
Шамал чыгып оозунан,
Тиктесе көздөн кан чыгып,
Чын кайра атын көргөндө
Караганда жан чыгып,
Кан ичмеси кармаптыр,
Кайра тартпай кыргынга
Кабыландын камынып калган кези
Алтын жаак айбалта
Билекке кынай чалды эми,
Алыска атар Ак келте
Ай далыга салды эми.
Асмандан түшкөн алты курч,
Манас алган зулпукор,
Кызыгып кындан тартканда
Кан ичпей кайра кирбеген,
Каарданып имерсе
Бүлүк салбай жүрбөгөн,
Ташты шилтеп чапканда
Кылт этип мизи калбаган,
Касташкан артык жоо келсе,
Каршы-терши шилтесе,
Кайран жанды кубанткан,
Шилтештен мурун баш кескен,
Манас кандын зулпукор
Кынай белге чалды эми,
Баягы жакасы алтын, жеңи жез,
Кош бадана торгой көз,
Келеме бото, кең күрмө —
Келишимдүү Ак олпок,
Келеп темир мадаткан,
Келтенин огун жадаткан,
Найзанын учу отпогон,
Жебенин огу жетпеген,
Жеткилең катын Каныкей
Жети жыл араң эптеген,
Самаркан менен Букардын
Орто жерин чалдырган,
Ойрон катын Каныкей
Ошондон була алдырган,
Курч темирдин өгөндү,
Майда кумдун эленди,
Желим менен карматып,
Ортосуна салдырган.
Ашаганда машаган,
Артык катын Каныкей,
Айла менен жасаган.
Күндүзүндө тынч албай,
Түн ичинде уйку албай,
Тиштеп жатып олпокту
Кашка тиши жадаган,
Тиктеп жатып олпокту
Кара көзү кардыккан,
Мээнет катын Каныкей
Берени султан Манаска
Белекке берген Ак олпок.
Сыртынан Манас зыңгырап
Ак олпокту кийди эми,
Асмандан түшкөн ак кисе,
Айкырып белге чалды эми.
Тутам жери кырдалуу,
Тутам жери сырдалуу,
Туйгунуңдун сыр найза
Чымын консо чыңк эткен,
Камчы сап тийсе кокустан,
Добулбастай заңк эткен,
Каарданып канкоруң,
Сыр найза колго алды эле,
Асаба колдо калкылдап,
Нар кескен, айбалталары,
Бүткөн бойдо жаркылдап,
Астын сала бергенде
Ач арстан сүрдөнүп,
Аркасын сала калганда
Ажыдаардай түрдөнүп,
Кабылан Манас эр ошол,
Кыраандардан айрылып,
Кырылышар кези ошол.

Дагы сунуштайбыз