Көкчөнүн өлүшү 1-бөлүк

Дыгдырып кууп кол салып
Колго түшкөн Көкчөнү
Алмамбет илип алгыча,
Кабарыңда бар бекен,
Атка оюнчу жөө күлүк,
Казыналык чоң мерген,
Жаман жанга таңылбас,
Караңгыда ийненин
Көзүн атса жаңылбас,
Астынан адам өтпөгөн,
Огу бекер кетпеген,
Каражой уулу Кожожаш
Жашыл кийип дыр коюп,
Айдаркандын Көкчөнү
Чекеден ары бир коюп.
Көкчөнү окко учуруп,
Көңүлү жаман бузулуп,
Кыргыздар деп бакырып,
Үшүп турган кытайды
Кайра тартып Алмамбет,
Айдап жүрдү сапырып.
Орто жерин Алмамбет
Оюп келип берди эле,
Тегерегин Чубагың
Чоюп келип берди эле.
Кыл чекесин кырк чоро
Союп келип берди эле.
Кырк чоронун кымбаты
Кырктын башы Кыргыл чал,
Кыйыны Шууту эрен бар,
Аргын кандын Ажыбай,
Акбалтанын Чубак бар.
Төө көтөргөн Акаяр,
Берендердин баары бар.
Кошой, Төштүк, каны бар,
Кырк чоронун баары бар.
Жылкыда тулпар ала баш,
Алмамбет, Чубак аралаш,
Жекени белге курчанып,
Жети сан кара кытайга,
Жеке аралап кол салып,
Тегерегин карабай,
Тегеле жанын аябай,
Кыдырата карабай,
Кылча жанын аябай.
Чыканактап тынч албай,
Чырым этип уйку албай,
Күндүзү тыным алган жок,
Күндө тынып калган жок.
Казылып алган орду көр,
Кайкайлап ураан чакырып,
Каптаган кытай колду көр.
Мунарыкты көр, чокту көр,
Бузулбай тийген окту көр.
Каптаган кытай элди көр,
Ат көтөрбөс жөөнү көр,
Асман ачык жер бүркөк,
Жерден бир тал көрүнбөйт,
Топурак чайнап тоз учуп,
Элден бир тал көрүнбөйт,
Боз ала желек туу болуп,
Бойбойлогон чуу болуп,
Ак ала желек кара туу,
Айкайлаган чуу болуп,
Чоң казаттын өзү экен,
Кытай менен кыргыздын,
Кез келүүчү кези экен.
Кандуу чаңга канышып,
Кайра тартпай эрендер,
Качпай туруп салышып,
Эрендин баары жадашып,
Кан Коңурбай баш болуп,
Качырып кытай жетти эле,
Кызырдуу Алмаң көк жалды
Кыйкырып кытай журттары
Кырк эки курчап кетти эле.
Ит-Өлбөстүн чөлүндө
Өлбөй житпей Алмаңдын
Коюлуп көзү киртейди.
Козголуп кытай кеткенде,
Алакеңе жети миң найза бир тийди.
Жетимиш күнү аралап,
Жети жерден жара жеп,
Чубагы чыкты бир жактан.
Таң кашкайып сүргөндө,
Жерге жарык тийгенде,
Кара буудан күлүктөр
Кызыл болуп калыптыр.
Манас ,кандын кырк кыраан
Өткөрө кыйын салышып,
Берендер ажырашып калыптыр.
Чөл-Майдан деген талаа бар,
Кырк чоронун нечен жерде жара бар.
Ажыбай, Шууту каны бар.
Арт жагына карасаң
Бүткүл кыргыз журттун баары бар.
Акылдан кетип алтаңдап,
Айла таппай калтаңдап,
Алмамбет, Чубак эки шер,
Айласын таппай кыргыздар,
Качып калган кези экен.
Орто жерин Коңурбай
Чойгулап кууп калыптыр,
Эки четин Нескара
Эшип чыгып келатат,
Аттан түшүп калганын
Ат оюнчу жоо күлүк
Казыналык балбандар
Баштарын кесип чыгып келатат.
Алакандай кыргызды
Астыга салып ийирип,
Тийип чыгып келатат,
Арт жагынан көп кытай
Сүрүп чыгып келатат.
Качкандарды көргөндө
Буудандын оозун буралбай,
Бууругуп ыйлап өпкөлөп,
Бууданын Алмаң туралбай,
Найза кармап сабылып,
Жанындагы кырк жигитке жалынып:
Айланайын кырк чоро,
Кечээ Жылгындуунун оюнда,
Кен Таластын боюнда,
Калың аргын ой тартып
Конуп жаткан кезинде,
Күндүзү кымыз, түнү кыз
Болуп жаткан кезинде,
Ок өтпөс кара калпакты
Кырдап турган кезинде,
Кошо билип кыргызды
Жыргап турган кезинде
Жабылып баарын турганда
Жаяны кесип жечүү элем,
Жабыркатып жанымды
Жаң-жуңду бузам дечүү элем.
Кара болот зулпукор
Көөлөшүп кетем дечүү элем,
Кытай бир турмак кылымга
Сен, жөөлөшүп кетем дечүү элең.
Ойлонуп кылган ок өтпөс
Кийишермин дечүү элең,
Алакандай кыргыздын
Азап түшсө башына
Он сегиз миң ааламга
Тийишермин дечүү элең.
Найза кармап жоо келсе,
Азаптуу жерден доо келсе,
Найзалашып кыйкырып,
Озуп алам дечүү элең.
Кыр жагында кытайдан
Кыйын кыстоо иш келсе
Кылчайбай кирип атышып,
Кызыталак, тосуп алам дечүү элең.
Ок өтпөгөн асыл тон
Кийишермин дечүү элең,
Мүшкүл иш көрсө көп калкым
Бурулбай кирип атышып,
Сен тосуп алам дечүү элең!
Ажалдуу киши өлбөйбү,
Азапты пендеси чиркин көрбөйбү?!
Батырбайбы кара жер,
Киргизбейби казган көр.
Өлүм деген чоң конок,
Өлбөгөн жандын баарысы
Тирүүсүндө жутунат,
Ушу турган өлүмдөн
Баатырлар, кайсы жан качып кутулат?
Толкуп келген кытайга
Токтобой уруш салалык,
Толуп жаткан кошуунду
Баатыр ай, ажыратып алалык.
Өлгөнүнөн калганы
Жерине качып барбайбы,
Өзү Манас жок эле,
Бизди кырдырып ийди чоро деп
Ошондо осок кылып салбайбы.
Ушактап журтун жебейби,
Кабыланы мында жок,
Кызыталак кырк чоро,
Качып өлдү дебейби.
Кыркы кырк жерден келген дебейби,
Кызырдуу Манас анда жок,
Кыялында кырк чоро
Моминтип бизди жебейби.
Азизкандын Алмамбет
Арстандай чамынып,
Манас кандын кырк чоро
Артынан кирди жабылып.
Күн эсебин алган жок,
Күнүгө тынып калган жок.
Чыканактап уйку албай,
Чырым этип тынч албай,
Күндө тыным алган жок,
Алмамбет, Чубак, кырк чоро,
Баатырлар, өлгөн менен арман жок.
Эрендер эми бакырып,
Манастап ураан чакырып,
Кайнаган кара кытайды
Казатка кирген кайран эр
Кайра айдады сапырып.
Өткөлдүктүн түзүндө
Кытай кайнап калыптыр,
Жайнаганга көз салса
Аргын кан уулу Ажыбай
Ылама деген калмактын
Колуна түшүп калыптыр,
Башына коок кийгизип,
Ажыкеңди кытайлар
Тирүү байлап алыптыр.
Алмамбет, Чубак эгизим,
Эгизим качан жетет деп,
Ажыкеңдин эси ооп калыптыр.
Көзү кеткен алактап,
Ажыкеңдин эки бут кеткен салактап.
Ээр белдей кызыл чөл
Алдында барат Алакең,
Колго түшкөн Ажыңдын
Жанында барат Алакең.
Ажыкеңди көргөндө
Аянбай сунуп найзаны,
Бели ар жакта мекчейип,
Эки көзүн карасаң
Тышына чыгып чекчейип,
Найза колдо арбайып,
Акбалтанын Чубагы
Ажыбайлап кыйкырып,
Ал дагы качырып калган дардайып.
Жеткилең кыраан Алмаң шер,
Чоң Ылама калмакка
Жеткен жери ошол жер.

Дагы сунуштайбыз