Кирүү

Көчө жана айыл тартибин сактоо

Көчө жана айыл тартибин сактоо. Көчо ичиндеби, адамдар арасындабы, бир-эки адам коңшу олтуруудабы, топ балдар мекте­бине баратабы, же ойноп жатышабы, тартиби-тазалыгы, кичипей-илдиги жанында болуу керек. Жолдон карылар жолугат. Аларга жаз-бай "Атсалоому алейкум" - деп, салам айтат. Кимдер болсо да, "Алейкума атсалам" - деген жооп алат. Бала түз барып, таанышы, жакыны жолукса, кол берген учуру болот. Улуулар да кол берет. Баланы алар колунан, бетинен өбүшү мүмкүн. Көчө ичинде, айыл ичинде, жол боюбу, коомдук орундарга киреби, көпчүлүктүн коз элегинде турат. Мында окуучу езүн-езү талаптагыдай адептүү, сылык-сыпаа, таза алып жүрет.

Көчөдөн бирөөлер бирдемелерин көтөре албай, же кетортүүге адам чыкпай турган учуру болот. Анын кары-жашына карабай, ага барып, колунан келишинче жардам беришет, которүшөт. Айрымда-рын үйүне жеткизишет. Батасын алат. Коомдук жайларда, мисалы, топ балдар кечедо баратып, же айыл ичинде жүрүп, бирин-бири таш, топурзк, кар оңдүүлөр менен ургуласа, тепкилеп футбол кылып, суу чачып, согүнүп-сагынып, башкаларды козго илбей ойношсо, күрошсө-алышса-жулушса, бири-бирин тое басты кылышса, кийимдерин ты-тышса, арийне, бул ото олдоксон көрүнөт. Кергондер: "Кимдин бал-дары" -деп, жактырышпайт. Тентектерди эл жапыртжаман көрөт.

Үйдөн ата-энелери, көчөдөн көпчүлүк, мектептен мугалим-тарбия-чылар акыл айтып, оң жолго баштап, көзөмөлгө алышат.

Ой-пикирлер