Кирүү

Класс ичиндеги адеп

Мектептин босогосун жаңы аттаган оку-учулар. абалы озүнүн жоро-жолдоштору менен учурашат. Бири-бирине кол беришет. 1 -сабакка даярдык көрө баштайт. Дептер-китептерин парта үстүнө алып коет. Эшиктен мугалим кирет. Алар жапырт бир мезгилде турушат: "Эсенсизби, саламатсызбы, агай, эжей!", же "Атсалоом алейкум, агай".

Албетте, абалы окуучулар учурашабы? Же мугалим учурашабы? Аны бир пикирге келтирүү педагогиканын милдети болуп саналат. Мисалы: "Эсен-амансы-ңарбы, окуучулар", "Саламатсыңарбы, окуучулар, же балдар, кыз-дар" - десе, анда окуучулар "Саламатпыз, агай, эжей!" - деши да ыктымал. Мындайда окуучулардын мугалимге жапырт туруп ың-гайы, агайы-эжейи менен учурашуусу деп билебиз. Окуучуларды "Отургула!" - деп айтышы - мугалимдин учурашуусуна барабар. Класста окуучулар түз, адептүү олтурат. Эки жакты карабайт. Бирөөлөр менен күбүр-шыбыр, алагды болбойт. Баардык эс-дарт мугалимге, ошол сабакка бурулат. Биринин окуусуна бири тентек кылып, тоскоол кылбайт. Эркек балдар кыз балдарды сыйлайт. Алардын сабак жана тартип-тазалык боюнча өтүнүчтөрүн, жардам-дарын колдоого алып турат.

Ой-пикирлер