Кирүү

Кино өнөрү

КИНО ӨНӨРҮ

өнөрүн саябандуу дарак деп түшүнсөк, анын бир бутагын кино деп билебиз. Асыресе, кино өнөрү — көп тармактуу улуттук өнөрүбүздүн эң кенжеси. Ал эми анын бүгүнкү бийиктиги өзүнүн жаштыгына карабастан көп адамды суктанта каратат. Деген менен ар бир иштин пайдубалы болот эмеспи. Деги эзелтен тоо кучагында күнү өтүп, малчылык менен кара жанын баккан көчмөн элибиздин бүгүнкү бактаалайлуу жашоосун жаркын Мекенибиздин аты менен камыржумур байланыштырып жүрбөйбүзбү.

Эл бар болгон соң анын таланттуу уулдары да болот. Эли бардын таланты бар. Атактуу Кыргыз кино өнөрүнүн басып өткөн жолуна абай салып көрсөк, ал күнөстүү республикабыздын жолу менен өтмө катар байланышта.

Улуттук кинобуздун пайдубалын түптөөгө көп улуттуу элдердин интернационалист өкүлдөрү чоң жардам беришти. Алардын катарында Л. Шепитько, Михалков Кончаловский, И. Пойловская ж.б. бар. Улуттук кинобуздун бийиктиги жөнүндө сөз кыла турган болсок, биринчи кезекте, таланттуу режиссерубуз Төлөмүш Океевдин, Болотбек Шамшиевдин, Геннадий Базаровдун, Мелис Убукеевдин ысмы эске түшөт. 20жылдардын аягында жарыкка келген кыргыз кино өнөрү ушу бүгүн ааламдын түгөл бурчун кыдырып, элибиздин көрөңгөлүү маданиятын дүйнө калктарына таанымал кылды. "Бакайдын жайыты", "Ак кеме", "Ак илбирстин тукуму" көркөм кино тасмалары жалпы эле элибиздин маданиятынын бийик сересине айланды. Ал эми өткөн мезгилге серп салсак "кыргыз керемети" деген учкул кино тарыхыбыз жатат. Бул да болсо биздин сыймыгыбыз. Улуттук кино өнөрүбүздүн басып өткөн санжыргалуу барактары ушундай.

Алиман Жангорозова.

Ой-пикирлер