Кирүү

Кетти Залкар

Кетти Залкар...
(СССРдин Эл артисти Капар Медетбеков агама)
07.11.1930 - 25. 06. 2012-ж.ж.

2011 - жылы Манас чокудан,
Канат жайган – Залкарым!
Театрдын дүйнөсүндө,
Анык балбан – Залкарым!

Кең Таластын боорунан,
Жарып чыккан - Залкарым!
Кең Ааламга – Лир! - болуп,
Жанып чыккан – Залкарым!
Тоолуу Нарын сахнасын,
Көкөлөткөн – Залкарым!
Кыргызымдын мендей кызын,
Бөпөлөткөн – Залкарым!
Далай – далай жаштарга,
Насаат болгон – Залкарым!
Кылымдарга кымбат ишиң...
Казал болсун – Залкарым!
Эмгегиңди эл унутпай,
Дастан болсун – Залкарым!

27 – июнь. 2012 – жыл.

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзуну мүчөсү,
актриса, акын – драматург Ч.Калыбекова.

Ой-пикирлер