Кирүү

Кененсары казактан көп кол жыйып, кыргызды карай аттанганы

Аз гана эмес мол менен, алты сан кара кол менен.
Кыргызга кыргын салам деп, жөнөп калды жол менен.
Казактын баарын жыйнатып, канча жанды кыйнатып,
Кыргызды ойрон кылам деп, кыз-катынын ыйлатып,
Жайлоо каркап толгон кез,
Атпай кыргыз балдары, Ала-Тоого конгон кез.
"Кыргызга кыргын салам деп, арбын кошуун барам деп,
Кыз-катындан олжого, кыйласын тандап алам деп,
Кыргыз деп атак калтырбай, тукумун койбой кырам деп,
Ала-Тоого жазданып, өзүм барып турам деп,
Катындарын тул кылам, эркектерин кул кылам,
Бүтүн казак аттан деп, сөзүмдү жатка ал деп,
Баатыр жигит, күлүк ат, мен барам деп каттал деп.
Баатырлар баарың шайлан деп, барам деп, көөнү жайлан деп.
Арбын мал байлап алууга, аркан-жибиң байлан деп,
Ургаачы, эркек калба деп, жардыгымды карма деп,
Карк олжодон кур калып, эртең өзүң танба деп.
Кызыл желек ак түпөк, баатырлар барсын майданга,
Кызыл жоолук, ак жоолук катындар барсын майданга".
Абылай кандын уругунан, кырк төрөнү кошчу алып,
Чубуртмалуу элинен, Агыбайды башчы алып,
Эржан, Саржан төрөлөр, датка Байзак, Ноорузбай,
Жапар төрө баласы,муну да кошуп алыптыр,
Калың казак журтуна, каарын катуу салыптыр.
Саратан жайдын өзүндө, калкын жыйнап алыптыр.
Калкын жыйнап күтүнүп, сарамжалын бүтүрүп,
Сан казагын самсытып, айдап Кенең жөнөдү.
Эркек, аял аралаш, түрүлгөн түмөн кол болду,
Аз эмес, арбын мол болду.
Кулундарын ээрчитип, бээ мингени дагы бар.
Түйшүк тартып, зар ыйлап, төө мингени дагы бар.
Кан чакырды барам деп, калың олжо алам деп,
Кол байланып кор болуп, жөө жүргөнү дагы бар.
Катын, эркек аралаш, бирине бири карабас,
Абылайдын кызыл туу, асмандатып аштаптыр.
Колум арбын болсун деп, Кенен кан колун баштаптыр.
Найзанын учу кылкылдып, жолго түштү шылкылдап.
"Мен Аблай кандан келем деп, кошунум арбын кенен деп,
Кыргыздан тукум калтырбай, кыйратып талап келем деп.
Ормонун ойрон кылам деп,
Ала-Тоого мен барып, ордо салып турам деп,
Көрк көрсөтөм душманга, арбын кошуун кол менен.
Катын-эркек аралаш, түрүлгөн кошуун кол менен".
Деп - Кантоосунан атанып, калкына Кенен мактанып,
Желпилдеген туу менен, жер майышкан кол менен,
Үкү баштуу туу менен, үпчүн кийген эр менен.
Асаба желек калкылдап, айбалта, мылтык жалтылдап.

Чарайна төшкө чапташып, карыпчын колго капташып,
Аблай кандын Кененди, атпай журту макташып,
Кармаганы кызылтуу, казактын баары ызы-чуу.
Кесири арбын Кенендин, кылган иши мына бу.
Асылы казак кыйыры, кең Меркиде жыйыны.
Меркидеги Ботпайдын, Супатай, Андаш кыйыны.
"Менин өкүмүмдү кылбайт деп, жолумду тозуп турбайт деп,
Менин жардыгымды кылбайт деп, даяр болуп турбайт деп".
Супатай менен Андашты, каарына алды Кенен кан.
Кан Кенен казап кылганда, карап турду канча жан.
Эми, Супатай менен Андаштын, кылып жүргөн эби бар,
Жангарач менен сүйлөшүп, жайланып жүргөн кеби бар.
"Бул Кенен кан пайда кылбайт деп,
Мунун артында иши тынбайт деп.
Ушунчалык оолукту, убада сөзгө турбайт деп",
Жангарач менен жайлашып, убада сөзүн байлашып,
Бекилген сөзү башында,
Берен Андаш, Супатай Жангарачтын кашында.
Байзак келип Ормонго, куда болгон жери бар.
Убада сөзүн бекитип. айтып жүргөн кеби бар.
Кененсары күркүрөп,
Жалпы казак сыртынан, кылып жүргөн деми бар.
Кененсары келгенде,
Баатыр Андаш, Супатай, келгенин анык көргөндө,
Эң улугу Кенен кан, айдап келген кошунга,
Ургачы эркек нечен жан, Меркиге келип туу тигип,
Супатай менен Андашты, каарына алды келтирип,
"Ботпай сенин карыңды, тирүү койбой жаныңды.
Кыргыздан мурун кыйратып, тынамын деп өчүрүп".
Супатай, Андаш келишти, Кененкан менен көрүштү.
"Баш алдаяр таксыр" деп, эңкейип колун беришти.
Колун сунду Супатай, эр Ноорузбай төрөгө.
"Сен төрө эмессиң, карасың,
Асылың казактан тууган баласың.
Каранын колун албаймын,
Колуң арам төрөгө, мен арам колго барбаймын.
Тарт казагым колуңду, табармын сенин жолуңду.
Көзүм аман турганда, көрсөтөрмүн сонунду"
Анда Кенен кан кеп айтат, кеп айтканда деп айтат:
"Андай эмес карагым, артын байкап санагын,
Андаштын шагы сынбасын, Супатай карап турбасын".
Ноорузбай ага болгон жок, ойлогон сөзүн койгон жок.
"Мен алуучу кол эмес, колуң арам Супатай,
Мен жүрүүчү жол эмес, жолуң арам Супатай,
Тарт колуңду кайткын деп,
Былжыраган сөзүңдү, башка адамга айткын деп",
Ноорузбай төрө эсирди, эпсиз кылды кесирди.
Супатай анда кеп айтат, кеп айтканда деп айтат:
Кенен кандын өзүнө, алдаяр таксыр деп айтат,
"Колумду албай койду деп, капа болбойм төрөмө,
Тууганы сөздөн жалтанып, душмандын мизин кайтарып,
Кыр көрсөтүп жатпайбы,
Атпай алач калкына, эрк көрсөтүп жатпайбы!"
Кенен кан туруп кеп айтат, кечиримсиз бек айтат:
"Эй, Супатай, эр Андаш, колуңду жүргүз деп айтат,
Жан калбасын жайында, эл калбасын элиңде.
Кабардар болгун сөзүмө, каралдың нечен өзүмө.
Кана колуң көрөйүн, элиңди көргөз көзүмө!"
Күтүнүп турган Супатай, жан калтырбай жыйнады.
Жангарач менен сөзү бар, артына кылчаң кылбады.
Каптаган кара кол менен, тууну тууга урушуп,
Тулпар минип турушуп,
Кыргызды кыйла мүргүтүп, солтонун баарын үркүтүп,
Талкандын четин талкалап,
Качкандары кутулуп, калктын чети тутулуп,
Колго түшкөн бендени, кордук кылып өлтүрүп,
Далай жандын баарына, жабыр жапа келтирип,
Боюнда бар катынды, ичин жарып салышып,
Ичиндеги баланы, ичинен сууруп алышып,
Солтону айдап түрүшүп,
Балдарды жарып өлтүрүп, керегеге илишип.
Эшкожо менен Канайдын, күмбөзүн бузуп өрттөшүп.
Казактардын ичинен, бир карыя кеп айтат:
"Бул тегин күмбөз болгон жок, кабар туюп кишиден,
Карга учуп чыкты ичинен, аңдыган душман соо болбойт.
Арбагы эми кыргыздын, көтөрүлдү өзүңдөн.
Кыргыз бизди соо койбойт, кыргызга барып нетели,
Алдаяр таксыр аман соо, ушу жерден кайра кетели?"
Бул сөзгө Кенен болгон жок, ойлогон сөзүн койгон жок.
"Кыргыз качты кырамын, кырып жанын тынамын.
Атагы дайын Ала-Тоо, өзүм конуш кыламын.
Качкан кыргыз турчубу, кайрылып кайрат кылчубу?
Качкан жоону жоготпой, кан Кенен жаны тынчубу?"
Саруу, кушчу Таластан, Суусамырды бет алып,
Качып чыкты жан калбай.
Бүтүн солто бет алып, Ысык-Көл карап ыктады.
Капчыгайга камалып,
Жангарачтын сөзүнөн, жалгыз солто чыкпады.
Бөлөкбай жоодон качпады,
бөрүлөр жоодон шашпады.
Качпай туруп атышты, кызыл канга батышты.
Кызыл-Суу, Шамшы оюнда, Чүй өзөнү боюнда,
Аянбай кирип атышып, көп болсо да Кененди,
Эр Бөлөкбай токтотту.
Майдөбөнүн өзүнө, эки күн тозуп токтотту.
Эки күндүн ичинде,
Чаң жетпес бедөө ат минип, чылк бадана тон кийип,
Болот кылыч колунда, калың колду аралап,
Далай элди кыйратып, кайтып чыгат Ноорузбай.
Кызыл ооз деген тулпардын аты
Кыргыздан тукум койбойм деп, айтып чыгат Ноорузбай.
Теке жоомарт бууданы,
сыртына тартып сууганы.
Жетпей калат кыргыздар, Ноорузбайды кууганы.
Улам кирип качырып,
Кылыч менен кыйратып, жайлап кетет далайды,
Каршыгып калган душман жоо, казыр кылып карайбы.
Теке жоомарт бууданы, жебе жетсе жел жетпейт.
Артынан атса ок жетпейт.
Далай жанды кыйратып, Ноорузбай кирсе соо кетпейт.
Ал аңгыча болбоду, эл ичинде бир мерген
Саякта Бердибек деген Балбанкыз деген карындашын Ормондун өзүнө берет.
Бир кезекте бул кыз Ормонду бир колу менен чакмактай алып атка мингизет,
Ормон ачуусу келип коё берет, төркүнү коркуп качып, Солтонун суумурун деген
элинин ичине келип туруп калат. Бөлөкбай элинен Олжобай деген мерген атты деп да айтылат.
Ошол Бердибек аткан экен.
Ноорузбайдын тулпарын, бир колун атып тырайтты,
Үч буту менен жеткирбей, Ноорузбай качып кутулду.
Кыянат сөздөн көп айтып, кылып келди кусурду.
Жана элден буудан таптырып, эрегиш менен чаптырып.
Эр Байзактын Алаяк, бу дагы буудан деп айтып,
Кары, жашы жыйылып, калың казак кеп айтып,
Айтып сөзүн билдирди.
Эр Ноорузбай төрөгө, Алаякты мингизди.
Алаяк Теке жоомарттай ашкере будан болбоду.
Майдөбөгө камалып, араң жанын коргоду

Ой-пикирлер