Кирүү

Кедей

Кедей.
Ити да жок томаяк, орочу, ошону кайтарып калаа алып, күн көргөн кедей.
Атсыз кедей, аттуу болсо аны жоор, кырчаңгы, сопол куйрук кылып минген кедей.
Жалчы кедей, отун суу алат.
Жылкычы түзүгүрөөк кедей. "Жылкычынын бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит кербойт" (Кыргыз тарыхында кул да, күң да арбын айтылат.
Ата-бабаларынан бери кул, күң болуп келсе, "боору такыр кул" деп койгон.
Бирөөнүн эшигинде жүрүп, тууп койгон күндүн балдарын "үйдө туума" дешкен.
Эрсиз тууган күңдүн баласы "тешке жатар" деп аталган. Ко-роо четинде болот.
Кыз бергенде ага кошуп берген күңдү "жумшатылып берген күң" дешкен.
Калыңга келген кул, күң бар.
Жоодон түшкөн кул (олжо кул).
Дареги жок түпсүз кул, урук-тууганы жоктор. Т.а. жетесиз кул.
Сатылып келгени мындайча айтканда "кесик кулак кул" деп аталган.

Ой-пикирлер