Кирүү

Казыбек мамбетимин уулу. Эли - жердин кусасы

Айылда калган тууганды
Айдоодо жүрүп ырдайлы,
Алыста жүргөн муңдуунун
Арманын ар ким тыңдайбы.
Капу райым байгамбар
Кабарын айтам ошондон,
Каапырдын түшүп зынданга
Канча бир пенде кор болгон.
Адам – ата, Обо – эне
Адам болуп жаралган
Ошондон берки замандан
Кысасты тартпай ким калган?!
Өз жеримден айрылып,
Орунборду жай кылып,
Кадыр Алла кудурет
Калганым барбы тайгылып.
Калк ичинде курбудан
Каламбы – деп, айрылып
Кайырлуу кыл кудурет,
Кандай кылам кайгырып,
Акыретти эстесең
Аллага ыйлап зар кылып,
Кудай таала пендесин
Коер беле кар кылып,
Жараткандын эрки бар
Жаадыңда жокгу бар кылып,
Ажап эмес кудайым
Азаттык жолду шар кылып
Эл ичине барарбыз
Эссн болсок кайрылып,
Калемде бүткөн иш болсо
Кантейин Алла кайгырып,
Аспа бажип наамды
Айтып бизге арнаса,
Азапыкка шол себеп
Алла таала жалгаса,
Түбүндө пенде кор болбос
Түз жолунан тайбаса.
Ак карлуу мөңгү кетпеген
Алатоом сеисиң жетпеген,
Алыстан дегдеп, көрсөм – деп
Армандуу менмин эңсеген
Күрөкө тилин кайраган,
Күкүгү муңдуу сайраган,
Ак өзөн жайлоо жайлаган
Алатоо турат айланаң,
Жылжытып жылкы айдаган,
Чыңыртып кулун байлаган,
Көк өзөн жайлоо көк өтөк
Көркүнө чыгып жайнаган.
Жылып аккан суусу бар,
Жыргалдуу жерлер ушулар,
Алдастап аккан суусу бар,
Айгылбай калбас ушулар,
Ошондо ойноп жүргөндү
Ойлосом көңүл бузулар,
Бурулткан бизди бул жерге
Буйруп койгон тузу бар.
Элечектей агарып
Мөңгүсү сонун көрүнөт,
Эстесем ошол жергени
Эзилип көңүл бөлүнөт,
Ашып белге чыкканда
Айнектей колу көрүнөт.
Ардактуу жерди мен эстеп
Акылым нечен бөлүнөт.
Жылкы айдаса көл бойлоп
Жергенин көркү ачылат.
Жээгинде жүрсөң салкындап
Жеңилдеп, суусун басылат.
Аркырап аккан сууларын
Айланып учкан кууларын,
Алатоого жарашкан
Адырлуу бетте туланын.
Каалагандын баары бар
Кандырып адам кумарын.
Аскасында ээн өскөн
Аркар, кулжа, эчкиси,
Аны карап турганда
Адамдын келбейт кеткиси.
Ар дайым жойлоп түнкүсү
Ак калтар, суусар, түлкүсү.
Айланып учуп аң уулап
Ак туйгун барчын бүркүтү.
Чымырап дене, көз тайган
Чыйырлуу бөксө, коолорун,
Кол менен жасап койгондой
Жалама бийик зоолоруң,
Аркар, кулжа-ак кийик
Зоосунан ташын кулаткан,
Топтошуп чыгып аралаш
Тозоттуу жерден чубашкан,
Тамаша кылып мергени
Тарс атып, түтүн булаткан.
Танабын тартып мойнунан
Тайганын кошуп чуркаткан,
Адис мерген тозоттон
Каршы-терши сулаткан.
Жайыла түшүп бөлүнгөн,
Жаркыны күндүн төгүлгөн,
Көбүргөндүү жайыгы
Көзүңө жакшы көрүнгөн,
Асый чыкма жылкыдай
Аркары мөңгү кемирген,
Кере жутсам абасын
Ошол кереметтүү жеримден.
Бөлтүрүгүн ээрчитип
Бөрүлөрү кабышкан,
Куйругун сыртка салышып
Кунан-тайы жарышкан,
Шаттанып учуп тал-талга
Шакылыктап сагызган,
Сактыгынан суктугу ай,
Суурулуп учат дабыштан.
Топосун жалап шордогон
Топозу оттоп жондогон,
Өрүшүнө мал батпай,
Өндүрдө кийик ондогон,
Бөрү, түлкү, сүлөөсүн
Бөксөсүндө жойлогон,
Кыйма-чийме из салып
Кызыл калтар сойлогон,
Канат кагып каз-өрдөк
Кара сууда ойногон,
Көйкөлгөн шибер төрлөргө
Көчүп кимдер конбогон.
Көңүл ачып эрте-кеч
Көл жакалай бойлогон,
Көп жердеген адамдын
Көөнүндө кайгы болбогон,
Бар кезинде колунда
Баркыңды кимдер ойлогон.
Кыйла адам келип таң калып
Кызыгыңа тойбогон,
Кырк күнү жүрсө талаада
Кызыгып адам тойлогон,
Мунарыктап Алатоо
Тумак басып тордогон.
Салтанаты келишкен
Сапатын уксам имиштен,
Каадалы өткөн заманды
Карылар айтып беришкен,
Калп сүйлөгөн шумдук жок,
Касиет тапкан бар иштен,
Калктын пайда-зыянын
Как өзүндөй билишкен,
Четтен душман док кылса
Чечинип коюп киришкен,
Ынтымагы жарашса
Ырысы журттун келишкен.
Байге берип, кунан чаап,
Баш бошобой үлүштөн.
Куру калбай баарысы
Курчанган кемер күмүштөн.
Көк бөрү тартып жаштары,
Көбүнчө ойноп жүрүшкөн,
Эки балбан беттешсе,
Эр жеңишип эңишкен.
Топту бузган баатырга
Тогуздап байге беришкен.
Айдап малын дүңгүрөп
Адамдары жүрүшкөн,
Ал убакта кайран эл
Алынча дооран сүрүшкөн
Айланаң Алатоо болгон,
Адыры терең коо болгон,
Абасы салкын, эң таза.
Адамдын дени соо болгон.
Эшикке чыксаң салкындап,
Эпкини тийип калкылдап,
Кыбыладаи жел соксо
Кьыкылдап чөптөр жалтылдап.
Ыраңы жашыл-көк болгон,
Ыргалган шибер чөп болгон,
Жердеп жүргөн адамдын
Жегендей көөнү ток болгон.
Барган адам шол жерде
Байыр алып токтолгон,
Көрүп турсаң эрте-кеч
Көөнүндө кайгы жок болгон,
Эстесем ошол жеримди
Эзилип жүрөк чок болгон,
Атырдай жытын аңкыган
Азыр да ойлоп сагынам,
Кайран Нарын. Атбашы
Кадырың бүгүн жоктолгон,
Өрүшүнө мал тууса
Өз алдынча торолгон.
Эриксе өрдөк каз уулап
Эсирген жаштар көп болгон.
Айыпталбай сот болуу
Азыркы заңда жок болгон,
Кадыр Алла колдой көр
Катарлуу эпкин отордон,
Ар дайым күн-түн ойлосом
Атбашым кетпейт көңүлдөн,
Айтамын салам Алатоо,
Акыры бир күн көрөрмүн
Аман болсом өлүмдөн.
Айдап малын куунган,
Азамат жигит дуулаган.
Адырдан аркар, кулжасын
Атуучу мерген уулаган.
Адис мерген туш келсе
Ажалдуу кийик сулаган,
Аркырап аккан кашка суу,
Адырдан тулаң булаган.
Айылда ойноп чардашып.
Азамат эрлер дуулаган,
Эртели-кечте эстесем
Эки көзүм чачырап.
Жеткирер бекен кудурет
Жериме мени батыраак!
Төр-төргө чыккан түрлүү чөп
Төгүлүп гүлү бураган,
Түшүмө кирсе ошол жер
Түн уйкумда кубанам,
Эртеси көзгө көрүнбөйт,
Эмгектүү менин убарам,
Алсыздардын абалын
Аман болсун сураган.
Акылга туура келгенин
Айтпай кантип тура алам,
Капалыкты көңүлдөн
Кайрат кылып чыгарам,
Ар ким уксун сөзүмдү
Арман менен кураган.
Кызыл-тазыл көч чыкса
Кыз келин-деп, болжогон.
Кыргыйдай боюн сылантып
Кыз-келин боюн оңдогон,
Кынами бешмат кийинген
Кымбат баалуу тоңдордон,
Ала көөдөн азамат
Аңыра чаап ойногон.
Алмач өркөч төөлөргө
Жабык салып кооздоп,
Ар түрлөнтүп торлогон,
Ат-жабдыгын күмүштөп
Ат-мингизген жоргодон,
Өзөндүү булак болбосо,
Өскөндү жерге ким конгон.
Баарынан такыр ажырап,
Бар бекен биздей шордогон?!

Көчмөндүү кыргыз калкы бар,
Көрөгө түрлүү салты бар.
Алы жеткен үйлөрдө
Алмач өркөч алты нар.
Жабдык салса төөсүнө –
Жапса килем жаркырар,
Ойдон кетбейт бул нуска
Ошончолук баркы бар,
Жаштары ойноп күлүүгө
Жарашыктуу наркы бар,
Калк чогулса тамаша
Кадимден түрлүү салты бар,
Саламат бол көргөнчө
Замандаш курбу жалпыңар.
Сагынгандан сиздерге
Зарлап салам айтылар,
Сапардын тилеп кайырын
Сайрап торгой талпынар,
Ага-иниден айрылса
Ар ким биздей чарпылар,
Айта берсем түгөнгүс
Азыркы түндүн дарты бар.
Өтпөсө сөзүң бирөөгө
Өктө кылыш жарабайт,
Ар ким сөзүмдү уксун –деп,
Армандагы биз карып
Ак кагазды каралайт.
Жакшы журт сенден айрылып
Жабырлык келди жаныма,
Жакшы күндө бир жүргөн
Жашың менен карыңа,
Айтамын салам зарланып
Ага-тууган баарыңа.
Кайырмалуу сонорду
Карчыга салса илднрет,
Калк ичинде курбунун
Кадыры бүгүн билинет,
Туура келсе тарткылык
Туйгун торго илинет.
Мусапырлык жолунда
Муңумду айтсам ким билет.
Атбашы, Нарын атагың
Алыста калып капамын,
Туулуп. онйоп-өскөн жер
Тузуңду качан татамын,
Азирет элең колдой көр
Арбагы Черик атанын,
Айланайын Атбашы
Адамдын баарын жазарым.
Самаганың алуучу
Сарткечүү калды базарын.
Кашыңда турат Чечдөбө
Касиеттүү мазарын,
Кайда эле жүрөт болду экен
Менин кайгырсам капа жазарым1
Жарды-байы белгисиз.
Барган адам келгисиз,
Көптөн бери кыдырып
Көрбөдүк сендей жерди биз.
Ар жерден аккан булагың,
Абайласам Атбашы
Жаннатка окшош сыягың.
Атбашы, Нарын кайран жер
Алты атадан калган жер.
Олуя, зааба баскан жер
Адамдын багын ачкан жер
Алла назар салган жер,
Атын уккан адамдар
Даңаза кылып барган жер.
Атбашы ата чынында
Алсыздар үчүн дарман жер,
Зээри учуруп адамды
Сергек көңүл кылган жер.
Туулуп мээнет тартпастан
Турмуштан санаа тынган жер,
Ар ким байыр алган жер,
Кимдердин түшпөйт оюна
Киндик каны тамган жер,
Энеден туулуп, чоңоюп
Адамдыкка жанган жер,
Көңүлдөн кетпейт ар качан
Көзгө үйрөнүп калгап жер.
Арпа бир Аксай жайлоосу
Аяк-башы чаңдак жер.
Билбегендер жалган дээр.
Биз үчүн анык кайран жер,
Көрбөй калсак экинчи
Көңүлдөн кеткис арман дээр,
Көйнөк-кийип. жууган жер.
Көңүлдө кайгы жок болуп.
Көп убактан турган жер,
Тогуз ай, он ай көтөрүп
Торолтуп эне тууган жер,
Жаштары ойпоп-күлүүгө
Жанга ыракат курган жер
Как жалама зоосунан
Кайберени чураган.
Кадырлаш курбу-курдаштар
Каткырып ойноп дуулаган,
Айылда калган ага-ини
Арбагына кубанам.
Аман болсун көргөнчө
Ал-абалды сураган.

Тартылуу түндүк ак үйгө
Талыкшып уктап жатуучу,
Ит агытып, куш салып.
Кызыгына батуучу,
Аркар менен кулжа атып
Адырларды ашуучу,
Кайсынысы мыкты – деп,
Каалгып илкип басуучу,
Карападай сабага
Калкылдап кымыз ачуучу.
Тандап ичип кымызын
Тамшанып даамын татуучу,
Көйкөлгөн шибер көк төргө
Нары-бери басуучу.
Аркар менен кулжадай
Айкалышып жатуучу,
Илгертен кыргыз элинин
Өзгөчө күткөн шарты ушу.
Какшык айтып жылдырып.
Кабагын чытып түйбөгөн.
Кашкайып күлүп сүйлөгөн
Кайкайган сулуу келинди
Кайрылып кимдер сүйбөгөн!
Кесирди көзгө илбеген,
Кээрлүү сөздү сүйлөгөн,
Кеп айтуудан уялып,
Алардан кээ бир жигит сүрдөгөн.
Кезеги келсе ошондой
Келинди кимдер сүйбөгөн.
Ойноп кимдер күлбөдү.
Суктандырган адамды
Сулууну кимдер сүйбөдү.
Калк ичинде курдашка
Катарлаш кимдер жүрбөдү.
Көчкөндө жүрдүк аралаш.
Өрүүдө жүрдүк пааналаш
Көргөзөр бекен кудайым,
Көп алыс калды санаалаш.
Калк ичинде курбулар
Кадырлап ойноп-күлгөнгө.
Кайгырган курдаш бар бекен
Каңгырап биздей жүргөнгө,
Сагынып салам айтабыз
Замандаш ойноп-күлгөнгө,
Зарлантнай кудай жеткирер
Санаалаш ойноп-күлгөнгө,
Санаага түшөт көп пикир
Салам-дубаң келгенде.

Айт-арапа болгондо
Алкынтып күлүк мингенде,
Калк ичинде курбунун
Катарында жүргөндө
Карасуудан каз уулап.
Бойлоп жүрдүк бир кезде,
Калбасак – деп, катардан
Ойлоп жүрдүк бир кезде,
Катарында курбунун
Ойноп жүрдүк бир кезде.
Өргө өмүр кемесин
Айдап жүрдүк бир кезде.
Кымыз ичип, куйруку боор
Чайнап жүрдүк бир кезде
Аргымак минип дуулдап
Ойноп жүрдүк бир кезде,
Агыны катуу дайраны
Бойлоп жүрдүк бир кезде,
Атып мылтык, куш салып
Куунап жүрдүк бир кезде.
Аркасы менен атанын
Дуулап жүрдүк бир кезде.
Арпа менен Аксайды
Жайлап жүрдүк бир кезде,
Ар ким малын төлдөтүп,
Айлап жүрдүк бир кезде,
Ээликтирип күлүктү
Байлап жүрдүк бир кезде,
Эл ичинде эркелеп
Сайрап жүрдүк бир кезде,
Кызыл-тазыл ак өргөө
Кирип жүрдүк бир кезде.
Кымбат баалу асыл тон
Кийип жүрдүк бир кезде,
Жыбылжытып жорго атты
Минип жүрдүк бир кезде,
Жергеси менен айылды
Билип жүрдүк бир кезде,
Азаттык башта, мал колдо
Толкундап толдук бир кезде,
Адырдан аркар кубалап
Куунап жүрдүк бир кезде,
Айрылып ага-туугандан
Муңдуу болдук бул кезде
Байтал бээнин бал кымыз
Байлатып ичтик бир кезде
Картөшкөнүн көк шорпо
Кайнатып ичтик бул кезде.
Көңүлдө кайгы топтолуп,
Капилет ошол баркыңды
Каталык бизде билбеген,
Кандуу тырмак колунда
Кайгылуу көңүл кирдеген
Арты болсун кайырлуу
Алымды эч ким билбеди.
Калемде бардыр чийгени
Алланын тузу буйрабы
Атбашы, Нарын шаарыңдан.
Боолук салган жабырдан
Болжолдуу күнүм арылган,
Күлүп ойноп жүргөн чак
Күндө ойлонтуп сагынам,
Жана ойлонсом бул кезде
Жакыным кетип жанымдан.
Жамандык башка келгенде
Жат боломбу баарыңдан?
Кылыктуу жорго мингени,
Кымбаттуу кыргыз калкымдын
Кылымдан берки жүргөнү.
Ардактуу кыргыз калкымдын
Абалтан ушул сүйгөнү
Атырдай жыттуу жайлоого
Аралаш жүргөн көч ошол,
Атактуу күлүк ат минип,
Айтылып жүргөн кез ошол
Элибиз көчсө жайлоого
Эртели-кеч калкылдап,
Аттанып жигит жөнөсө
Күн чагылып жаркылдап.
Суурултуп күлүк ат минип,
Кымбат баа болуп кийгени,
Кылыктуу жорго мингени,
Жигиттин суктантып жүргөн кези ошол.
Кемселчен басып буластап,
Келеңкор чачпак бош таштап,
Керилип үйгө кирбеген.
Кейигенсип күлбөгөн,
Кемиирди көзгө илбеген
Кээ бир балдар сүрдөгөн,
Күмүштөй тиши кашкайып,
Күлө басып сүйлөгөн,
Кантейин Алла өзүң бил
Какшыкты айтып сүйлөгөн,
Ксзеги келген күндөрдө
Келинди кимдер сүйбөгөн.
Сүйкөй албай караны,
Сүртүп жүргөн жалааны,
Ийри санаа азамат
Ичинде кылар табааны,
Ак жолунда белгилүү
Ар пенденин талабы.
Тобокел кылып баянын
Токтоттум сөздүн аягын.
Сагыныштуу баягы
Замандаштын баяны.
Аргымдагы ага-ини
Артык жебей убайым
Алгыла кабар биздерден,
Айланып топо буйрабы
Ага-тууган сиздерден
Тил билбеген орустун
Колунда кетип барабыз,
Өкүмөттүн саясий
Жолунда кетип барабыз.
Андан топо буюрса
Токтолуп туруп каларбыз.
Айланып туз буюрса
Бир күнү келип каларбыз,
Жалпы Черик уругун
Жатсак турсак санайбыз.

Ой-пикирлер