Кирүү

Касым Тыныстанов. Жаныл мырзА (поэма)

Болуптур бир сонун күн бизден мурун,
Чынында эң сонун күн билем ал күн.
Күү тартып, күңгүрөнүп айтса кары,
Эрксизден ууландырат эр жүрөгүн.
Комуздун үч кулагын толгоп салып,
Тозоктун уулуу, зардуу күүсүн чалып.
Үн менен ый аралаш солкулдаса,
Энтигип, өткөн күнүн эсине алып.
Беш бармак, жыгач тырмап аламы урса,
Жаш бийлеп, ак сакалдан жерге тамса,
Жаш жүрөк аны көргөн ууланбайбы,
Не курдуу эзилгисиз таш болсо да.
Бирок да ал күн кай күн билди бекен?
Билишсе, урматташып жүрдү бекен?
Же жай күн келип кеткен бири көрүп,
Эссиз журт эселектик кылды бекен?..
Антишсе, кары жашы неге тамсын?
Үч ичек арман күүго неге салсын?
Өткөн күн кадырданбай калган болсо,
Жалындап жаш жүрөгү неге жансын?
Өткөн күн укканга бир көргөнгө бир,
Сакталмак, ардакталмак жугузбай кир.
Зардуу сөз, долу комуз мактай бермек,
"Сагындым, саргардым" деп жетишсе тил.
Күндөр жок ал күн менен катардашкан,
Ал күн жок, бизден кеткен,
мунарды ашкан
Тек гана мен жолоочу куш качырган,
Ыр ырдап, көктү карап көңүлүн баскан... …
Куушуруп жетсе куучу күздүн күнү,
Кан качып, өсүмдүктүн өчсө өңү.
Чыкылдап темир аяз бийлеп алып,
Бир жактан ич бышырса узун түнү.
Белиңден кыял ташы баскан кезде,
Угулса кулагыңа комуз үнү.
Элөөрүп, эт жүрөгүң издер беле,
Ыраакта, алда кайда тарткан күүнү.

Күү уксам, күңгүрөнгөн, күүгө салган,
Угулсун мейли ыраактан, алда кайдан.
Өткөндүн бирин койбой терип айтып,
Далилдеп долуланса комуз жазган.
Элирбей эт жүрөгүм жатмагы жок,
Эрте-кеч өткөн күнүн ойлой азган.
Дениңе кан жүргөн соң көкүрөгүң
Эркиндеп дем албайбы жараланган.

Мойну узун күздүн түнү... уйкум качты,
Чубалжып учсуз, түпсүз кыял басты...
Кысылып көкүрөгүм, алым куруп,
Оодарды түпсүз кыял бербей башты.
Талаада темир аяз дооран сүрүп,
Чыгарбай күндүн көзүн таң да атпады.
Угулуп чалган комуз алда кайдан
Умачтай түн ортодо көзүмдү ачты.

Мен турдум, тышка чыктым... ай арасы,
Болгондой туманданган тоонун башы.
Ичинен ала булут шилеп өтүп,
Ак айдын убайымдуу көз карашы.
Кыроого үстү-башын чылк оронуп,
Кийгендей күмүш кымкап сайдын ташы.
Короолой из түшүрүп түлкү, бөрү
Эичилеш жазылгандай шыбагасы.

Мен кеттим комуз үнүн уккан жакка,
Изүүлдөп муңдуу табыш чыккан жакка.
Кез болдум узабастан бир базарга
Иликтеп чалган күүгө жеткен чакта.
(Сурасаң, көргөн базар маани жайын
Анчейин майда-чүйдө алып сатма.)
Абышка комуз чалган дөңгө чыгып,
Көзүмө элестеди оң кол жакта.

Абышка башын салган, комуз чалган,
Ыйлаган, күңгүрөнгөн, чалганы арман,
Чоң кисе белиндеги оттук, майлык
Белгиси бизден мурунку элден калган.
Укмуштуу кебетеси таң калардык,
Кабагы кере карыш салаңдаган.
Бир туруп дубана деп кыял кылсам,
Алдында белгиси жок жоолук жайган.

Комузун абышкабыз көп какшатты,
Бир эсе капкактарын такылдатты.
Бир эсе каргылданган үнүн кошуп,
Тозоктун уулу, зардуу күүсүн тартты.
Эзелден алдамчылык кылган базар
Келгендин көзүн боеп алдап жатты.
Бардыкка коюлбаган тең тараза,
Бири алдап, пайда көрүп, бири алдатты.

Абышка туруп кетти комузду алып,
Ичинен чалган болуп кыңкылдатып.
Артынан көзөмөлдөп мен да түштүм,
Турдум да бир азыраак таңга калып.
Абышка бир дөбөдө урду мандаш,
Токундум мен да мандаш бирге барып.
Жайымды сурамжылап отурду да,
Жиберди узун сабак күүгө салып.

Максатым эмес менин сыйкырдамак,
Ыр ырдап, көпчүлүктөн мал жыйнамак.
Кур жерден калпты, чынды койгулатып,
Максатым эмес жана элди алдамак.
Түбүндө чын максатым комуз чалмак,
Кеткенди унутулуп, эске салмак.
Магнасы өткөн күндүн бул эле деп,
Болгонду угуучуга баяндамак.

Өткөн күн деп айтканда эки маана,
Экөөнүн бири жаштык бул го даана.
Жаштыктын гүлдүү күнүн сөз кылышат,
Көбүнчө ургаачы, эркек өз-өз араа.
Жыргалдуу өткөн заман эске түшсө,
Жүрөгү түшүнгөндүн тегиз жара.
Өзгөчө көңүл кургур көп чайпалат,
Көргөн соң баспаганын тең тараза.

Өткөндүн максат эмес айтуу баарын,
Айтууга терип баарын, жетпес да алым.
Комуздун үч кылы өзү алдейлесин,
Басканда сары убайым, санаа жарым.
Тереңге кумарданган киши болсо,
Тыңшасын тереңирээк комуз зарын.
Жол тозгон эрме чөлдө саятчыга,
Сүйлөсүн долу комуз Жаңыл жайын...

Тартты да насыбайын кончтон алып,
Какшанды керип, толгоп, күүсүн чалып.
Бетинен Ысык-Көлдүн толкун токтоп,
Карашты ак балыктар көзүн салып.
Жоготуп убайымдуу көз карашын,
Ак Ай да күү тыңшады нурун чачып.
Боорунда Ала-Тоонун алтын булак
Чыдабай а да ырдады үн алышып...
II
Боорунда Ала-Тоонун кимдер болгон?
Эркиндеп кимдер көчүп, кимдер конгон?
Балпайып, бай-байбиче ырыс күтүп,
Жайылып этек-жеңи кимдер оңгон?
Бейпилде, берекеде жаткан элди
Баш болуп, башын кармап ким колдогон?
Жери күр, эли түгүл жаткан болсо,
Ак муздан неге Ала-Тоо селде оронгон?...

Боорунда Ала-Тоонун жел ойногон,
Жел менен эркин кыргыз эл ойногон.
Балпайып бай, байбиче ырыс күтүп,
Жайылып этек, жеңи куунап оңгон.
Бейпилде, берекеде жаткан элди
Бүтүмгө чыбык кырккан бий колдогон.
Бийлери берекелүү куруган соң,
Башына Ала-Тоонун ак боелгон.

Калың журт мисалга алса бийдин бирин,
Биринчи кезекке алат Тагай бийин.
Заманын Тагай бийдин айтып, айтып,
Кетирет ошо менен көңүл кирин.
Өзгөчө узун сабак сөздү айтышат,
"Акылы болуптур–деп, жандан ирим",
Тагайдын урпактары: Түлкү, Үчүкө
Сүйлөнөт булардан соң Жаңыл кийин.

Күндөрүн Түлкү, Үчүкө кимдер болгон–
Күндөргө салыштырып болжолдогон.
Ад күндөр теңештирбес тизгинсиз күн,
Кур жүргөн кулан менен бирге ойногон.
Эриккен эр тилеги ал күндөрдө
Өзүнө максат кылып жолго койгон.
Серпишмек, бак жеңишмек баатыр менен
Менменсип чыгып турган оңдон, солдон.

Бир тууган Түлкү, Үчүкө ири жүрөк,
Сүрдөбөй сүрдүүлөргө сунган билек.
Максатты эрдик менен актап алуу
Мурунтан аларда да өткөн тилек.
Бирок да бардык тилек өз ордунан
Эч качан чыкмак эмес жүргөн тилеп.
Бирөөнүн зоболосу көтөрүлсө,
Бирөөнүн ташын кетмек четке шилеп.

Жаз күнү эл жайлоого көчүп жатты,
Эл менен Түлкү үйү да жүгүн артты.
Ал күнү атка минген Түлкү үйдө жок,
Жүк артты, келинчеги токуду атты.
Бирок да же унутту, же атайы
Алданып иштеген жок бир кызматты.
Озунуп кайненесин атказбастан,
Бешигин эңди дагы жолго тартгы.

Турмушта чоң маселе кары баркы,
Сыйламак жаш карысын элдин салты.
Өзгөчө ата, энесин көп сыйласа,
Жайылмак ошо менен бала даңкы.
Бирок да уул төрөсө мурункудан
Турмушка салмактанмак катын баркы
Дурус ак жат сыйласын, урматтасын
Болбосун карынын да бузук алкы.

Калың көч чубалжыган тоого карап,
Сулуу көч кызыл-тазыл салган жарык.
Алды, арты өңү сулуу, жыбыр, жыбыр,
Бараткан жылкы чубап, кой чуркурап.
Кең талаа уккулуктуу күүгө толуп,
Ботосун боздой, боздой төө буркурап.
Жан тойгус сулуулукту кошоматтан,
Байланган көөкөр, көнөк шарак-шурак

Болгондо Түлкү келди бешим убак,
Какшанды көч үстүнөн кемпир кер жаак:
"Колунан баланы ал да балам болсоң.
Жоготкун көч үстүнөн кетсин бейбак".
Жубайын ат, төө менен жолго салды,
Алмакка энесинин сүтүн актап.
Түйүнүн болгон чатак сураган жок,
Калды да капалыгын ичке сактап.

Ошондо жетим калган ушу Тынай,
Чоңойгон эмчек эмбей, ыйлай-сыктай.
Жалындай жар ортосу муз турбайбы,
Иштесе зулум тагдыр так ушундай.
Алган жок Түлкү кабыл үйлөнүүнү,
Айтса да теңтуштары нече курдай
Жаш жүрөк күйүп жанып, аза күттү,
Сыр айтпай, тартып убай эки жылдай...

Маселен кандай жакшы жазгы учуру,
Түшкөндө жашыл гүлгө күндүн нуру.
Жоготуп жаздын чөбү, жашыл гүлүн,
Багынат күз келгенде учуп сүрү.
Байкасак, акыл жеткис таң калардык,
Экен го табийгатта миң кубулуу.
Баарына кожосунган адам уулу
Турбайбы а да эрксиз турмуш кулу.

Отуруп түлкү узакка аза күтүү,
Үзүксүз ойлор-ойлор күндөр өттү.
Жаңылып катын албай кайгы менен,
Өмүрдү оздурмакка ойлор кечти.
Түлкүнү акырында турмуш жеңип,
Саргарткан табышмакты Жаңыл чечти.
Какшаалда хандык курган кыз Жаңылды
Алууга катындыкка ойго кетти.

Алганда кыз Жаңылды кудаламак,
Ою жок ат чаптырып, той жасамак.
Жаңылды алар болсо кудалабай,
Майданда багын басып, жеңип алмак.
Болбосо эки колун тең басынып.
Майданда Жаңыл кызга бак аддырмак.
Басынса, бул майданда түбөлүк жок.
Огунан он саамайдын казаланмак.

Бир күнү Түлкү эрлерге акыл салды,
Үчүкө, Атагозу, Чабакты алды.
Сынчысы Шырдакбектин ачык көздүү
Кеңешке калтырылбай а да барды.
Эл көрбөй эки жылдай жаткан Түлкү
Эрлерге саймедиреп айтты арманды.
Эрлерден сынчы жакка сөз көчкөн соң
Кеп урду түш көргөндөй, ачпай балды.

Жаңылды эч бир адам жеңе албас да,
Жаңыл кыз эч бир жандан жеңилбес да.
Такалып, жалгыз Жаңыл санашардык,
Элде бар мен билгенден бир жат бала.
Чоңойсо ошол бала, Жаңыл колдо,
Табылбас мындан башка эч бир айла
Уузуна кысыр уйдун жан күтөрбү?
Баатырлар барабыз деп камданууда...

Баатырлар ашыгычтап ишин чамдап,
Мыктылап кийинишип, жарак камдап.
Байланып азык-кече жан жанына,
Жылкыдан ат жаратып, минип тандап,
Төрт баатыр жолго түшүп аяндады:
Үчүкө, Атагозу, Түлкү, Чабак.
Какшаалдан карга учурбай дирилдеткен,
Ким эле ошо кезде Жаңыл бейбак?

Жаңыл кыз эдин эри, шердин шери,
Жаңылдан далай эрдин сынган бели.
Кир жууган, киндик кескен кичинеден
Какшаал-Тоо–кыз Жаңылдын тууган жери.
Какшаалда кайгысы жок, көчүп-конуп,
Эркиндеп мал өстүргөн ойгут эли.
Ойгуттун жаны–Жаңыл, каны–Жаңыл
Чытырап так ошондо толгон кези.

Жаңылда кандык курган так болбогон,
Андайга өзү дагы кол созбогон.
Жаралган жандан өзгө бир мүнөздүү
Беш күндүк өмүр жолун башка ойлогон.
Кийинип эр кийимин, чачын түйүп,
Жүргөн соң Мырза деген эл ат койгон.
Кесиби: бүркүт салып, ит агытып,
Жаа тартып, оюн ойноп, той тойлогон.

Жаңылды алабыз деп чандан келген,
Дамалуу далай баатыр кол сермеген.
Келгенден бири жетпей максатына,
Жебеден куш тилиндей жанын берген.
Азуулу ат, баштуу азамат арманы зор
Кайтууга туз буюрбай тууган элден.
Жаңыл кыз–желге сырдаш, эрк баласы,
Жаа тартып, ит агытып жүрө берген...

Чынында жан тилеги эркке чапмак,
Жан-эркин, кайда болсо эркин жатмак.
Бийик тоо, тунук аба жан жемиши,
Жаа тартмак, кийик көздөп, ит агытмак.
Көксөгөн жан тилеги орундалса,
Болгону эмес бекен кыбла төрт жак!
Жаа тарткан, жан жыргаткан Жаңыл кайда?
Барган күн биздин төрт эр жаңы талап.

Ал күнү адетинче Жаңыл анда,
Ээрчитип Кертайганын алып жанга.
Көбүнчө жаш өмүрүн тоодо өстүргөн,
Турбаса эл ичинде анда-санда,
Болгондо бешим мезгил жылкы тийген,
Карабай баатырлар да келер таңга.
Жоо келди, жылкы алынды деген кабар,
Жаңылга келип тийген күн батканда.

Түн кирди. Жылдыз толду. Жаңыл жолдо.
Атууга даярдаган жебе колдо.
Ээлигип минген азоо келе жатты,
Бурулбай, дир-дир кагып оңго-солго
Бир укмуш баштачудай арс-арс үрүп.
Кертайган бирге чыккан сапар жолго.
Кол талып, тизгин бошоп калган кезде,
Жанган от жар алдынан көрдү ошондо.

Токтоду. Жаңыл түштү, атын байлап.
Карады жар башынан отту абайлап.
Жамбаштап өңчөй баатыр жаткан экен,
Ортодо таш кордосу бор-бор кайнап.
Олжолоп алып кайткан көп жылкыны
Ийрилтип туюк жарга салган камап.
Экенин Түлкү, Үчүкө тааныган соң,
Жаңыл кыз жар башында турду сынап.

Сындады эрдин баарын бирден санап,
Үчүкө, Атагозу, өттү Чабак,
Түлкүдөн сын тайгылып, кемтик таппай,
Толкундап түшкөн кезде чын махабат.
Кер тайган илгертеден канга жолдуу
Шимшилеп кирип барды от жакалап.
"Канчыктын Кертайганы..." деди Түлкү,
Мөндүрдөй тарткан жебе тийди шак-шак!

МАХАБАТ–тозок оту балбылдаган,
Ким кызып, илебине албырбаган,
МАХАБАТ–кырдан качкан кызыл түлкү,
Бүркүттү ташка согуп алдырбаган,
МАХАБАТ–турагы жок соккон шамал,
Мойнуна түргөн чалма салдырбаган.
МАХАБАТ–чырга тарткан күлүк закым,
Кол созгон талапкерге карматпаган.

Төрт баатыр коломтодо канга толуп,
Жатышты жан бере албай алек болуп.
Митедей мизилдетип соруп жатты,
Эзелден көрбөгөн жер канга тоюп,
Жаңыл кыз бир аздан соң түшүп келди,
Турду да жар башында ой ойлонуп.
Түлкүгө жанталашкан сөз сүйлөдү,
Сеңселтип саамай чачын жайып коюп.

–Түлкү шер, ... мен канчыкмын
мойнума алам,
Сөзүң ак, айтканың жөн чын деп табам,
Бирок да канчык, дөбөт ким экенин
Энчилеп болбойт бекен мындай майдан.
Сен эмес жалгыз келип энчи үлөшкөн,
Энчисин бөлө кеткен далай адам.
Жалындуу махабатым сени тапты,
Сени ойлой, эки сүйбөй, чыксын бир жан!..

Түлкүнүн болот кездик чечип алып,
Жиберди атын отко, ташка барып.
Олтурду аккан канды, чыккан жанды
Көзүнө элестетип, кыялданып.
Үстүнөн тон, күрпөсүн сыйрып таштап,
Жер жүзү жарык болду, таң агарып.
Ким сүйүп жетише албай, ким өлгөнүн
Таң жели жомоктоду күүгө салып.

Күн чыгып, жер жүзүнө нурун чачты,
Тыйылды жомокчу жел, үнүн басты.
Жаңыл да түпсүз ойго башын бербей,
Аттанып элге карай жолун тартты.
Жатышты жар алдында төрт азамат,
Жоготуп жомокчулар жоктоор батты.
Эрте-кеч эр тарыхын жел баяндап,
Муңдуулап угуучуга сүйлөй жатты.
III
–Өткөн күн желдей соккон эрки чексиз,
Өткөн күн–көк деңиздей түпсүз, четсиз.
Өткөн күн көп күндөрдүн бир Айт күнү
Беп-белен, телегейи тең теп-тегиз,
Өткөн күн–сулуу сүрөт ойлогонго
Теңдикти, эркиндикти элестеткич.
Эр бакты, эл бактына келип кеткен,
Өткөн күн–күн экен го акыл жеткис.

Өткөн күн жерин жоктоп аңдуу, малдуу,
Өткөн күн эрин жоктоп ири, дандуу.
Жел менен бирге көчүп, бирге ойногон,
Өткөн күн элин жоктоп эркин жандуу.
Бүтүмгө чыбык кыркып, нуска кылган,
Өткөн күн бийин жоктоп адалаттуу
Ичинде боз каптаган тумандуу күн,
Тырмаган комуз бетин мен армандуу.

МАХАБАТ–жаш жүрөгүн көмгөн жарда
Жыйналып, кан чокушуп, кузгун, карга,
Өз ара маектешип сөз кылышат:
Эрдигин сынасын да эр майданда.
Түлкүнүн найзасынын сабын жоктоп,
Калың эл кайгыланат камалганда.
Жебесин кыз Жаңылдын жомок кылып,
Жел ташып аңгемелейт сайдан-сайга...

Калың эл толкуп, калкып, кылып дама,
Эче ирет кол аткарды кун алууга.
Кошулуп күн үстүнө кун көбөйүп,
Калайык калтылдады таппай арга.
Боюнда кең Таластын кыргыз, казак
Алаштын бириккенде уранына.
Кайтадан жаңыртылып сөзгө алынды,
Толгондо эрлер куну үч, төрт жылга.

Бул жерде казак, кыргыз элин жыйнап,
Алаштын туусу алдына башын курмак.
Шырдакбек, эр Тауке кан топ башылар
Ой кылып чеп душманга каршы турмак.
Кысындуу сөз ичиндо эске алынды,
Үчүкө, Атакозу, Түлкү, Чабак.
Түлкүдөн болгондон соң бардык түйүн,
Ат болду Түлкү кунун кубаламак.

Жаңылдан кун кууганда аламандап,
Жаңыл деп найза саяр эр бүткөн соң,
Жалгандан Жаңыл атын тазаламак.
Сындырып шагын койбой, багын басып,
Жаңылды туткундукта ызаламак.
Бар беле кскенердик кыйсын жөнү
Эле го а дагы алаш Жаңыл бейбак.

Эл ичи алай-дүлөй аңтарылып,
Тынчыбай толкуп жатты кунга дарбып.
Дүрбөөнгө элөөрүгөн эчен жаштар
Жүрүштү түн уктабай, ат кайтарып.
Мурунтан жоо жобосун түшүнгөндөр
Жебесин кыз Жаңылдын эсине алып,
Башына бир дөбөнүн топ курушту,
Жөн билги карыларга акыл салып.

Эзелден эл ичинде эмчи кары
Калтаарып Жаңыл үчүн таппай лаажы.
Теңселсе, эл акылын эмдей албай,
Кун куудан аша кечет кайсылары.
Илгерки сынчы сөзүн макул көрүп,
Кубаттайт жыйылыштын кай бир даары.
Көпчүлүк акырында деп тарашты:
"Сынчынын айтканындай болсун баары".

Илгертен элди кезип жүргөн сынчы,
Көп элден далай укмуш көргөн сынчы.
Жер койбой, эл аралап, эрди сынап,
Далайдын ким экенин билген сынчы.
Аңтарып далай элди, далай жерди,
Айлына Шырдакбектин келген сынчы.
Сынчыны керек кылып эл аткарды,
Жаңылдан жай билмекке кылып тыңчы.

Аз күндө сынчы келди кайра тартып,
Бейпилде жаткандыгын анык айтып.
Калың эл коогалаңдап толкундады,
Мурунтан күтүп жаткан жарактанып.
Мингизип Шырдакбекти боз жоргого,
Айтылмыш жандарына баланы алып.
Калкылдап түштүк жакка жүрүп калды,
Талас, Чүй, Көл боорунан кол аттанып.

Кол жүрдү дүркүн-дүркүн, кылка-кылка,
Кол журдү түркүн-түркүн, кырка-кырка.
Найзакер, балта чабар, жаа тарткычтар,
Катардап тизилишип, сыйра-сыйра.
Жаңылдан үмүт кылган таттуу кыял,
Жат башын бийлей келди–бир сыпыра.
Кеп кылып, алгын жайын, чалгын жайын,
Баштыктар келе жатты ир алдында.

Көңүлсүз күздүн күнү сырт саргарып,
"Өлдүм..." деп өсүмдүгү каны качып.
Азайып тилсиз суулар эпке келген,
Мурунку долуланган жардан ашып.
Айрылып жылуу жаздын төшөгүнөн,
Турган кез табийгатты кайгы басып.
Киргин суу болбогон соң жолтоо кылар,
Калың кол кирип келди катардашып.

Болжолдуу жерге келип кол токтоду,
Ойлошуп келер-кетер, оңду-солду.
Бөлүнүп акылмандар оолак чыгып,
Кандайча кол салууга кеңеш болду.
Кеңеште сынчы жакка сөз оодарат:
"Болжо деп көрөр көзүм, барар жолду.
Көпчүлүк убалына калбайлы,–дейт–
Капылда бекер кырып калың колду".

Сынчы айтат: "үч бөлүмгө кол бөлүнсүн".
Бириси түн жамынып жылкы тийсин.
Экинчи тийген малга алаксыбай,
Алдынан келер жоону торой жүрсүн.
Кутулуп биздин жакка жылкы өткөн соң,
Үчүнчү кысык жерден жол бөгөсүн
Кысыкка келген кезде Жаңыл кирип,
Чукулдан Абыл бала тизгиндесин.

Кеңеште сынчы сөзү макулданды,
Бөлүнүп бешин ченде кол аттанды.
Катарга тизилишип кырка-кырка,
Мал тиер ир алдында жүрүп калды.
Артынан экинчи топ тизилишип,
Шылганган өңчөй баатыр жолго тартты.
Акылман үчүнчү топ бир кысыкка
Эш кылып жаш баланы келип жатты.

Чынында эш туткандай Абыл бир жан,
Көзүнөн жандан өзгө от жайнаган.
Илгери эл жайлоолош жүргөнүндө,
Бир тойдо Жаңыл көргөн көп жыйналган.
Абылды эркелетип алдына алып:
"Кыяр оо, сени дагы өлүм жазган...

Болгондой элге тутка жан экенсиң..."
Деген да маңдайынан бир сылаган...

Арткы топ күтүп жатты кысыкты алып,
Карашып күн чыгышты, көп зарыгып.
Мойну узун күздүн түнү эпке көнбөй,
Жан жакты басып жатты караңгылык.
Коктулай ыргай башын жел козголтуп,
Көптөн соң белгиленди таң агарып.
Каптаган түн туманын өрткө кармап,
Күн чыгыш балбылдады күйүп, жанып...

Какшаалдын Ак чийинде калың майдан:
Буркурап көтөрүлгөн асманга чаң.
Баатырлар бөлүп алып көп жылкыны
Узатып элден оолак жолго салган.
Тирешип, эки жактан кол беттешип,
Кайрылып салгылашкан албан-албан.
Көрүндү көп ичинде Жаңыл Мырза
Жаа тартып келе жаткан жайдак атчан...

Кысыкка дагдырылып колдун алды,
Жеңилип, кетенчиктеп келип калды.
Мөндүрдөй жаа жаадырып, ылдамдатып,
Кысыктан Жаңыл Мырза өтө салды.
Аңдоосуз чукул жерден камчыланып,
Жаңылды Абыл жетип чылбырлады.
Абылды ат үстүнөн соймокко ойлоп,
Канжарын сууруп Жаңыл даярданды.

Камынтпай кармамакка эл Жаңылды,
Кыйкырып, ураан салып, көп жабылды.
Абылды Жаңыл Мырза тааный салып,
"Аттиң ай!.. болбос, болбос" деди дагы.
Канжарын колдон таштап жаасы менен,
Талашкан чылбыр эркин атын тартты.
Болгонун аңгеменин көргөндөн соң,
Дырдыгып Жаңыл колу кайра качты.

Какшаалдын кыз кабыланы түштү колго,
Жайылган атак-даңкы оңго-солго.
Кордукта Жаңыл өмүрү чирисин деп,
Беришти бир карыга кылып олжо.
Көксөсү көптөн берки басылган соң,
Калың кол кайра карай тартты жолго.
Тарыхын аңгеменин баян кылып,
Согулду жомокчу жел зоодон-зоого...
IV
Кызыктык кучагында ойноп, күлгөн,
Өмүрдөн ал капарсыз өткөн күндөн,
Кабыланды камап койсоң кантер эле,
Кеңдикте, тоо-токойдо эркин жүргөн?..
Өмүрдүн бир мүнөтү жылдай болуп,
Күү менен өтпөс беле күңгүрөнгөн?
Капаста кабылан жанын кыйнабайбы,
Чакырып тоо-токою өсүп-өнгөн...

Эмеспи капастагы Жаңыл кабылан,
Жүрөгү эркин-тоого байланышкан,
Мүнөтү жылдай болуп муң-зар менен,
Күн чиркин өтүп жатты албан-албан.
Унутпай, ичтен жаттап Жаңыл жүрдү,
Махабат чындык сөзүн Түлкүгө айткан.
Бир топ жыл, сансыз күндөр, айлар өттү
Мурунтан кезектешип келе жаткан.

Капаста бири зардай күн өткөргөн,
Бириси кызыктыкта ойноп-күлгөн.
Дүнүйө жаралгандан бул күнгүчө
Тең баспас таразага негизделген.
Бир күнү кары жашы кеп кылышат,
Эсирип кур жайлоодо кымыз ичкен.
"Эриккен элге Жаңыл көрсөтсүн–деп,
Өнөрүн кыз кезинде кылып көргөн".

Эл сөзүн Абыл келип баян кылат:
–Жеңеке, сизден бир иш эл суранат,
Баатырдык өнөрүңдү көрсөтсүн дейт.
Ат минип, шайманданып, алып жарак,
Тартынбай, бар өнөрүң ортого сал,
Үлгү алсын жаш өспүрүм, жаңы талап.
Бириси жети адамдын кызыр деген,
Эр башы көпчүлүккө кул болгон шарт.

Эч жанга кул болбодум, болбой келдим,
Таптадым тирешкенди, бастым, жеңдим,
Кысыкта сен чылбырдан алганыңда,
Аядым, эл туткасыз калар дедим.
Токтотпой, эл колуна түшкөнүмдө,
Түлкүгө атап курбан чалар дедим.
Не чара ойлогонум орундалбай,
...Кабыландай капастагы кайгы жедим...

Кой деп айт, мындай колко эл салбасын,
Элиртип болбос жерден кыстабасын.
Капаста "эрк" сагынган мен бир туткун,
Ат минсем, кетеримди эсине алсын.
Кетүүгө бет түзөсөм, сендей эрлер
Майданда салмакташып, кан акпасын.
Махабат күүсүн күүлөй андан көрө,
Капазда Жаңыл жаны күйсүн, жансын.

Жаңыл шер, Жаңыл жолборс,
Жаңыл кабылан,
Жөн эмес ургаачылык сөзүн кылган.
Калпактай канжыгаңа бөктөрө кет,
Эр болсо белгилеген кандуу майдан.
Эр башы эр колунан кесилген жөн,
Өлгөнчө үйдө жатып тим ажалдан.
Ай, айдын оту бөлөк, эри бөлөк,
Бирок да чапкан сайын көз чыкпаган.

Жаралып жалгыз жанга баш ийбеген,
Мына бул алдындагы Жаңыл жеңең.
Замана миң жаңырып, миң түрдөнсүн,
Али да Жаңыл жеңет, жеңе жүргөн.
Жоргосун Шырдакбектин алдыма тарт,
Жаа менен кийимимди мурун кийген.
Майданда кеп жыйналган сынашалык,
"Эркектик", "ургаачылык" эмне экен?
V
–Өткөн күн жашыл жайлоо жери кандай,
Жайлоонун жалпак эскен жели кандай?
Жел менен сыр сырдашкан,
ыр ырдашкан
Өткөн күн эркин өскөн эли кандай?
Ок атар, кылыч чабар жер бар десе,
Дегдеген өткөн күндүн эри кандай?
Жаңылдын аңгемесин көрмөк болуп,
Жыйналган дегдегендин бири калбай.

Эл ичин эбак имиш аралаган,
Жаңылды качат го деп ой жоруган.
Майданда бир серпишмек кыял менен,
Күн мурун жаштын көбү даярдаган.
Кан менен сабырсыздык күтүп жатты,
Декилдеп жыйналган жаш жарактанган.
Көрүндү бешим ченде араң Жаңыл,
Эпкиндеп боз жоргодо келе жаткан.

Кадимки мурункудай калпы-салты,
Окшотуп шайманданган минген аты.
Үстүндө эр кийими, жарак-жабдык,
Топ элге келе сала Абылга айтты:
Саркыты илгеркинин калды бекен?
Кайын иним, тебетейиң асманга атчы!..
Ыргыткан тебетейди түшүрбөстөн,
Жаа менен Жаңыл удаа он беш тартты.

Түшүрбөй тебетейди кагып алып,
Абылга берди: "кий" деп, алып барып,
Караса: тебетейде түк төбө жок,
Тегерек түпкүч болгон, курбу калып.
Багындым, баракелде!.. деди да Абыл,
Мойнуна кулдук кылды чылбыр салып.
"Кош,кайним! Бизге уруксат
болгон чыгар!
Деп Жаңыл жолго түштү камчыланып..."

Келген эл эгеш менен куралданып,
Кыймылсыз, үнсүз, сөзсүз
калды аңкайып.
"Жаралган жумуру баштын
алды экен" деп,
Сөз кылды көпчүлүгү мактоого алып.
"Кап, сени... бир серпишпей"
деген болуп,
Өкүндү куру демдүүлөр санын салып.
"Бейбактан тукум албай, бекер кылдык"
Деп бир топ эл тарады арманданып...

Жан менен ким сүйбөсүн тууган элди,
Кир чайкап, киндик кескен тууган жерди.
Тууган эл, туулган жер эмдебейби,
Капазда пайда болгон кайгы-черди.
Күн-түндөп, учкан куштай канат ирмеп,
Тууган жер Какшаал-Тоого Жаңыл келди.
Какшаалда кара туман, калың кайгы,
Кызыктуу, жыргалдуу күн жок илгерки.

Сан-сан миң, түмөн-түмөн мал айдаган,
Санаасыз кымыз ичкен, бээ байлаган,
Кайгысыз, убайымсыз ойгут элин
Багынтып алда качан кытай алган.
Сыйпалын эл көркүнөн, мал көркүнөн,
Жылаңач жалгыз гана кур тоо калган.
Өзгөрүш үрөйү суук башты чатып,
Сыр сүйлөйт калың арман ...
Жаңыл аң-таң.

Какшаалды жел жапжалгыз эркин каптап,
Ый ыйлап, ырды да ырдап,
күлүп шак-шак.
Махабат чеңгелинен өлгөндөрдү
Сөз кылат, күүгө салып, атын жаттап.
Күзгүдөй сайдын тунук булактары
Үн кошот махабатты а да мактап.
Жел ыры, булак үнү толкундатат,
Махабат түйүнчөгүн жүргөн сактап.

Сайрандап өсүп, өнгөн жерди илгерки,
Аралап, ит агытып жүргөн жерди.
Бакандай төрт азамат көмүлбөстөн
Ачыкта калган жарга Жаңыл келди.
Төрт жерде жангазандай эрдин башы
Кагырап жаткан экен аркы-терки.
Ысык күн, жору, кузгун мүлжүп бүткөн,
Таанылбайт кимдин башы кайсы экени.

Чөмөлөп эр баштарын кагыратып,
Карады Түлкү башын ажыратып.
Айырмасы баштан баштын кайдан болсун,
Эбакы куурап калган күндө жатып.
Жаңылды тиричиликтен жатыркатып...
Эпкиндүү азоо жүрөк алсызданат,
Өмүрдүн эң акыркы күүсүн тартып,
Колго алып жар кездигин сактап калган,

Жаңыл ооу жалгыз жандан бет бакпаган.
Кул болгун, мойнуңду сун махабатка
Кол созгон талапкерге карматпаган.
Мына бул чөмөлөнгөн баш алдында
Актап кал чындык сөзүн Түлкүгө айткан.
Өмүрдү торко электен миң өткөзгөн
Тынчысын азоо жүрөк тим жатпаган.
Элөөсүз эбактан ээн жаткан жарды,

Мазардай түргө салды эр баштары.
Омолгон шум кара жер оңбосунда!..
Бүлкүлдөп соруп жатты жылуу канды.
Уңгучул куу топурак кактап болду
Денинен чыкканынча Жаңыл жаны.
Кагышкан эр баштарын жыйнаганга
Жел мактап махабатгы күүгө салды...
Ой чиркин... күн экенсиң өткөн заман,

Тамшанткан, такылдаткан,
таң калтырган.
Кийиктей эркин өскөн элиң кандай,
Кайгысыз, убайымсыз ыр ырдаган.
Бакыттуу бир күнсүң го түштөкүдөй,
Жаңылдай ири жандуу кыз урунган.
Ал өңдүү жыргал күндөр жылас болду,
Күңгүрөп долу комуз, муңкан, муңкан!..

Ой-пикирлер