Кирүү

Кара-Молдо

Кара-Молдо

"Ар бир күүмдүн айтып болгус тарыхы бар. Алар бир нерсеге багышталып чертилет".

Тээ күнгөй Ала-Тоосу кыйла кылымдардын чегеси сыяктанып, чалкая төшүн керет. Береги тентектене аккан кадимки "Сөгөттү" суусу. Анын атырыла алдас уруп агышынын өзгөчө сыры бардай. Дал ошол "Сөгөттү" суусунун аркы мандайындагы боз үйлөр Ороз дей турган орто чарбалуу дөңгө отурар комузчунун айлы.

Береги дөңдө орто бойлуу, нур жүздүү, кара сакалчан, болук карыя кабагын карыш сала, өбөктөй кандайдыр сырдуу күү чертип отурат. Жанында элейе тартып отурган кара тоголок, кетирекей мурун, жылаңайлак, жылаң баш бала күү деми менен учуп бараткандай кыймылда. Ал кээде карыянын оң жагына бир чыга калып өзүнчө элекчалек. Аксакал каадасынча карагай комузун бирде мунданта, бирде шолоктото чертип жатты. Акыры муун-жүүнү бошоп кетти көрүнөт. Көзүн сүртө, комуздан көзү өтүп отурган кара тоголок балага:

— Ме, балам, комуз чертилсе эле чыйпыйың чыгат. Кана эми, кыйратчу болсоң, кыйратчы. Комузун ага сунду.

— Эмне экен, черте албайт дейсиңби ... кетирекей мурун, кара тоголок карыядан комузду алды да, кыңгыратып чертти эле:

— Ии, балам, черт. Деле колдоруң Элтүү белем,— деди чал өзүнчө кубана.

Ансайын баланын манжалары комуз кылдарына жабыша калып, бир демеге окшоштурат. Аңгыча ар жактан колуна ак ыргай таяк таянып, кырк жеринен жамачыланган эски мата чалан кийген, жашы алтымыштардан ашып, жетимишке дам койгон ак сакал адам тигилердин жанына басып келди да: — Ии, Ороз, уулуң экөөң комуз чертишип отурган экенсиң. Ортоңор, толсун.

— Келиңиз, сиз менен бирге болсун.

— Ороз ордунан этек жеңин күбүнүп, орун бошоткондой таазим кылды.

— Жо-жок, отура бер! Мен, мындай эле отурам. Уулундун колу Элтүү, чертиши башка го... Оо, айланайыным ... бали, элде "Ата өнөрү балага" деген кеп бар. Атаң болсо дөңгө отурар комузчу... Сенден бирдеме чыкчуудай ...Бол балам, уялба, уялчаак адам киши болбойт. Ата өнөрүн үйрөнүп, элге жаккан эзели кем болбойт. Өнөрүңдү арбытканың жакшы, айнанайын. Ороз сага айтарым: билген өнөрүңдү Токтомамбеттен аяба. Берки Усуп, Дубаналар кандай?.. Алардын да бирдемеге шыгы барбы? Уулунун комузду жаны болсо жалынткандай сабалата чертип жатканына ичи эзиле отурган Ороз: — Билбейм, Алыке. Алар деле комузга кулактарын тосуп, мемиреп калышат. Ким билет? Кайсынысы комузчу, кимиси ырчы болорун... Бирок, үмүтүм бар. Элде "Карындагы баланын кан болорун ким билет" деген кеп бар эмеспи, Алыке. Баса, жанагы Усуп жамандын да шыгы бар.

— И, болсун, болсун... Сөзүңдүн жөнү бар. "Атага бала сынчы" дегендей, уулуңдун комуз кармап, кыл тырмап колунун шилтешине, басышына караганда бирдеме өнө турган өндөнөт, ботом... о, "Аргымактын асылы кулунунан байкалат" дейт...

Чал кара тоголок Токтомамбеттин тердепкургап комузду сабалата чертип жатканына кубана сүйлөй берди.

Токтомамбет да атасы менен Аалы аксакалдын сүрөөсүнө маашырлана ого бетер күчөнүп чалып жатты. Аалынын нускалуу кебине Ороздун чери жазылып, бою эрип кеттиби: — Оозуңузда бардыр. Айтканыңыз келсин! —деп, жиберди. Ороз менен Аалы аке салабаттуу комузчунун күүсүн угуп отурушкандай, кичинекей баланы телмире тиктешет. Токтомамбет быйыл жайда туура жетиге чыгат. Ал 1883-жыл Ысыккөлдүн Аксуусунда" азыркы Ысыккөл районунун Корумду айылында туулган. Бала комузчунун атасы Орозду айылдаштары "дөңгө отурар комузчу" дешет. Шабото тукумдары бир айыл. Аларга Ороз эртеликеч бирин-экин билген күүлөрүн чертип берет. Аталаш туугандары анын күүлөрүнө каниет кылышып, чаалыккан денелерин жазышат. Көңүлдөрүн сергитишет. Ороз агылыпсугулуп көп сүйлөбөгөн, калыбет, өз эмгеги менен жан баккан адамдарга ылайым жакшылык самаган, кең пейилдүү бир атадан жалгыз. Уулу Токтомамбеттин баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү, кыял-жоругу так эле атасы. Ороз Токтомамбетти кайда жүрсө да, кошо ала жүрөт. Ансыз өзү да айылга баспайт. Ороз акенин зайыбы тынымсейиттик Телгей сырткы сымбаты келишкен, колунан көөрү төгүлгөн ишмер, эзели бирөөгө катуу сөз сүйлөбөгөн пенде. Аны айып арасындагы абысын-ажындары, "Кыз жибектей созулган жеңем" деше турган. Ап болгону үч уул төрөптүр. Эң улуусу Токтомамбет, ортончусу Усуп, кенжеси Дубана экен. Токтомамбет эс тартып, Эл оозуна кирип калган маалында айылдык молдодон арабча окуйт. Көп кыйынчылыктар менен колу кат тааныйт. Анын баркы ого бетер көтөрүлөт. Айып ападагы ар жак, бер жактан келген жаштарды окуп берген тил катчы Токтомамбет каттарды "эжелеп" окуп бергенге жарайт. Ал кезде колу кат таанып, анча-мынча жаза билгендерди, өтө урматтоо менен эл "молдо" деп коё турган. Айылдагылар эми аны Токтомамбет дешпей, Кара-Молдо деп чакырышат. Бара-бара Кара-Молдо деген ысым да Эл арасына ылакап катары кеңири таркайт. Ал ат эмнегедир Элге жагымдуу угулду. Өткөн доордун каардуу күндөрү миңдеген карыптар менен кембагалдарды мүңкүрөткөндөй эле Кара-Молдону да мөгдөтүп, жүрөгүнө так салат. Кабыргасы ката элек жаш бала кедейчилик, жокчулуктун кесепетинен байдын малын багат. Жакырчылык аны айыл төбөлдөрүнүн оту менен кирип, күлү менен чыгууга аргасыз кылат. Бирок, ал канчалык көңүлдү чөгөргөн кыйынчылыкта жашаса да, колунан комузун түшүрбөйт, Кара-Молдо он экиге чыкканда "Калмак бий, "Эски күү" өндүү жана башка ондогон обон күүлөрдү чертет. Кадимки элдик дастан "Кыз Дарыйканы" айтат. Ал Манастын орошондуу обондорунун өзөгүндө "Каныкейдин арманы" деген ж.б. классикалык күүлөрдү да чыгарган. Аларда өткөн заманда эзилген калктын сайсөөгүңдү сыздаткан армандуу турмушу жана эркиндикке, бактаалайлуу доорго жетүүгө талаптанган үмүтү, тилеги кайрыктарда кайраттуу камтылган.

Кара-Молдонун репертуарында салт күүлөрдөн "Шыңгырамалардын" да кооз үлгүлөрү кеңири өнүккөн. Алсак, алар бирибирйнен музыкалык мазмуну, формасы түзүлүшү, күүлөнүшү жагынан айырмаланган. "Кырыштырма шыңгырама", "Сыздат шыңгырама" "Зар заман шыңгырама", "Сал моюншыңпырама", кийинчерээк "Салтанат шыңгырама", "Элкиндүү шыңгырама" деген "Шыңгырамаларды" чыгарган. Автор "Сыздат шыңгырамасында" армандары, муңзарлары ичтерине батпай, турмуштун оор запкыларын тартып, ичтеринен сызып жүргөн карапайым кедейлердин муңдарын сыпаттаган. Күү жай, орто жүрүштө аткарылат. Негизинен ал аралашма жана терип чертме ыкмалары менен штрихтеринде ойнолот. Жалпы турпаты, формасы ритмикалык жактан татаал, күтүлбөгөн сүрөттөргө бай. Күүдө кокусунан жолуккан белгилер да кезигет. "Сыздат шыңгыраманын" негизи обонду өнүктүрүү сонаталык формада түзүлгөн. Күүдө сыздоо, жактоо жаңырат. Автордун программасыз "Кырыштырма шыңгырамасы" да башка салт күүлөрүнөн түзүлүшү, обондук, динамикалык ж.б. көркөм каражаттары менен айырмаланат. Кара-Молдо элдик "Ботойлордун" өзөгүндө "Айда ботой", "Жумалак ботой", "Чаржайыт ботой" деген салт күүлөрдү чыгарган. Булардын биринин мазмуну айтылып (программалуу), экинчисиники айтылбай (программасыз) аткарылган. Маселен "Айда ботойдун" чыгышына төмөнкүдөй арман себепкер болуптур. Илгери Айда деген комузчу жашаптыр. Анын жалгыз уулу күтүлбөгөн жерден каза табат. Ошондо ал жалгызымдан айрылдым деп, күйгөн күйүттүн муңданганмуңун күүгө салыптыр. Ал бара-бара комузчуданкомузчуга өтүптүр. Кара-Молдо "Айда ботойду" өзүнө мүнөздүү ыкмада, штрихте, көркөмдүктө, түрлөнтө иштеп чыккан. Кара-Молдонун чертүүсүндө күү ылдам жана мундуу жүрүштө башталып, аягы бошоңку темпте бүтөт. Күүнүн жалпы турпатына үңүлсөк обонду иштеп чыгууда вариациялап өнүктүрүү кенен колдонулган. Ал эми автордун "Жумалак ботойу" тек гана түрүн көрсөтүү максатында программасыз аткарылат. Күү Элилдеген ылдам ачык басымдуу жүрүштө аткарылат. Ал Кара-Молдонун "Ботой" аттуу күүлөрүнүн ичинен эң бир мукамдуулугу, эң бир оргиналдуулугу.

Гармониялык жана ритмикалык жактан кызыктуулугу, ажардуу аткарылышы менен айырмаланат. Ал эми автордун "Чар жайыт ботойу" да программасыз келип, оюнпоздуу, шаттуу мүнөздөгү жүрүштө аткырылат.

Бул күү жалпы ыкмаларды, штрихтерди алуу, колдонуу жана башкы музыкалык киришмесинин башталышы жагынан "Сынган бугуга" үндөшөт. Пигаторлор болсо үстүңкү кылдардан келет. Ал эми форшлаг, морденттер башка күүлөргө салыштырганда өтө аз кездешет. Күүдө обонду иштеп чыгууда вариациялап өнүктүрүү элементи жолугат. Улуу музыканттын өздүк репертуарынан толгоо күүлөрүнүн төрт түрүн жолуктурабыз. Маселен "Чоң кертолгоо", "Келиндердин кертолгоо", "Суртолгоо", "Жаатолгоо" деген күүлөрү. Булар бири-биринен аткарылышы, бир позицияда чертилиши жагынан киндиктеш келишсе да, музыкалык обонду иштеп чыгуу, формалары жактарынан айырмаланышат. Алсак, "Чоң кертолгоо" бел күүлөрдүн позициясында ойлуу, салмактуу чертилет. Бир түрдүү обонду жана теманы варациялап өнүктүрөт. Күү аралашма, терип чертме өндүү ж.б. ар түрдүү ыкмалар менен штрихтерде аткарылат. Күүнүн кайрыктарында кубанычтуу жеңиш баяндалат. "Суртолгоо" болсо квартага күүлөнүп, бел күүлөрдүн позициясында жай, салмактуу кеңири басым жана флажолетталар менен башталып, бара-бара ылдамдатыла чертилет. Ал эми башкы темасы бир эле вариацияланып бүтөт. Ал эми "Жаатолгоо" күүсү квартага күүлөнүп, жаркын кайрыктар да, ойлуу шарттуу салмактуу чертилет. Өзүнүн туруктуулугу, музыкалык сүрөттөрүнүн терендиги жагынан "Насыйкатка" жиктешет. Күүдөгү рондо түрүндөгү элемент угуучулардын көңүлүн өзүнө тартат. Ал эми автордун "Келиндердин кертолгоосун" жалпы обондук түзүлүшү, теманы өнүктүрүү, өөрчүтүү, иштеп чыгуусу үч бөлүмдүү соната формасында курулган. Күүдө өтө эле ар түрдүү татаал ыкмалар менен штрихтер кеңири пайдаланылган. Ошону менен бирге алар ар кыл позицияларда чертилет. Кокусунан кезиккен белгилер. Форшлаг, морденттер да жолугат. Күүдө бир эле теманы өтө билгичтик, сезгичтик менен өнүктүргөн кайталангыс устаттык айкын байкалат. Ал эми күүнүн жалпы музыкалык мазмунун да адамдын кыйналган, кысталган турпатты, мүнөзү мундануурак чыккан кайрыктар да баяндалат. Мына ушундай автордун салт күүлөрү да сезимге байлыгы, терең ойлуулугу, ажардуулугу менен айырмаланат. Алар болсо калк арасына "Көңүл күүлөрү" деген ат менен тарайт.

Кара-Молдо элдик "Кербездердин" негизинде чыгарган салт күүлөрдөн "Бала кербез", "Жаш кербез", "Чоң кербез" деген күүлөрдү чыгарган жана черткен. Булар автордун айтымына караганда жергиликтүүэзүүчүтаптын өкүлдөрүнө каршы чыгарылган. Маселен "Бала кербез" менен "Жаш кербезде" байлардын балдары кедейлердин балдарын, кемсинте керсейишип, өзүлөрүн өзгөлөрдөн жогору коюшуп, кербезденген мүнөздөрүн баяндаса, "Чоң кербезинде" алардын ата-энелеринин, байманаптардын бой көтөрүшүп, теңирин таанышбай.

кедейлерди теңдерине алышпаган терс кулк-мүнөздөрүн сүрөттөгөн. Күүлөрдүн музыкалык мазмундарынан да терс адамдарга таандык көркөм каражаттарды туябыз. Кара-Молдонун күүлөрүндө жайдары күлкү, юмор, шылдың менен тамашанын ыргактары да көп кездешет. Куйкумдуу мыскылды өтө устаттык менен элдин жүрөгүнө жеткире билет. Күү кайрыктарынан да шаттуу күлкүнүн шаңы жаңырат. Анын жолдоштук шылдындоо, мыскылдоо мүнөзүндөгү жарпыңды жазуу үчүн чыгарылган "Такмаза", "Мас күйөө" аттуу күүлөрү чертилгенде күлбөгөн жан калбаган. Маселен ал "Мас күйөө" аттуу күүсүн чертердин алдында: "Илгери бир жигит Нарын суусунун наркы өйүзүндөгү айылдан колукту алат. Күндөрдүн биринде кайын эне, кайын атасыныкына учурашканы барат. Ал жерден аябай кымыз ичет. Ала күү мас болот. Күйөө жигит күрпүлдөп кирип турган Нарын суусун мастыгы менен кечип өтмөк болот. Күйөө баланын жеңелери: — "Суу кирип кетти. Бүгүн биздикине эле жатып кет. Кокустан сууга агып зыян болосуң? — дейт. Күйөө болбойт. Ошентип, мастыгы менен Нарындын суусун кечет. Анын калпагы сууга агып, өзү араң чыгат. Ошондо: "Ай балакет басып сууга агып кетпегей эле" — деп, күйпөлөктөп суу жээгинде турган жеңеси күйөө баласынын аман чыкканына бир чети кубанып, экинчиден шылдың, мыскылдоо катарында:

Тармал койдон кырктырган, Такыр жерге жыктырган Таза жакшы болсун деп, Кыз-келинге тыттырган, Чоң Нарындын суусуна Агып кетти калпагың" —

деген экен. Мына ошондон "Мас күйөө" аттуу элдик күү чертилип калыптыр. "Өзүм анын кайрыктарына кайрууларды улап, энеден кайра төрөлгөндөй көркөмдүктө иштеп чыгып аткарып жүрөм" — деп, Кара-Молдо баяндап черткен. "Мас күйөө" күүсүндө шылдындоону, тамашалоону таамай сыпаттаган кайрыктар жаңырат. Автордун "Такмаза" аттуу күүсүндө такмазалап эзген, кыйды, мазакчы адамдын кейпин тамашалоо, какшыктуу сүрөттөлгөн. Бул комузчунун башка чыгармаларынан алган темасы, музыкалык түзүлүшү, мазмуну жагынан бөтөнчө айырмаланат. Алсак, ал узак чертилип, бир эсе теманы вариациялап, түрлөнтө өнүктүрөт. Анда жаркын до мажор тональносту үстөмдүк кылат. Күүнүн бир кайрыгы менен экинчи кайрыгы кайымдаша айтышкансып аткарылат. "Такмаза" жалпы музыкалык түзүлүшү, толгонушу, күүлөнүшү жагынан автордун "Насыйкаты" менен үндөшөт.

Кара-Молдо салт, шылдындоо, тамашалуу күүлөрдү чыгаруу менен байманаптардын айткандарын "купилапбай" деп күнүнө төртбеш маал аягына жыгылган ач көз жанжөкөрлөргө карата "Кызыл чок" аттуу күүсүн да чыгарган. Күүнүн кайрыктарында көрүнгөн кедей щордуупарга кыргыйдай ткйген жана алардын жылтыраган буюмдарын тартып алуучу апкы бузук "кызыл чокторду" маскарапайт. Кара-Молдонун кайраттуу, шайыр жүрүштө аткарыпган "Кайра чап" аттуу залкар күүсүндө кедейпердин байпарга каршы көтөрүпгөн күрөшү, каршыпыктары чагылдырыпган. Күүдө кайраттуулук мол, үгүттөө мүнөзү терең, ошону менен бирге анын, кайрыктарында тамашалоонун, шылдындоонун илептери да жаңырат. Кара-Молдо Капал, Байгазы ж.б. шайырлардын күүлөрүн иштеп чыгуу менен бирге Бурулчадай атактуу темир (ооз) комузчунун чыгармаларын да атайын комузга салган. Ал "Бурулчанын ой селки" деген күүсүндө оюнпоздуу, шайыр жаштардын сейил куруп, көңүл ачканынан, айлуу түндө алты бакан салып, селкинчектепкен сайранын кабардайт. Аны залкар музыкант таң каларлыктай көркөмдүктө, оюнаой кошуп, иштеп чыккан. Улуу комузчуну элдик Эпостордун обондору да, кызыктуу сүрөттөлөр да, окуялары да кумарданткан. Ал баатырдык Эпостогу башкы каарман Каныкейдин обонун негизинде "Каныкейдин арманы" аттуу күүнү чыгарган. Оболу анын негизин түзгөн обон бир гана музыкалык темада өнүгөт. Ал эми ортоңку бөлүкчөсүндө экинчи тема өөрчүйт. Күүдө үч бөлүмдүү соната формасынын элементтери да таасын байкалат.

Кара-Молдонун элибиздин тарыхый турмушун камтыган күүсүнүн бири "Анжыян калкы". Анын өзөгү обондон алынган. Ап армандуу, мундуу болсо да мажордуу угулат. Элдик ырчылардай эле комузчулардын чыгармачылыктарында дидактикалык мүнөздөгү күүлөр да кеңири тараган. Кара-Молдо да санат, насыят, үлгү терме түрүндөгү күүлөрдү чыгарган. Автордун "Насыйкаты" тарыхый да, турмуштук жагдайдан да баалуулугу бар, Элге эң кеңири белгилүү жана сүйүктүү чыгарма. Аны угуучулар да өткөрө кумарлануу, терең кызыгуу, урматоо менен угушат. Күүнүн обону ак таңдай ырчылардын арасына кенен тараган речитативинен (сабатмалуу обонунан) алынган. Чыгарманын сандаган кайрыктарынын бири адамга акыл-насаат айтса, экинчиси келечектеги турмушка ой жүгүртөт. Үчүнчүсүндө жаңы замандан кабар алган элдердин сезимдеринин ойгонушу. Улуу комузчунун "Насыйкатынын" жалпы турпаты, жардамчы темалары 1928-жылы А. Затаевич Кара-Молдодон жазып алган "Кеңеш" деген күүсү менен окшошуп кетет. Бирок, автор "Насыйкатты" өзүнчө стиль, өзгөчө ыкма, бөтөнчө жаңы ыргак менен уккандар таң калгандай чеберчиликте иштеп чыккан" Ал (Кара-Молдо Б. А.) кандай гана күү чертпесин,— татаалбы, же жөнөкөйбү, же өзүнүкүбү, же өзгөнүкүбү, таланттуубу, же орточо музыканыбы — ал ар качан көркөмдүк бийик сезимге ээ болуп, музыкалык өнөргө ак ниеттүү жана көңүл ачуунун каражаты катарында караган эмес, адамдардын оюнун, сезиминин терең чагылышы катарында сезген. Кара-Молдо бул эстетикалык позицияларды декларациялаган эмес, алар анын сезиминен, музыканы кабылдоосунан ачык жана өзүнө-нөзү келип чыккан. ...Анын музыкасы, байыркы бир аңгемедей, жомоктой жайбаракат жаңы­рып, улуттук стили жагынан алганда эч кандай кемтиксиз". Кара-Молдонун кынтыксыз жана баа жеткис нагыз философияпык ойлордун ширөөсүнөн жаралган күүлөрүнүн көбү кыргыз Элинин өткөн турмушуна арналган. Анын бүткүл чыгармачылыгы калктын тагдыры, тарыхы менен байланышкан. Журттун башына түшкөн кайгыкапаны, кубанычты, сүйүүнү, катаал каатчылыкты, алааматты тең бөлүшкөн.

1916-жылы калайык түп көтөрүлө үркүндө Турпанга чейин барат. Көрбөгөндү көрүп, тартпаган азапты тартат. Бул болсо Кара-Молдонун жүрөгүнө өмүр бою өчпөй турган такты салат. Ал мезгилди кийин Кара-Молдо, эл Кытайга качты. Кымкуут, айтор билбейм, ызычуу, күрүгүү. Кимдиким билсин. Мен да ата-энемден адаштым. Төрт күнү жөө бастым. Кудай бетин салбасын, көрбөгөндү көрдүм бейм... Андай кыйынчылыкты адам баласынын башына түшкүлүк кылбасын?.. Андан көрө мына бу күүгө жакшылап кулак салып отур. Бу күүнү "Жөө калды" деп коёт. Мында көргөн кордугум, тарткан азабым толук баяндалган" —деп, эскерип, бул салтардын авторуна "Жөө калды" аттуу күүсүн аткарып берген. Муңканган кайрыктардагы комузчунун "Жөө калдысы" аткарылып жатты. Менин көз алдыма аягы апан, башы сапан болуп, арыпачып, тентиреген жакыр элдин муңу тартылат. Комуз ансайын өпкөлөп көөдөнүнөн күйүттү төгөт. Дал ушул күү тымтыракайы чыккан кыргыздардын тарыхый күбөсү сыяктанат. Күү мунданган сайын сайсөөгүң сыздап, буркурап боздогуң келет.

1917-жылы жергебизде пролетариаттын Улуу көсөмү Б. И. Ленин жетектеген Октябрь революциясынын таңы атканда Кара-Молдо да чаалыккан, чарчаган эл менен 1918-жылы Атбашыга келип, байыр алып туруп калат. Ал жерде эки-үч жылча жашайт. Жаңы заманды бардык карапайым калктардай эле ал дагы зор кубаныч менен тосуп алат.

Улуу Октябрдын жеңиши анын өмүрүндө болуп көрбөгөндөй чыгармачылык кубатты, шыкты жаратты. Советтик бийлик Кара-Молдонун аң-сезимин, чыгармачылык кыялдануусун түп-тамырынан бери өзгөртүп жаңыча жашоого, жаңыча иштөөгө шыктандырды.

Элдик комузчулардын ичинен Кара-Молдо биринчилерден болуп улуу жолбашчыбыз Ленинди, коммунисттик партияны даңктайт. Автор "Жетекчибиз Ленин" деген күүсүндө Владимир Ильичтин аталык камкордугу астында кыргыз эли чар тарабы чалкыган, гүлдөгөн мекенге айланганын баяндайт. Өзгөчө күүнүн мукамдуу кайрыктарында калкыбыздын жана автордун улуу генийге болгон чексиз сүйүүсү, зор ишеними кеңири сүрөттөлөт. Бул күүсүндө комузчу өз оюн, залкар кайрыктар аркылуу мукамдуу, эң жогорку көркөмдүктө чечкен.

Жаш Советтик Кыргызстандын күндөн-күнгө күч алып өсүшү, өкмөт менен партиябыздын көп улуттуу мекенибизди дүйнөдөгү эң

кубаттуу, гүлдөгөн өлкөгө айландыруу үчүн көргөн аталык камкордугу, алдыга койгон талаптары атактуу Кара-Молдону мурдагыдан дагы белсемдүү эмгектенүүгө, ар бир мезгилдин талабына татыктуу, доорубуз менен үндөшкөн жана салтанаттаган бийик мазмундагы чыгармаларды жаратууга чакырат. Ал эми Улуу Октябрь революциясына чейин өз элинин арманын, теңсиздигин, муңкайгысын камтыган чыгармаларды жараткан Кара-Молдонун эмки негизги темасы — жаңы турмуш, эркин эмгек, Коммунисттик партия болду. Комузчунун күүлөрү мурдагыдан шаңдуу чыгып, эркин доордун шаңын баяндоого өтөт. Автор Совет бийлигинин алгачкы жылдарында "Ибарат" аттуу күүсүн чыгарат. Анда элибиздин асыл сезими, мүдөөсү, тилеги, шаттыгы, камтылган. "Ибарат" түркүмү жана түрү жагынан санат күүлөрүнө кирет. Күүнүн өзөгүн шайыр, шандуу мүнөздөгү бий менен тарателланын шартылдаган ритмдери түзөт. Кара-Молдо негизги обонду бара-бара кеңейтип, ладды татаалдаштырат жана секвенциялык жүрүштөрдү, андан соң автор атайын кайталоолорду колдонот. Аларга устаттык менен кыска кайрыктардын бөлүкчөлөрүн киргизет. Булар болсо күүнүн жалпы маңызына жаркындыкты жаратып, уккулуктуулугун арттырган. Ар түркүн ыкмалар менен штрихтерди алууда автор оң колдун бардык мүмкүнчүлүгүн пайдаланган. Кара-Молдонун чыгармачылык жүзү, табыйгый шыгынын күчү да дал ушул күүсү аркылуу көрүнгөн. Улуу музыканттын түрү жагынан санат, насыят күүлөрүнө кирген "Ал сабак" аттуу терең мазмундуу, программалуу күүсүндө жаштарды советтик доордон, турмуштан сабак алууга чакырат. Адептүү, тартиптүү, кичи пейил, сылык өсүүгө үгүттөйт. "Ал сабак" аяк күүлөрдүн поэзияциясында, "Шыңгырамалардын" толгоосуна буралып чертилет. Ал эми бүткүл музыкалык түзүлүшү ыкмалар менен штрихтерди колдонуу жагы да "Шыңгырамалар" менен тектешет. Ал жай, салмактуу, ойлуу жүрүштө, тональпосттун өзгөртүп, өөрчүтүп, түрлөнтүп чертилет. Кара-Молдонун Октябрь революциясынын алгачкы жылдарында чыгарган "Кайра качпа" аттуу күүсүндө жаңы доорду курууга бөгөт болгон кара ниет жергиликтүү бай-манаптар менен, "тартынбай салгылашкыла" — деген жалындуу чакырык жаңырат. Ал бел күүлөрдүн позициясында аралашма, терип чертме өңдүү ыкмалар менен штрихтерде чертилет. "Кайра качпада" кайраттуулук, демилгелүүлүк, тартынбастык, тайманбастык үстөмдүк кылат. Күүнүн музыкалык тили, ою, ачыкайкын жана ажардуу. Кара-Молдо жаркын кайрыктагы күүлөрдү чыгаруу менен туулуп өскөн жеринде жаңы заманды курууга да активдүү катышат. Ал "Корумдуда" айылдык Советтин төрө агасы болуп иштеп, кулактарды тап катары жоюуга, элди колхоздоштурууга чакырып, үгүтнасыят жумуштарын жүргүзүшөт.

1928-жылы республиканын Эл Агартуу комиссариатынын чакырыгы боюнча Кара-Молдо Фрунзеге келет. Көрсө, Москвадан келген атактуу музыковедэтнограф А. В. Затаевич күүлөрүн нотага түшүргөнү чакырыптыр. Ал жалгыз гана Кара-Молдону эмес, элибизге өнөрү менен таанылган атактуу ырчы, комузчуларды бүт жыйна­тыптыр. Шаардан өзүнүн устаты Муратаалы, улуу демократ акын жана айтылуу комузчу Токтогул, белгилүү кыл кыякчы Жолой жана башка шайырлар менен жолугушат. Кара-Молдонун өнөрү жөнөкөй угуучуларды гана эмес, Токтогулдай укмуштуу устаттарды да таңдантат. Ал залкар чебердин күүлөрүн кунт коё угуп: "Ыр бизде, күүлөр силерде экен",— деп суктанат. Токтогул бул жерде Кара-Молдонун тубаса шыгын белгилөө менен ал өсүпөнгөн аймакта караандай кайрыктары менен терең ойду түшүндүргөн залкар күүлөр кеңири жана күчтүү өнүккөнүн айткан. Көрүнүктүү музыковед А. Затаевич Кара-Молдонун 20дан ашык классикалык күүлөрүн нотага түшүрөт. Анын ар бир күүсүнүн сырын чечмелеп, аткаруучулук чеберчилигине, өткөрө музыкалуулугуна куштарланат. Өзгөчө ал Ороз уулунун оор-басырыктуулугун, өзүнүн кесиптештеринен бөтөнчө айырмаланганын, бой көтөрбөгөнүн, өтө эле жөнөкөйлүгүнө тандана: "Ал (Кара-Молдо Б. А.) өзүнөн жазылып алынган күүлөрүнүн автору менмин деп эч жерде белгилеп айтпаган жана күүлөрүнүн атына өзүнүн ысымын коюучу эмес. Ал эми анын кесиптеш жолдоштору, адат боюнча бул же тигил күү, меники деп айтыша турган",— деп баса белгилейт. Чындыгында эле Кара-Молдодо адамдарда, айрыкча шайырлардын арасында өтө сейрек учурай турган асыл сапаттар, кереметтүү касиеттер мол болгон. Ал башка ырчылардай, комузчулардай ж.б. ырдаган ырларын же черткен күүлөрүн "меники", "мен чыгаргамын" дечү эмес. Ондогон классикалык күүлөрдү өзү чыгарып, өзү чертсе да "күү элдики, биз аткаруучубуз" дечү. Ал бул айткан сөзүн өмүр бою өзүнүн урааны жана чакырыгы катары кармайт.

1931-жылдын башында атактуу айылдык комузчу Кара-Молдо Фрунзеге чакыртылып, Кыргыз драма театрында артист катары иштей баштайт. Мына, эми анын өмүрү, чыгармачылыгы калың калк менен! Анын алдындаталыкпай эмгектенүү, чыныгы чыгармачылыкта изденүү турду. Элдик музыкабыздын сыймыгы Муратаалы, Калык, Осмонкул, Саякбай, Шаршен, Молдобасан, Адамкалый, жана башкалар менен бирге Кара-Молдо да иштеп, элдин кубанычын даңктайт. Алардын бири айтылуу алым сабак менен жүрөктү өрттөгөн ашыктык ырларын ырдашса, экинчиси күлбөгөндү күлдүргөн куйкум сөздүн атасы, үчүнчүсү созолонто темир комузду какса, дагы бирөөлөрү элди кумарланта таң атканча "Манас" айтат. Комуз менен кыл кыяк да кошо жарыша алардын шаттыгына шаттык кошот. Кара-Молдонун ысымы да заманына жарашып, мезгил илгерлеген сайын сыймыктуу аталып, күүлөрү калың калктын катмарына терең сиңет. Ал карапайым советтик элдин кайнаган жеринде болуп, күү кайрыктарын алар менен тең бөлүшөт. Ал жаркын жаңы чыгармалардын төрөлүшүнө бүгүнкү турмуш кандай шык, кубат бергени жөнүндө: "Биздин турмуш ачык жана кубанычтуу. Ал чыгармачылык үчүн түгөнбөгөн булак. Мен ар түрдүү элдик күүлөрдөн жаңы ритмдерди таап, жаңы мазмундарды кошуп "Салтанат шыңгырама", "Колхоз Камбарканы" аттуу чыгармаларымды жараттым. Бирок, алар­да жаңы мотив менен жаңы ритм жана социалисттик курулуштун арымдуу темпи чагылдырылган", — ("Советская Киргизия" газетасы, 1936-жыл, 2июнь) деп жазган. Автордун айтканындай эле чакырык түрүндөгү "Колхоз Камбаркан ", "Терме Камбаркан", "Колхоз куралы", "Салтанат шыңгырама", "Элкиндүү шыңгырама" деген классикалык күүлөрүндө элдин жалпы отурукташууга, биргелешкен чарбага айландырууга үгүттөгөн. Кара-Молдо булардын өзөгүнө эзелки "Камбаркан" менен "Шыңгыраманын" мотивдерин алган. Бирок, ар бир күүсүнүн маңызына жараша нагыз чыгармачылык изденүү менен түптамырынан бери түрлөнтүп иштеп чыккан. Автордун ар бир күүсүнө көркөмдөп кошкон жаңы кайрыктары мезгил менен үндөшүп, угуучулардын сүйүктүү чыгармаларына айланат. Кара-Молдонун жаңы күүлөрү мазмуну менен гана өзгөчөлөнбөстөн, ички музыкалык көркөм каражаттарынын байлыгы, ыкмалар, штрихтердин ар түрдүүлүгү, жаңылыгы менен айырмаланат. Маселен автордун "Терме Камбарканы" салмактуу, ойлуу жүрүштөрдө аткарылат. Күүдө үч бөлүмдүү форма кеңири өнүктүрүлгөн. Ал гармониялык жактан да кызыктуу иштелген чыгарма. Совет доорунда чыгарылган күүлөрдүн ичинен "Терме Камбаркан" музыкалык мазмунун терендиги, оюнун кенендиги менен айырмаланат. Күүнүн жалпы музыкалык маңызынан, жайдары кайрыктарынан эмгек шаңы ачыкайкын элестетилген. Ал эми "Колхоз Камбарканы" аттуу күүсүнүн өзөгүн төрт тактылуу обон түзөт. Бирок, аны автор ар кандай өз алдынча бөлүктөргө, ыргактарга, ритмдерге бөлүп, түрдүү узактыкта, түркүн мүнөздө, жүрүштө, түстө устаттыкта бере билүүгө жетишкен. Алар күүнүн жалпы маңызын байытып, угумдуулугун арттырып, көркөмдүүлүгүн көтөргөн. Бул күүнүн кайрыктарын да демилгелүүлүк, шайырдык, шаңдуулук өкүм сүрөт. Кара-Молдонун элдик "Шыңгырамалардын" толгоосунда, чыгарган "Элкиндүү шыңгырамасында" жаңы ыргак, жаңы кайрыктар менен бүгүнкү күндүн алптарын даңктайт. Күүдө Элкиндүүлөрдүн шаңы, жайдары жаркын кайрыктарда өтө устаттыкта, мукамдуу берилген.

Карамоддонун терең кадырлоо менен черткен күүсүнүн бири — "Бешик күүсү". Анын өзөгүнө элдик "Бешик ырынын" обону алынган. Терең энелик мээримге жык толгон арноо күүсүндө, автор жаңы заманда төрөлгөн наристелердин бактылуу турмушун, оюнкүлкүлөрүн, шайыр мүнөздөрүн чагылткан. Күү жай, салмактуу жүрүштө башталат да, ылдам темпте аяктайт. "Бешик күүсү" жалпы музыкалык түзүлүшү жагынан "Ибаратты" эске салат. Улуу күүчүнүн "Бешик күүсү" комуз музыкасынын тарыхында атайын балдар үчүн чыгарылган чыгармалардын тунгучу. Ойчул комузчуну ар дайым жаратылыштын сулуулугу, келишимдүү келбети да суктандырган жана кызыктырган. Ал өз-үчүн андай кумарлануусун табыйгаттын кол менен жасап койгондон кооздугун маламдуу кайрыктарга бай "Үч коо" аттуу күүсүндө ажарлуу сүротоп. берүүгө жетишкен. Анда шаңдуулук, шайырлык менен бирге сүрөгтөө, баяндоо мүнөзү басымдуулук кылат. Автордун "Үч коо" күүсү жалпы музыкалык теманы өнүктүрүү, өөрчүтүү жагынан "Кызыл чок", "Бурулчанын ой селки" деген чыгармаларына түспөлдөшүп кетет. Кара-Молдонун татаал кайрыктардагы "Сарыбарпы" күүсү алгач орто темпте башталат да, бара-бара ылдамдатылган жүрүшкө өтөт да, ал чыгарманын аягына чейин сакталат. Күүдөгү обондук данек темалардын агымына жараша өзгөрүп өөрчүп турат. Ал үч бөлүмдүү формага өтөт. Кара-Молдонун "Сары барпысы" жүрөктүн түпкүрүнөн кайнап чыккан канаттуу чыгарма. Бул Токтогулдун "Сары барпы", "Турумтай", "Аккуу", "Армандуу чымчык", Атайдын "Ак тамак, Көк тамак" деген арноо күүлөрүнөн мазмуну, көркөмдүгү, тарыхы жагынан бөтөнчө өзгөчөлүп турат. Ырас, автордун "Сары барпысы" Атайдын "Ак тамак, Көк тамагы" менен жалпы музыкалык курулушу (түзүлүшү) жагынан анчамынча болсо да тектешип, жиктешип кетет. Жогоруда аталган арноо күүлөрүнүн көпчүлүгү тамсил түрүндө чыгарылса, Кара-Молдонун "Сары барпысында" эркиндикти адам эмес, жанжаныбар макулук да сүйө тургандыгын баяндайт. Анда колхоз багында учупконуп безелене тил каткан "Сары барпы" аттуу чымчыктардын сайрагандары тууралган. Күүнүн ыргагында "Сары барпылардын" мукамдуу сайраган добуштарынын (үндөрүнүн) сүрөтү элестетилет. Кара-Молдонун бул күүсү да угуучуларга терең ырахаттанууну берген, жаркын чыгармаларына айланат.

Кара-Молдонун канаттуу чыгармалары театрдын босогосун аттаган күндөн калк катмарына кеңири тарап угуучулардын жүрөгүнөн түнөк табат. "Мен — деп, айткан бул салтардын авторуна Ыбырай Туманов — айтылуу Кара-Молдо менен көп жылы бирге иштешип, бирге жүрдүм. Концерт коюп, Кыргызстандын чар тарабын бүт кыдырганбыз. Ошондогу Кара-Молдону эл кандай кастарлап тосуп алышканын жана күүлөрүн кандай асылдануу менен уккандарын өз көзүм менен көрүп, кыргыз калкынын өткөрө күү жандуулугуна түшүнгөмүн. Бир жолу Тяншанга оюн коюп барып калдык. Ошондогу бир окуя алиге чейин көз алдымдан кетпейт. Ал мындайча болгон эле. Кезектеги концертибизди ачык асмандын, көк майдаңдын үстүндө коюп жатканбыз. Бир убакта чайыттай ачык көк асманды заматта кара булут каптап, нөшөр куюп келсе болобу. Айла кетип концертти боз үйдүн ичинде берүүгө туура келди. Эл ушунчалык көп. Кезек Молдокемде. А киши калктын как жүрөгүнөн конуш тапкан "Сынган бугусун" чертип жаткан эле. Ошондо жаанды жаан дебей жабалактап турган эл, боз үйдүн үзүк туурдугун жыртып, Молдокемди көрүүгө ашыгышты. Мындай окуя Атбашыда да болгон. Ал эми Молдокем беш манжасынан беш бөлөк кубулжуган добуш чыгара күү черткенде, эл кулак түрүп уга берип, таңдын кандайча агарып атканы менен күндүн. кандай кызарып батканын да билбей калышчу. Кээ бир убакта казанга салынган эттин сорпосу соолуп, чык калбай калган күндөр да көп болду. Молдокем комузун элге каалашынча эрикпей черте берүүчү. Баса, Кара-Молдо оюн коюп келе жатат деген кабар айылга угулганда, такалуудан тай калбай, түп көтөрүлө желек менен тосуп алышчу. Мындай көрүнүш Балыкчынын Акөлөң деген жеринде да болгон.

Молдокемдин өңүн көрбөй, грамппастинкалардан күүсүн уккандар, "Кара-Молдо кандай киши, бу дүйнөдө артыкча жаралып калган го, атайы эле комуз үчүн төрөлгөн го дешчү"...

1935 жылы өкмөт тарабынан Кара-Молдонун залкар чеберчилиги жогору бааланып, ага Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардактуу наам берилет. Бул болсо аны баштагыдан дагы эки эселеген чыгармачыпык эргүү менен эмгектенүүгө шыктандырат.

1936-жылы Кара-Молдо драма театрынан өзүнүн кесиптештери менен жаңыдан ачылган Кыргыз филармониясына которулат. Ошол эне жылы Мамлекеттик эл аспаптар оркестри уюштурупат. Жаңы коллективдин негизин элдик музыканттар Муратаалы, Кара-Молдо, Калык, Ыбырай, Молдобасан, Чалагыз, Атай, Муса ж.б., шайырлар түзөт. Булардын биринде да музыкалык сабат болгон эмес. Алар чыгармаларды угуу, эсте тутуу менен ойношкон. Көрүнүктүү дирижер жана композитор П.Ф. Шубин оркестранттарга аткаруучулук чеберчилигин арттыруу максатында карыжашына карабай элементарлык музыкалык сабатты окутат.

Кара-Молдонун музыкалык сабатты өздөштүрүшү, оркестрде өзүнүн чыгармасын ойношу, күүлөрүнүн аспаптык топторго которулушу, СССР элдеринин ырларын, чыгармаларын оркестрде аткарышы, дүйнөлүк классикалык композиторлордун ар түркүн жанрдагы чыгармаларынын кооз үлгүлөрүн угушу, Москвада жана башка шаарларда, айылкыштактар да гастролдордо болушу, анын музыкалык аң-сезимин ар тараптан байытып, доордун агымына, талабына айкалышкан жана элдик музыкабызда такыр болбогон жаңы интонациялардын, ритмдердин жаралышына кеңири жол ачат. Айрыкча Кара-Молдонун СССРдин композиторлор Союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынышы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышы (1939-ж.) өлкөбүздүн борборунда өткөрүлгөн эл аспаптарда ойноочулардын Бүткүл Союздук биринчи кароосуна катышып экинчи орунду жеңип алышы, СССР композиторлор Союзу уюштурган обончу аспапчыпардын курсунда окушу, орустун атактуу композиторлору Гпиэр, Прокофьевдер менен таанышы, анын алдына жаңы талаптарды, жаңы максаттарды коёт. Ачык айтканда жаңы музыкалык көркөм каражаттарды издеп, элге, өзү жашаган доорго татыктуу жаркын чыгармаларды жаратуу үчүн чын ыклас менен киришет.

1941-жылы өлкөбүзгө немецтик фашисттер капысынан кол салат. Бардык советтик искусство кызматкерлериндей эле кыргыздын бүткүл өнөр чеберлери, ошонун ичинде Кара-Молдо да, немецтик баскынчыларды талкалоого, мекенди, элди кашык каны калгыча коргоого чакырган концерттерге активдүү катышат. Кара-Молдонун күүлөрү кан майданга аттанып жаткан жоокерлердин жана жеңиш үчүн күн, түн дебей күжүрмөндүүлүк менен эмгектенип жаткан кол­хозчулардын, жумушчулардын арасында такай таңшыйт. Аларды дагы талыкпай иштөөгө душмандар менен тартынбай салгылашууга чакырып, күчүнө-күч, жеңишине-жеңиш кошот.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында өлкөдөгү оор кырдаалда элибиздин бир тууган союздук республикалар менен болгон маданий, музыкалык байланыштары карым-катыштары күчөп, баштагыдан дагы биримдүү, мурдагыдан дагы ынтымактуу болот.

1942-жылы Фрунзеде, 1944-жылы Ташкентте Орто Азия жана Казакстан республикаларынын музыкалык декадалары өтөт. Бул он күндүктөрдө Кара-Молдонун комузу да өзгөчө назиктүүлүктө, айрыкча ажардуулукта таңшыйт. Адаттагыдай эле анын күүлөрү да, угуучулардын кастарына алынат.

1945-жылы 9майда немецтик фашисттердин таш талканы чыгып, күлү асманга сапырылат. Өлкөбүздө Ааламды таң калтырган улуу жеңиштин салтанаты жаңырат. Баатыр совет эли согуштан бүлгүн болгон айыл-кыштактарды, шаарларды кайрадан калыбына келтирүүгө жабыла аттанышат. Кан майданда жапа тарткан жергебизде шандуу эмгек, шайыр күлкүнүн симфониясы кайрадан жаңырат. Андай санжыргалуу элдик шаңга Кара-Молдо толкундана "Жаңы доор" деген күүсүн арнайт. Авторду айрыкча күн санап гүлдөөнүн, өнүгүүнүн жолуна түшкөн мекенибиздин байлыгы, калкыбыздын кайратман эмгеги, залкар жеңиштери кубантат. Күүдө турмуш ыракаты, көңүл куунактык, демилгелүүлүк, шайырдуулук терең сезилет.

1948-жылы Кара-Молдо Москвада өткөн СССР композиторлор союзунун биринчи съездине делегат, ал эми 1957-жылы кыргыз комузчуларынын ичинен алгачкы жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин үчүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланат. Ал бул элдик зор ишенимди, урмат-сыйды калк алдында актоо үчүн жан аябай эмгектенет. Алсак, ал "алтын" колдуу пахтакерлердин кайратман эмгектеги эрдиктерине толкундана "Терим күүсүн" арнайт. Күүдө эки колу тең иштеген айтылуу теримчилердин күрдөөлдүү эмгектери, жайдары, шайыр кайрыктарда мукамдуу баяндалат. Баса, бул жерде айта кетүүчү бир сөз: Кара-Молдо ырда жаза коюучу экен. Ал бизге кийин гана белгилүү болду. Молдокем негизинен коммунисттик партия, мекен, эмгек, тынчтык жөнүндө жана насыят, терме ырларын жазыптыр. Алардын көркөмдүк деңгээли чыныгы поэзиянын бийиктигине көтөрүлө албаса да, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө тарткан. Айрыкча автордун чыгармачылыгын илимий жактан изилдөөдө ал ырлар баалуу материал болмокчу.

Кара-Молдо "өз үйү, өлөң төшөгү" болуп калган филармонияда 1954-жылга чейин иштейт. Кыргызстанда ал аралабаган айыл, ал ашпаган ашуу, ал кечпеген кечүү да калган жок. Ошондой эле анын күүлөрүн асылдана укпаган бир да кыргыз жокко дейбиз. Кара-Молдо ардактуу өкмөттүк эс алууга чыкса да, 1958—60-жылдары Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө педагог да болуп ишейт. Шыктуу жаштарга ко­муздан сабак берет. Ал окуучуларына байыркы аспаптын көмүскөдөгү терең сырын, бай өнөр тажрыйбасын калтырыш үчүн бүткүл күчкубатын жумшайт. "Аракет кылсаң берекет" дегендей элдик композитордун аракети текке кетпеди. Далай жаштарыбыз Молдокемден таалим алышат.

Жаш улгайып, карылык белден баскан сайын ал чымыркана эмгектенип, күү артынан күүнү чыгарат. Бактылуу элдин улуу комузчусу 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи он күндүгүнө да эң жакшы даярдыктар менен барып, жеңиштүү кайтат. Ал декада күндөрүндө борбордун угуучуларына өзүнүн акыркы жылдарда чыгарган "Дүнүйө", "Көңүлүм", "Эл тилеги тынчтык" деген классикалык күүлөрүн тартуулап, алкоого алынат. Кара-Молдонун 50-жылдардын аягында чыгарган күүлөрүнүн бири — "Эл тилеги — тынчтык". Күүдө дүйнөдөгү тынчтыктын тиреги, жарчысы болгон көп улуттуу советтик калктын бейпилдик жөнүндөгү тилеги, күрөшү баяндалган. Айрыкча анда

Ой-пикирлер