Кирүү

Камбаркан

Камбаркан -кыргыздагы эски салт күү. Эл арасында күүнүн башы "Камбаркан", Камбар болсо комузду адеп ойлоп таап, тунгуч күү чыгарган киши деп айтылат. Чындыгында Камбар арабчадан келген ат, араб уламышындагы легендалык жылкычы жана музыкант. Камбардын кыргызда жылкынын пири деп, түркмөндө ыр күүнүн пири деп айтылышы да ошол араб уламышындагы каармандардын ысымы менен байланыштуу болушу ыктымал. Камбаркандын өз буроосу, өзүнө гана тиешелүү күүлүк мотивдери (кайрыктары) бар. Ошол кайрыктардын нугу менен ар бир комузчу өз "Камбарканын" чыгарган. Буга Күрөнкей , Муратаалы, Ниязаалы сыяктуу комузчулардын "Камбаркандары" мисал. Алардан тышкары "Эски Камбаркан", "Чоң Камбаркан", "Малчылардын Камбарканы" дегендей түрлөрү бар. "Камбаркандын" бир нече түрү (же варианты) А.В.Затаевич жана В.С.Виноградов тарабынан нотага түшүрүлгөн. Кыргыз радиосунун музыкалык берүүлөр редакциясы тарабынан ар кыл комузчулардын жана эл аспаптар оркестринин аткаруусунда жазылып алынган. Кыргыз музыкасынын онтологиясына киргизилген.

Ой-пикирлер