Кирүү

Калыгулдун сөзү

Көгүчкөн учаар жем чыкса,
Көк тулпар чуркаар тер чыкса.
Көңүл тынаар көпчүлүк
Көзгө токтоор эр чыкса.
Көөрүктүн оту тутанбайт,
Күн жагынан жел чыкса.
Көч жүрө албай токтолот,
Көз учкан бийик бел чыкса.

Аңдышпай койбойт абысын,
Ак шумкар карайт чабытын.
Аларман ууру көз салаар,
Адырмак тоонун жыбытын.

Кара куш карайт кардына,
Кара жемсөө азамат
Кайрылбайт жакын-баарына.
Коңгуроо такса жарашат,
Койкойгон кара нарына.
Жортуулчу түшөт жолуна,
Кайраты бар эрендер
Карагай найза кармаган
Карыштырып колуна.
Кара жемсөө жигиттер
Канча бүлүк болсо да,
Кайрылбайт экен тобуна.
Уй бул болоор,
Кул бий болоор.
Тоо токол болоор,
Талаа токой болоор.
Токол байбиче болоор.
Аяк адам баш болоор,
Баш адамдар пас болоор,
Ушундай кызык иш болоор.
Тегиз жерден тегирмен чыгаар,
Тексиз жерден бий чыгаар.
Алка жака салынган кийим чыгаар,
Акча кагаз бул болуп, тыйын чыгаар.
Айылын жоодой аңдыган жыйын чыгаар.
Атасынан баласы кыйын чыгаар.
Этеги жок чапан чыгаар.
Эң кийинки баласы тапан чыгаар.
Эри менен тартышса
"Элде эркек көп" деген аял чыгаар.

Ой-пикирлер