Кирүү

Какен Алмазбеков. Баракелде

Жыгылам деп ээрдин кашын кармаган,
Адамдар бар атка мине албаган.
Космос минип Ай ааламды айланып,
Коркпой жүргөн Гагаринге таң калам.

Катуу жүрүп калдыраса араба,
Катүгүн деп корккондор бар ага да.
Баатырлардан баатыр болуп жаралган
Баракелде Гагариндей балага.

Ой-пикирлер